Өмүрбек Текебаев: «АТАМБАЕВ ДА БИРӨӨНҮН БАЛАСЫ, АЛ КЫЛГАН КЫЛМЫШЫНА ГАНА ЖООП БЕРИШИ КЕРЕК»

Абактан үй камагына чыккан Өмүрбек Текебаев 1-сентябрда өзү туулуп-өскөн Базар-Коргон районунун Акман айылына барды. Апасы, туугандары, айылдаштары менен учурашкан саясатчы эртеси жердештери менен жолугушуу өткөрдү. Башкы «ата мекенчинин» жолугушуудагы сөзү адаттагыдай эле жалындуу жана талкуу жараткан сөздөр болду.

«АТАМБАЕВДИН САЯСИЙ ТУТКУН БОЛУШУН КААЛАБАЙМ»

Буга чейин «Текебаев түрмөдөн чыкса аны каматкандардан өч алат» деген сөздөр айтылып жаткан. Адилетсиздикти жон териси менен сезип, ак жерден соттолуп кеткен адам катары ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саясий туткун болушун каалабай турганын билдирди.

– Убакыт өтүп Атамбаевдин бүт планы ашкере болду. Үстүнөн 14 иш козголуп, бүгүн камакта отурат. Бирок мен өзүм зордук-зомбулуктун, мыйзамсыздыктын курмандыгы болдум. Бүгүнкү бийлик Атамбаев шектелип жаткан кылмыштарды иликтөөдө мыйзамды сактап, кылдаттык менен тергеп, эл алдында ачык сот жүргүзүшү керек. Эгер анын күнөөсү жок иштер болсо, кыскарышы кажет. Күнөөлүү болсо, мыйзам алдында жооп бериши керек. Ал дагы бирөөнүн баласы. Кылган гана кылмышына жооп берсин,- деди Текебаев.

«ЖЭЭНБЕКОВДОН ДА СУРАП АЛАБЫЗ»

Текебаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун жакшы ишин жакшы деп, жаманын сындай турганын айтты:

Атамбаев менен Жээнбеков бийлик талашып чырдашты деп жатышат. Бул мени кызыктырбайт. Тарыхчы, саясатчы катары мени иштин жыйынтыгы кызыктырат. Жыйынтыгы эмне болду? Мурунку президент жасаган былык иштер ачылды. Үстүнөн иш козголуп, экс-президент макамы алынып, бүгүн тергөө абагында. Бул Кыргызстанда түшпөс хан болбойт деген чындыкты дагы бир жолу бекемдеди. Эгер Жээнбеков өзү жаман иштесе, 4 жылдан кийин мыйзам алдында жооп берет. Бүгүн көзү тирүү адамдар андан да сурап алабыз. Атамбаевди ушундай тагдырга түртүү менен Сооронбай Жээнбеков өзүнө чоң жоопкерчилик алды, чоң тобокелчиликке барды. Бул прецедент, үлгү. Түшпөс хан болбойт, туура эмес иш кылсам мени да так ушундай кылгыла, аябагыла деди,- дейт Текебаев.

«РАИСА АТАМБАЕВА КЫЛМЫШТЫ МОЮНГА АЛСА ЧЫГАРАБЫЗ ДЕДИ»

«Ата Мекендин» лидери ошол кездеги президент Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева сот ишине аралашкан деп билдирди. «Аялым экөөбүздөн башка эч ким билчү эмес» деп бир окуяны айтып берди:

– Аялым абакка жолугушууга келген сайын «Атамбаевдин аялын тааныйт элем, тойдо чогуу отурчу элек. Аны менен бир сүйлөшүп көрсөмчү» дейт. Мен «болбойт, суранбайлы» дейм. Карасам арыктап, жүдөй түшкөн, "мейли, айтсаң айтып көр" дедим. Телефон чалса аялы «моюнуна алса айып пул менен чыгарып жиберебиз деп айтпадык беле? Моюнуна албай жатпайбы» дептир. Чын эле адвокат аркылуу мага ушундай сунуш түшкөн. «Моюнга алып, акчаны (ред.: Текебаев орусиялык бизнесмен Маевскийден 1 миллион доллар пара алган деп, коррупцияга айыпталып соттолгон) партияга иштетип жибердик эле десеңиз айып пул менен чыгарып жиберебиз» дешкен. Ичимден «жок нерсени моюнга алып чыккандан көрө ак экениме эл ишенсе болду, түрмөдө отурсам да мейли» деп ойлоп, бирок аялымды сынадым. «Ии, макул, ошентсем кандай болот?» десем «жок, болбойт» деди.

«МЫРЗАКМАТОВДУ БАШКЫ ПРОКУРОР ДЕМИЛГЕ КӨТӨРҮП АКТАШЫ КЕРЕК»

Жолугушууда Өмүрбек Текебаев башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун дарегине сын айтты. Ал Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов сотто акталышы керектигин, аны актоону башкы прокурор демилгелеши керектигин баса белгиледи:

– Алдыда сот иштери турат. 1-2 айдын ичинде өз тагдырымды чечишим керек. Бирок сөз келгенде айтпасам кыйналып кетем. Мелис Мырзакматовго Оштогу көпүрөнү мыйзамсыз курган деп 20 чиновник менен кошуп иш козгогон. Ошонун 19у акталды. Алардын бири бүгүнкү башкы прокурордун атасы. Адамдык актыгын далилдөө адамдын эле укугу эмес, мамлекеттин милдети дагы. Эл билбесе да «атам акталды эле» деп ошол башкы прокурор билет. 19у акталса, эмне үчүн жалгыз Мырзакматов акталбады деген суроону өзүнө бериши керек. Кечирим сурап, демилгени Башкы прокуратура өзү көтөрүп чыгышы кажет.

Үй камагына чыгарылган Текебаевге 5-сентябрга чейин туулган айылына барып келүүгө уруксат берилген. 12-сентябрдан тарта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновго ачылган кылмыш иши жаңыдан каралып баштайт. Текебаев өзү соттон толук акталам деген үмүттө турганын айтты.


Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 879, 5-11-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан