(Башы өткөн санда)
Эржандын адаттагыдан башкача боло түшкөнүн байкаган достору өздөрүнчө көз ымдашып, ал сыртка чыгып кеткенден кийин сүйлөшүп башташты:
– Ыңгайын таап, кыз менен жолугушуу уюштуруп берет окшойбуз,- деди Нурлан.
– Ээ, кайдагы жолугушуу? Эржан кайсы кызды бекер коё берди эле? Өзү эле барып таанышат, карап тур!- деди Максат каткыра.
– Ошону айтсаң, биз оозубузду ачкычакты ал эбак көңүлүн таап, кызды жетелеп бараткан болчу эле го, хе-хе...- деп Жакшылык анын сөзүн коштоду.
Ошентип шам-шум этип алышып, балдар көчөгө жөнөштү. Айылдан келгендин баары эле баягы ЦУМдун жанындагы чоң сааттан жолугушат эмеспи, Бишкектеги классташтар ошол жерден жолугушмакчы болушкан. Андан анча алыс эмес жерде борбордук аянт жайгашкан, андан кийин сейил бак бар, ошол сейил бакта окуучулук күндөрүн эстешип көпкө отурушту. Ал жерде тегерете туруп алышып топ ойношту. Волейбол оюнун айылда көп ойношот, айылдар арасында команда-команда болуп мелдеш да уюштурушат. Бирок шаарда командага бөлүнбөй эле, тегерете туруп алып бири-бирине топ атышып ойношту. Топтон чарчаган соң отуруп алып ырдашты, чер жазышты. Бири-бирине бир туугандай болуп калган классташтар күүгүм кире үйлөрүнө таркашты.
Кыйышпас төрт дос чөнтөктөрүн кагып, болгон тыйындарын алып чыгышып наабай нан менен майонез, кукси алышты. Жаман койчу жайытын бир күндө түгөтөт болуп кечээ сыра артынан сыра иче беришип, акчалары калбай калыптыр. Кошуна бөлмөдөн жыттанган тамактын жыты Жакшылыктын шилекейин чуурутуп жиберди. Ал толмочунан келген, тамактан эч баш тартпаган, даамдуу тамак болсо бардык ишин жерге койгон жигит. Эртең мененки Эржандын сүйүп-күйүп кызды сүрөттөп жаткан абалын эстеп кетип:
– Келгиле, коңшу бөлмөдөгү кыздар менен таанышып келели. Эржанды тиги периштеге бет келтирип коюш керек, тамак да жыттанып жатат...- деди шилекейин култ жутуп.
– Хе-хе, тамагы жаман. Сандыктын түбүнө катып койгон тамакты да мурдуң менен таап чыксаң керек э?- деп шылдыңга алды Максат. Эржан шылтоо таппай турган эле, шарт эле колдоп жиберди.
– Ооба, ооба, бул майонез менен лепёшкабыз эртеңкиге деле чыдап турат, таанышса таанышып келели...
ххх
Эшик такылдаганда ичкериден кыздын назик үнү чыкты:
– Ким бул?
– Биз доктурбуз, жүрөгүңөрдү текшерип коёлу дегенбиз,- деп Эржан оозун жыйгыча эшик ачылды да, баягы көк көйнөкчөн көрүндү. Эржандын оозунан сөзү түшүп туруп калды. Аны байкай койгон Нурлан:
– Досторубуздун коңшулары менен жакындан таанышып койсокпу дедик эле, мүмкүн болсо, конок болуп кетели,- дей салды. Ал кыз эмне дээрин билбей, “эмне кылайын?” деген таризде бөлмөдөгү кыздарды карап калды.
– Таанышса таанышалы, бирок бизге жүрөк доктур кереги жок, бардык органдар ордунда эле азырынча!- деди кыздын бири тарс-тарс сүйлөп каткыра.
Киришти, таанышышты. Шайыр, тамашаны көп сүйлөгөн, окуйм деп келген дилгир кыздар болуп чыкты. Эржандын жүрөгүн бир көргөндө элеп-желеп кылган кыздын аты Асел экен. Асел орундуу сүйлөгөн, ачык-айрым кыз болуп чыкты. Алар аркы-беркини сүйлөп тамаша салып отурушту. Жакшылыктын курулдаган ашказаны да өз олжосун алып, тынчтана түштү. Эржан болсо Аселден көзүн албай, беркилердин сөзүнө аралаша албай, өзүнүн тээ бийик чокуда жүргөн кыялын кармай албай жаткансып сөз таппай убара. Адатта мындайда досторунан сөздөрдү жула качып, эч кимге сөз бербей тамашаны катырчу жигит бул жолу дудукка айланды. Ошентсе да алгачкы байланыш башталганына, таанышканына кубанып отурду.
Балдар курсактарын тойгузуп, кыздар менен таанышып кудуңдап бөлмөсүнө жөнөштү. Эржан ал түнү түн бир убакка чейин ары оонап, бери оонап чабалактап уктай албай жатып, бир топто араң уктады...
(Уландысы кийинки санда)