30-август күнү саат 12:30 чамасында Сокулук районунда кичи автобус 2 жашар кызды сүзүп, айдоочусу окуя болгон жерден из жашырган. Кырсыктын натыйжасында 2 жаштагы Тумар Курманова аттуу наристе башынан жаракат алып, эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Окуя боюнча шектелип жаткан жарандын карындашы "бул жалган жалаа" деп, агасына тагылган күнөөнү четке кагууда.
“КЫЗЫМДЫ СҮЗҮП, БАЛАМДЫН КОЛУНА КАРМАТЫП КЕТИПТИР”
Кырсык тууралуу маалымат укук коргоо органдарына келип түшкөн соң Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жана Сокулук РИИБинин кызматкерлери кызды сүзүп кетти деген унааны таап, анын айдоочусу, 1993-жылы туулган В.М. аттуу жергиликтүү тургунду кармашкан. Учурда кыздын ата-энеси арыз жазып, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатышат. Кылмышка шектелген жарандын карындашы унаанын камерага түшкөн убактысы менен окуя катталган сааттар дал келбестигин айтып, тагылып жаткан күнөөнү жалаа деп атоодо.
Жабыркаган кыздын апасы Жылдыз Курманова окуя боюнча буларга токтолду:
– Өзүм Сокулуктагы ашканалардын биринде, күйөөм курулушта иштейт. Биз чоң жолдун боюндагы үйлөрдүн биринде батирде турабыз. Кызымды унаа сүзүп кеткен күнү мен үйдө болчумун. Короодогу иштерге алаксып калыптырмын. Ошол күнү батирдин ээсинин уулу унаасын короодон айдап чыгып, дарбазаны жапканды унутуп койсо керек, ачык калган эшиктен кызым көчөгө чыгып кетиптир. 7-класста окуган балам экөө жолдун четинде ойноп жатышкан экен. Бир убакта эле кичи автобус келип кызымды уруп кетиптир. Баламдын айтымында, сүзгөн айдоочу унаадан түшүп келип, жерде жаткан кызымды колуна алып, аны ооруканага жеткиргендин ордуна баламдын колуна карматыптыр да, андан ары унаасын айдап кетип калыптыр. Биз “Тез жардамга” чалып, ооруканага алып бардык. Тиешелүү дары-дармек, ийнелерин алып жатабыз. Учурда компьютердик томографияга түшүүгө даярданып жатабыз.
Кызымды унаасы менен сүзүп кеткен жаран соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкмайын күнөөсүн моюнуна албайт экен. “Анын тууганы болом” деп бир аял ооруканага келип, “унаа меники болчу, калганын билбейм. Жол четиндеги камераларга түшүп калган видеодо силердин кызыңарды саат 11де сүзүп кетишиптир, биздин унаа болсо камерага саат 12де түшүп калган экен. Балким, кызыңар тепкичтен кулап же дагы башка нерседен жаракат алгандыр. Бизге жоопкерчиликти оодарып жатасыңар” деп доосун артып кетти. Милицияга ошол күнү эле арыз жазганбыз. Азыр экспертизанын жыйынтыгын гана күтүп жатабыз.
“УНАА МЕНИКИ ЭКЕНИ ЧЫН, БИРОК СҮЗДҮ ДЕГЕНИ ЖАЛГАН”
Ал эми кызды сүздү деген машинанын ээси өзүн шектүүнүн карындашымын деп тааныштырды. Атын атагысы келбеген аял “биздин унаа менен эч ким бирөөнү сүзгөн эмес, экспертизадан кийин бизге жалаа жапкандардын үстүнөн арыз жазабыз” деп билдирди.
– Кичинекей кызды сүзүп кетти деп жаткан унаа мага катталган. Ал күнү унааны агам айдап кеткен. Ал эми кызды сүзгөн машина биздики эмес. Камерага түшүп калган видеожаздыруунун убактысы да кыз кырсыктаган убакыт менен дал келбей жатат. Ошондуктан биз көп тынчсызданган жокпуз. Унаа экспертизадан өткөрүлүп, анын жыйынтыгы чыкмайынча, күнөөлүү эмеспиз деп актанып комментарий да бергим келбейт.
Мен окуяны уккандан кийин чын эле жабыркаган жаш бала бар бекен деп ооруканага барып келдим. Себеби биз окуя тууралуу билген эмеспиз. Үй-бүлөбүздөн эч ким унаа менен кырсыктап же кимдир бирөөнү сүзүп кетпегенден кийин бейкапар эле жүрөсүң да. Кыздын апасы мага “8000 сомдон 3 айлык маянаңды төлөйсүң” деп талап койду. Мындан улам ал акча өндүрүүнү көздөп жатат деген ой жаралды. Экспертизанын жыйынтыгы чыгып, биздин ак экенибиз далилденгенден кийин жалаа жапкандардын үстүнөн тиешелүү жактарга арыз жазабыз. “ШЕКТҮҮНҮН ЖҮЗҮН КЫЗДЫН БАЙКЕСИ ТААНЫП КАЛГАН”
Чүй облустук ЖКККБнын басма сөз катчысы Темирлан Мирсадык уулу шектүүнүн аты-жөнү аныкталып, териштирүү иштери башталганын ырастады.
– Окуя 30-август күнү Сокулук айылында саат 12:30 чамасында катталган. Бизге Сокулук айылынын тургуну 2 жаштагы кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн. Ага ылайык, кызды сүзүп кеткен айдоочу аны жол четинде турган мектеп жашындагы байкесинин жанына таштап, андан ары унаасын айдап кетип калган. Биздин инспекторлор тарабынан тез аранын ичинде шектүү аныкталды. Окуя болгон жердеги жол тилкесинин боюндагы камераларда жаздырып алынган тасма аркылуу унаанын маркасы, номери такталып, шектүүнү издөө жарыяланган. Окуя саат 12:30дун тегерегинде катталса, шектүү ошол эле күнү саат 16:00 чамасында аныкталып, кармалган соң тергөөгө жеткирилди. Тергөөдө шектүү “мен сүзгөн эмесмин, мындай унааны көп эле киши айдап жүрөт” деген жүйөлөрдү айтты. Мындан улам окуянын күбөсү катары жабыркаган кыздын байкеси тергөөгө чакырылып келди. Ал шектүүнүн жүзүн таанып, “ушул киши сүзүп, менин жаныма таштап кетти” деп көрсөтмө берген. Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.
“КЫЗДЫН БЕТИ-БАШЫ ТЫТЫЛЫП, 2 ТИШИ ТҮШКӨН”
Сокулук аймактык ооруканасынын дарыгери Аскар Турдубаев кыздын учурдагы абалы тууралуу буларды айтты:
– 30-август күнү саат 11:40тар чамасында 2017-жылы туулган Тумар Курманова аттуу наристе биздин ооруканага келип түштү. Аны “Тез жардам” менен алып келишкен. Келгенде бети-башы сыйрылган абалда болчу, маңдайкы эки сүт тиши ыргып кетиптир. Катуу урулган, азырынча баш мээси жаракат алган деп жатабыз. Жаракат орточо оордукта болушу мүмкүн. Учурда башын компьютердик томографиядан өткөрүү үчүн тиешелүү дары-дармектерди берип даярдап жатабыз. Анын жыйынтыгы чыккандан кийин диагноз коюлат. Учурда кыздын ден соолугу жакшы.
Ким күнөөлүү болсо да, наристенин ден соолугуна залал келтирген адам аныкталып, жаза алышы керек. Өлкөнүн келечеги болгон балдарга байланыштуу маселелерде коррупция же көз жумду механизми иштеп кетпейт деген үмүттөбүз.
Айпери Хожаева
koom@super.kg