АКШнын президенти Дональд Трамптын жеке жардамчысы Мадлен Вестерхаут жумуштан айдалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, 28 жаштагы Вестерхаут 17-августта журналисттерге уюштурулган маалымат жыйындан соң кечки тамактануу учурунда «кыздары Иванке жана Тиффаниге караганда президенттин мени менен мамилеси жакшы. Тиффани семиз болгону үчүн аны менен атасы сүрөткө түшкүсү келбейт» деп мактанган. Анын бул сөзү президенттик администрацияга жетип, Вестерхаутту жумуштан кетиришкен. Трамп 30-августта Вестерхаутту чын эле кызматтан кетиргенин жана кыздарын жакшы көрөрүн билдирди.
Дамира Арстанова
koom@super.kg