КОЙ (21.03-20.04)
Үйдө тынчсызданууга жеткирүүчү майда маселелер чыгат. Балдарды ашыкча эркелетүүнүн, ою менен болуунун кереги жок. Бирге иштешкендер менен жеке жашооңузду талкуулабаңыз. Айткандарыңыз кайра өзүңүзгө карата колдонулат. Аптада кимден жардам сурасаңыз да жок дешпейт. Дем алыш күнү позитивдүү эмоция жана жакшы энергия тартуулоочу иш-чарага катышасыз.
БУКАЧАР (21.04-20.05)
Куу адамдын чагымчылдыгына азгырылбоо керек. Кээ бирөөлөрдүн кызмат ордун тартып алгысы келгендер чыгат, абайлоо керек. Абройлуу адамдар менен баарлашууда туура эмес сүйлөп салбаңыз. Туугандарды конокко чакырбай туруңуз, мурунку чатак маселе уланып, ыңгайсыз абалда каласыз. Үйдөгү майда оңдоп-түзөө иштерин бүтүрүүгө акча жана убакыт бөлүү керектелет.
ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Каражаттан кыйналып чыңалуу менен иштейсиз. Социалдык тармактардан жаңы идея алып, анын бирин колдонуп көрүү тууралуу ойлоносуз. Ооруп калбоо үчүн шамалдын огуна отурбаңыз. Сапарга чыгуулар ийгилик менен коштолбойт, андыктан аны артка жылдырыңыз. Апта акырында кышка даярдык көрүүгө план түзүп, канча каражат кетерин болжолдойсуз. Чакан олжого ээ болуп, сүйүнөсүз.
БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада майда, бирок жагымдуу түйшүктөр көп болот. Алардын ичинде үйдө бир ийгиликти белгилейсиз же конокко барып, белектүү кайтасыз. Үйдүн жайлуулугу үчүн кам көрүп, буюм сатып алууңуз ыктымал. Сүйүктүү адамыңызга бир нерселер боюнча доомат артпаңыз, уруш чыгат. Алыстагы туугандар бир иштерин бүткөрүп берүүнү суранышат, убактыңызга карап иш кылыңыз.
АРСТАН (23.07-23.08)
Тобокелчикке барбаңыз, болбосо тапкан каражатыңыздын бир тобунан айрыласыз. Жан дүйнө боштугун толтуруу үчүн көз караштары сиздикине дал келген адамдар менен көбүрөөк баарлашыңыз. Үйдөгүлөрдүн талабынан “эркиндигим чектелип калды” деп кейибей, алардын сунушун угуңуз. Апта акырында колуңузга акча тийип, базар кыдырып, жылуу төшөнчү же жылуу кийим сатып аласыз.
БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Кирешеңиз бир аз да болсо көбөйөт. Көптөн бери жүрөгүңүздө жүргөн адамга сезимдериңизди арнабай туруңуз, апта ылайыктуу эмес. Чала тааныш адамдардын сизге айткан сынын кулак сыртынан кетирип коюңуз. Бирөөлөрдүн чакыруусу менен алыс жакка барып келүүңүз мүмкүн. Жаңы иш издеп жаткандар иш берүүчүлөрдүн убадасына алданбай, ал эмне болгон ишкана, фирма экендигин изилдеп, тактап анан ишке кирүүлөрү кажет.
ТАРАЗА (24.09-23.10)
Абройлуу туугандын же жакындардын кыстоосу менен буга чейин моюн жар бербеген ишти баштайсыз. Бойдоктор чөйрөсүн кеңейтмейинче оюндагыдай адамды табышы кыйын. Айрымдар жаңы гаджеттүү болушат. Кайсы бир окуядан улам өзүңүздү же бирөөлөрдү кечирүү керектигин түшүнөсүз. Бөлмөлөрдөгү эмеректерди кайра жайгаштыруу, бузулган электр шаймандарын оңдотуу сыяктуу иштер да убактыңызды алат.
ЧАЯН (24.10-22.11)
Бирөөлөрдүн кысымынан улам тартынып калбай, өз планыңызды ишке ашыра бериңиз. Сиз жактырбаган адамдардын арасында болуп калбоо үчүн чакырган жерге барбай койгонуңуз туура. Сүйүү жаатындагы мамилелер бекемделет. Жакындарыңыздын жанында болуп энергия аласыз. Бош убакыт болгондо буга чейинки жашооңузду жана келечек жашоодон эмне каалай турганыңызды анализдеп, алдыга план түзүңүз.
ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Достордун долбооруна кошулбай эле коюңуз, аягы жакшы жыйынтык бербейт. Айыл чарба же үй-тиричилик иштерин бүтүрүү үчүн бирөөлөрдү жардамга чакырасыз. Жакшы сюрприз сизди күтүүдө, мүмкүн бир жактарга барып көңүл ачып келесиз же акчалуу болосуз. Социалдык тармактан же жашаган тегерегиңизден жашоосу боор ачыткан адамдын жашоосун көрүп, кайрымдуулук көрсөтүшүңүз мүмкүн.
ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Улуу муундар менен чогуу жашаган үй-бүлөлүүлөр керектүү нерсени чогуу акылдашып сатып албаса чатак чыгат. Банктан насыя алышыңыз мүмкүн. Абайлабаса ысык суудан же бат күйүүчү заттан күйүккө учуроо коркунучу бар. Балдарды эс алдырасыз. Апта акырында үй-бүлөдөгү абалдан улам өз жашооңузга жоопкер экендигиңизди сезип, күчтүү жана чечкиндүү болуп чыга келесиз.
СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жер тилкесин, үйдү же унааны мыйзамдуу түрдө каттатуу маселеси чыгат. Башка жакка көчүүнү пландагандардын тилеги ишке ашат. Жакындардын ишенимин жоготпоо үчүн аларга берген убаданы аткарыңыз. Достор менен чайлашууда жаңылыктарды угасыз. Жумушта маселелер чыкса сиздин таламды талашкандар менен акылдашып, чогуу чечсеңиз туура болот.Иште жаңы ыкмаларды колдонсоңуз утасыз.
Кирешени көбөйтөм деп чуркап суй жыгылып калууга жетпеңиз. Кыйынчылыктар убактылуу экенин жакында жашооңуз жакшыра баштаганда дагы бир ирет сезесиз. Кызыктуу адамдар менен таанышасыз. Тиричилик техникасын же компьютер сатып алышыңыз ыктымал. Чөйрөдөгүлөр арасында эки жүздүүлүк кылбай, түз, туура сүйлөңүз. Үйдөгүлөрдүн көңүлүн алып, майда нерселер менен болсо да кубантып туруу сунушталат.