АКШдагы Кливленд табигый тарых музейинин кызматкери болуп иштеген эфиопиялык антрополог Йоханнес Хайле-Селассие башка антрополог окумуштуулар менен бирге биздин ата-тегибиздин биринин болжолдуу өң-түсүн түзүп чыгышты. Алар 2016-жылы Эфиопиядан табылган баш сөөктү 3 жыл бою изилдешип, баш сөөктүн ээси мындан 3,8 миллион жыл мурун жашагандыгын аныкташты. Баш сөөк адамдардын анамдык австралопитек аттуу ата-тегине таандык деп табышкан. Өң-түсүн түзүп чыгышканда, албетте, сулуу эмес өң жаралган.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg