Назира Айтбекова, алып баруучу: “МЕНИ ЭЧ БИР ЭРКЕК ЖАМАН КӨРӨ АЛБАЙТ”

Бул айымдын түрдүү, түстүү ойлору бар. “Аялдар, өзүңөрдү сүйгүлө” деп какшап келет, бирок өзүн-өзү сүйгөндү үйрөндүбү? Турмушта жыгылганда күбүнүп туруп кайра жолун улап кетүүгө канчалык күч керек? Маегибиз ушул өңүттө болду.

– Назира, учурда эмне менен алексиң?

– Сериалга тартылып жүрөм. Башкы ролдордун бирин ойноп жатам. Ролум өзүмө аябай жакты. Каарманым – экрандан тамашалуу көрүнгөн, өтө оор турмушту башынан кечирип, бирок күлкү менен жеңген аял. Бул образымдан кыргыздын бардык аялдары өзүн табат деп ойлойм.

– Актрисалык билими болбой туруп бул кесипти аркалоо жеңил болбосо керек?

– 4 толук метраждуу тасмада башкы ролду ойнодум. Кичинемден алып баруучу эмес, актриса болууну кыялданчумун. Мектептеги спектаклдерде бирде аялдын, бирде эркектин ролун ойночумун. Кийин КВНде ойноп калдым. Актрисалыкты да, алып баруучулукту да окуган жокмун. Кесибим боюнча англис, түрк тилдеринин мугалими болмокмун. Талантың көбүрүп турса диплом деле маанилүү эмес экен. 5 жыл окуп үзүрүн көрбөй жүргөндөр да бар. Көкүрөгүңдө көрөңгө болсо ачытып алып кетүү өз колуңда экен.

– Блогдоруңда “энем” деген каарманың бар, бул чоң энеңби же таенеңби?

– Экөө тең. Менде эки кемпирдин тең салымы бар. 2 айлык кезимден 9 жашыма чейин чоң энем бакты. Кийин ата-энем ажырашып кетип апамдын колунда өстүм. Балалыгымды эстегенде чоң энемди көп эстейм. Энем өзгөчө бир дүйнөсүнө бөлөп өстүрдү. Балким, өзү билген жок, бирок чыгармачылыкка көкүрөгүмдү ачкан ошол киши болду, радиону керели кечке коюп, жомокторду айтып берчү. Таенемди деле эне дейм, ал киши деле жакшы нерсесин мага арначу. Жумурткасын башка балдарына ыраа көрбөй мага катып берип, аябай жакшы көрдү.

– Атаң тууралуу да угуп калдым, жөнөкөй киши эмес окшойт...

– Атам музыкант. Курмангазы Азыкбаев менен чогуу окуган. Үйлөмө аспап, чопо чоор, комуз, дегеле музыкалык аспаптардын баарын черткен адам. Апам Динара Акулова менен чогуу окуган, күчтүү музыкант. Кичинемден комуздун учун мага тиштетип коюп экөө күү чертишчү эле, ошентсе да менин музыкага такыр жүрөгүм ачылбай койду.

– Аял үчүн арабаны жалгыз тарткан оңойбу же жаман да болсо бирөө менен чиркешкен жакшыбы?

– Атамдын апама көбүрөөк колу тийип калды окшойт. Ата-энем ажырашканда мен кадимкидей ачылдым. Ага чейин жапайы, түнт, оорукчан, сабакта “2-3” деген баага араң жеткен, сүйрөлгөн кыз элем. Экөө ажырашканда мен кадимкидей ачылып, жалаң “5ке” окуган шакылдаган кызга айландым. Балким, окурманга одоно угулуп жаткандыр, бирок мага пайдасы тийди. Муну менен эмне айткым келет, эгерде араба такыр эле жүрбөй калса, анда балдарды да кыйнабай эки жолго түшүп кетишкени туура. Бири-бирин сүйбөй турса, атаң апаңды басып алып сабап жатса, бала чүнчүйт экен. Көкүрөгүнө көк таштай тиет экен. Кээ бирөө бала үчүн жашап жатабыз деп арабаны жөн эле сүйрөп жүрө берет, бирок балага эң чоң зыян ошол. Илең-салаң болгуча экөө тең башка жактан бактысын издегени туура деп ойлойм. Жеке өзүмө арабаны жалгыз сүйрөп келе жатканым билинбей деле калды.

– “Кана, сен тарт” деп арабанын үстүнө чыгып отуруп алган сен үчүн кандай вариант болот? Ошентип көрдүң беле?

– Аялдын түрлөрү болот, бири күйөөсүнө күчтүү болгонго уруксат берет экен. Бул үчүн атайын артка бир кадам таштап туруп берет тура. Дагы бири сен айткандай, “сен тарт, мен жөн эле жатайын” деп жатып алат экен. Анчалык оордугун салган деле болбойт, инсан катары кичине болсо да ийгиликке жетип турушу керек. Мен эркегимдин биринчи болушун кааладым. Атайын бир кадам артта турдум. Мага депутаттыкка да сунуш түшкөн, баш тарттым. "Мен эмес, менин эркегим биринчи депутат болсун" деп ойлочумун. Бул туура эмес экен. Мен ага каражат жактан оордук кылып алдым деп ойлойм. Каалаган долбоорго иштеп, каалабасам иштебей жүрдүм. Ошол үчүн бул нерсе туура деген ойду айткым келбей турат, адамдар мүнөзүнө жараша болот окшойт. Кээде чынын айтканда арабаны жалгыз тарткандан чарчайсың, тамандарың жооруйт, колуң талыйт. Ошондо “байга тийип алсамбы?” деген деле ойлор келет, бирок бул нерсени жан дүйнөң кабыл алышы оор болот экен. Белекке үй же унаа берем дегендер деле болот, бирок ошол үчүн анын төшөгүнө жата калуу мүмкүн эмес экен. Сүйүү бербей туруп, пайдасын көрө албайсың, тамагыңа тыгылып калат. Ортодо сүйүү болбосо материалдык байлык түккө турбайт. Андан көрө таман акың, маңдай териң менен тапкан дүнүйөң таттуу. Айткандай, өз эмгегим менен үйлүү болдум, эч ким белек кылган жок (күлүп). Үйлүү болгондон кийин күчүңө күч кошулуп, мен деле күчтүү турбаймынбы деген ой келет экен.

– Сенин мындай принциптериңден эмне тайдырышы мүмкүн?

– Сүйүү. Сүйүп калсам мен бардык нерсеге көз жумуп коюшум мүмкүн.

– Аялдар күрөшчүл келебиз, жашоодогу ордубуз үчүн, бутка туруш үчүн, жадакалса күйөөбүз үчүн күрөшөбүз. Сен жашоодо ким үчүн же эмне үчүн күрөштүң?

– Мен бутума ишенимдүү туруш үчүн күрөштүм. Ачка калбаш үчүн күрөшкөн учурларым болду, бирок күйөөм үчүн күрөшө алган жокмун. Кол көтөрүп жеңилип бердим. Кээде "күрөшүш керек беле?" деп ойлойм, бирок... Сүйүү деп эле мыкчыбай кээде коё бериш да керек. Анын бийик учканын карап деле суктанса болот экен. Менин күрөшпөй жеңилгеним ушул үчүн болду окшойт.

– "Мен бере албаган бакытты башка берди" деп таруудай болсо да ичи тардык болгон жокпу?

– Мен өз катамды жакшы билем. Чынын айтайын, мен үйдүн аялы эмесмин. Ичимде ичи тардык нерсени ушунчалык өчүрүп салсам керек, таптакыр жок. Ал менин тагдырым эмес экен, тагдыр болсо илешип жүрө бермекпиз. Ал өз тагдырын тапты, буюруп калса мен дагы өз тагдырымды табам, эч капа эмесмин.

– Жакында жаш жигит сени сүйүп калганын, бирок сен мүмкүн эмес деп чечкениң тууралуу кеп салдың. Мындай мамилеге чекит койдуңбу?

– Ооба, чекит койдум. Көзүмдү чылк жумуп “өлүп кетпейби?” деп аракет кылдым. Бирок энелик сезимден, камкордуктан башка аялдын эркекке болгон мамилеси ойгонбой койду. Сүйлөшө келсем эле бир чоң боштук турат ортодо. Келбети, турган турпаты төп келип турса да баары бир мен башканы сүйлөсөм, ал башканы сүйлөгөндөй кыжалатчылык пайда боло берет экен. Менин адамым эмес болсо деле “кокуй жаш, сулуу экен” деп эле тийип алмак белем? “Жаш экенсиң, жаштыгыңды аядым” деп кете бердим. Анын үстүнө энесин ойлодум. Менин уулум бар. Элестет, балам мага окшогон калжактаган аял алып келгенин (күлүп). Жанымда мен эркелей, таяна турган адам керек экенин да сездим.

– Элмирбек байке (ред.: төкмө акын Элмирбек Иманалиев) сага аябай жагат экен ээ? Маектешүүдө көзүң балбылдап...

– Ооба, Элмирбек байкенин талантын сүйдүм. Эл ойлогондой эркек катары такыр караган жокмун, агам катары, инсан катары сүйдүм. Анын талантын, аурасын, адамгерчилигин сүйдүм. Дүйнөсү кандай керемет. Аны дал меникиндей балбылдаган көздөр менен караш керек. Ошол маектин алдындагы комментарийлерди окуп жаман болдум. Бойдок келинди тал көрсө деле, чал көрсө деле жаткыра бергендери ыза кылат.

– Аялдардан маекти кадимкидей эле аласың. Бирок эркектерди чакырсаң эле эркелеп сүйлөйсүң, каршыңда турган эркек эрип кете жаздайт. Бул атайы ойлонулган образбы?

– Аялдарга караганда эркектерди жакшы көрөм (күлүп). Кичинемде атамдан сүйүү албай калгам да. Ошол сүйүүнү издеп калат экенсиң. Экинчи себеби, чоңойгонго чейин эле эркекмин деп жүрдүм. Кыз экенимди араң кабыл алгам. Балким, ошол үчүн эркектердин дүйнөсүндө өзүмдү эркин сезем. Жыргап, берилип, болгон темада сүйлөшөм. Аялдар тарапта ич күйдүлүк, жек көрүү бар, ошондуктан бир аз сактанып турам. Эркектерде андай сезимдер жок да. Эч бир эркек мени жаман көрө албайт деп ойлойм.

– Аялдар тууралуу көп жазасың, изилдөөңдө аял байкушка эмне керек экен?

– Аялдар табиятынан эркек үчүн, балдары үчүн өзүбүздөн кечип кетебиз. Өзүбүздү унутуп салабыз. Биринчи ата-энең үчүн жашасаң, кийин күйөөң, балаң үчүн жашайсың. Бул курмандык акталабы же акталбай калабы ишиң да жок. Биздин аялдардын эң чоң катасы ошол. Өзү үчүн такыр жашабайт, жөн эле көмүп салат. Эртең көмүлгөн аялдан эркек тажап качып кетсе анан ыйлайбыз. "Мен бул үчүн эмне гана кылган жокмун" деп боздойбуз. Чындыгында эркек “көмүл” деп суранган жок да. Курмандык да суранган жок. Тескерисинче, ага өзүн караган, сүйгөн, баалаган аял керек. Аял эң биринчи кезекте өзүн-өзү сүйүш керек экен.

– Кайненең сен тууралуу терс пикирлерди жеке баракчасына жазып чыкты. Эмне түрткү болду?

– Эмне түрткү болду билбейм, билгим деле келген жок. Мындан ары жашоомдун жаңы барагын ачам. Мурунку күйөөм жана кайненем тууралуу теманы жабам.

– Сен дагы кайнене болосуң, келиниң жакпай калса эмне кыласың?

– Жайына коём. Мен уулумдун жарык дүйнөгө келишине гана себепчи болдум, калганы өзүнүн тагдыры, өзүнүн чечими. Жыгылса, тизеси канаса эне катары жүрөгүм ооруйт, бирок инсан жаңылмайынча өзүн таба албашына көзүм жетти.

– Азаматсың, ийгилик!

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Назира Айтбекова: "Мурунку жолдошумдун келинчегине боорум ооруп кетет"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
nazgul20
2019-09-09 16:32:55
Уй алды деп кайненеси жаман коруп чыдабай жазганго корунот!
+7
katerina.li
2019-09-09 17:37:32
Кооз создун мастери ,бул айымга такыр ишенбейм.
-6
jon.as
2019-09-10 09:15:40
katerina.li,Сизди эч ким ишен деп кыйнабаса керек.
+3
karona12
2019-09-09 18:26:01
Суроолор сонун экен журналистка кыз азамат,баягы эле балалыгы,кайсыл айылда чонойгонсуз деген тажатма суроо менен бутуруп салышат кээ бири.эми эмкиде Салима Балтаева,Аалы Туткучев,Женишбек Жумакадыр дегендерди чакырчы сураныч.
+18
Jelena09
2019-09-09 21:04:47
Бактылуу бол
+2
MIRBOLOT
2019-09-09 22:34:35
Бирөөлөр сага таш ыргытса таарынба, себеби мөмөлүү даракка таш ыргытыла берет. Андыктан сага "туура эмес сөз ыргыткандарга" таарынба, алга карындаш, көлдүктөр сени колдойбуз!
+10
jypar.ermatova
2019-09-10 00:15:39
Жагат ушул кыз мага бактылуу бол
+1
Shabi
2019-09-10 02:08:30
Мыкты адамсыз сиздин артыныздан ээрчиген ушактарга конул бубаныз.коро албагандар суйлой берет ар нерсени
0
jon.as
2019-09-10 09:16:52
Азаматсың Назира
0
Mister-X
2019-09-12 00:44:10
Жакшы эле акылын бар экен го...Анан эмнеге эркектерди жамандап пост жаза бересин? Эмнеге жарым жыланач болгон суротторунду киргизе бересин?,, Аял-абийири менен кымбат"-деген соз бар.
Жарым жыланач аял, женил ойлуу эркектерге гана жагат.Акылдуу эркектер жарым жыланач кийген аялды карап да койбойт. Сынды туура кабыл алып жур! Ийгилик каалайм!
+1
dobrajelatel
2019-09-12 13:24:20
Аялдарда ичи тардык, коро албастык бар. Аялдарга жан дуйнону коп ача бербоо керек. Эркектер калыс болот. Акты ак, караны кара дейт.
+2
tabyshmak
2019-09-12 16:12:14
Алдың, кийин кандай болсоң ошондой бол Назира, бирок, ушул маегиң мага абдан жакты. Азаматсың! Жашоого болгон көз караштарың меникине окшош болгон үчүнбү, айтор билбейм, виедону толук көрдүм. Болбосо мындай маектешүүлөрдү таптакыр толук көрчү эмес. Кокустан көрүп баштасам да нервке тийчү сөздөрдү сүйлөп баштаганда дароо өчүрүп салчумун. Азаматсың! Ар дайым бар бол! Ийгилик сага!
0
munira-tilen
2019-09-12 19:19:12
Кайненеси айбан назира дептир го
ал жонундо бир нерсе десе да айтып салат да абиирин анчаа еле ачып салыптыр го
-1
KUMKA
2019-09-13 11:57:14
Эри жок аялды ким жаман корсун....
+1
Arman7
2019-09-16 01:52:00
Асмандагы ай сезип алган эмессинби тушуп алчы жаман коро албайт деп жаман эле кетипсинго
0
Arman7
2019-09-16 01:53:22
Асмандагы ай сезип алган эмессинби ылдый тушуп ал болбосо тушуруп койот
0
№ 879, 5-11-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан