Кыргыз коомчулугунда кайрадан экология маселеси талкууга түштү. Бул ирет маселе Ысык-Көл облусундагы "Сары-Чат – Ээр-Таш" мамлекеттик коругуна байланыштуу. Жакында өкмөт “Кумтөр” компаниясы менен жаңы келишим күчүнө киргенин жар салган. Стратегиялык келишим деп аталып жаткан бул документте өкмөт кайрадан коруктун аймагы деп саналган 16 миң гектар жер аянтын "Кумтөргө" кен казууга бергенин "Азаттык" жазып чыкты. Бул маалымат коомчулукта өкмөткө карата кескин сындарды жаратып, экологиялык мааниси зор "Сары-Чат – Ээр-Таш" мамлекеттик коругунун аянты азайып, андагы Кызыл китепке кирген жаныбарларды, болгондо да Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулукта өзүнүн визиттик карточкасы кылып жүргөн ак илбирстин тукумун жоготуп алуу коркунучуна туш болорун айтып, жарандык активисттер, экология маселесин көтөрүп жүргөн жарандар коңгуроо кагып башташты.
“КЫРГЫЗ АЛТЫН”: “КЕЛИШИМДИН ШАРТТАРЫ АТКАРЫЛДЫ”
Бакиевдик башкарууда 2009-жылы 26 миң гектар жер кен казууга берилип, кийин 2012-жылы өкмөт башында Өмүрбек Бабанов турганда коомчулуктун жана Жогорку Кеңештин кескин каршылыгы менен өкмөт ал документти жокко чыгарып, мамлекеттик коруктун аймагынан берилип кеткен жерди артка кайтарган болчу.
2016-жылы макулдашылган стратегиялык келишимди күчүнө киргизүүнүн алкагында 2012-жылы чыгарылган токтом жокко чыгарылып, илбирс жана кайберендер байырлаган "Сары-Чат – Ээр-Таш" коругунун бир аймагы “Центерра Голд Инк.” компаниясына кен казуу үчүн чалгындоо иштерин жүргүзүүгө берилгени айтылды. "Кыргыз алтын" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Алмаз Алимбеков бул маселе боюнча 2009-жылдагы өкмөт менен алтын казуучу компаниянын ортосундагы келишимдин шарттарын аткардык деп маалымат таратты.
“2009-жылдагы келишим боюнча "Кумтөргө" 26 миң гектар жер кошумча бөлүнүп берилген. Бирок 2012-жылы өкмөт ал жердин 16 миң гектарын артка кайтарып алган. Жаңы түзүлгөн келишим боюнча ошол 2009-жылкы келишимдин негизинде "Кумтөргө" 16 миң гектар кайра кайтарылды. Ошол кошумча берилген жалпы 26 миң гектар жер менен Кыргыз өлкөсүнүн "Центеррадагы" акциясынын үлүшү 15 пайыздан 33 пайызга көтөрүлгөн болчу. Чалгындоо иштери коруктун аймагында эмес, кен казылып жаткан жердин капталдарында жүргүзүлөт",- деди Алимбеков.
Аталган мамлекеттик ишкананын жетекчилиги да, өкмөт дагы эмнеден улам 2012-жылдагы өкмөттүн токтому жокко чыгарылып, 2009-жылдагы документти күчүндө калтырып жатышкандыгын түшүндүрбөй жатышат.
ӨКМӨТ: "КОРУКТА ЧАЛГЫНДОО ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН ЭМЕС”
3-сентябрда өкмөт "Сары-Чат – Ээр-Таш" мамлекеттик коругу тууралуу айтылып жаткан кептер боюнча билдирүү таратты. Анда корукка кирген 16 миң гектар жер аянты "Кумтөр" долбооруна кен казууга кайтарылып берилгени тууралуу маалымат туура эместиги жазылат.
"Өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жана Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, кен ишканасына жер аянтынын кайтарылып берилгени тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Коруктун аймагында геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн эмес жана жүргүзүлбөйт дагы. Сөз болуп жаткан 16 миң гектар жер "Сары-Чат – Ээр-Таш" коругуна кирбейт. 2013-жылдан бери коруктун чек арасы өзгөртүлгөн эмес.
Буга байланыштуу баарыңыздарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда тараган ар бир маалыматтын аныктыгына көңүл буруп, ошондон кийин гана тыянак чыгарууга чакырабыз",- деп жазылат маалыматта.
“САРЫ-ЧАТ – ЭЭР-ТАШ” – ИЛБИРС, КАЙБЕРЕНДЕР ЭҢ КӨП БАЙЫРЛАГАН КОРУК
Мындай бири-бирине дал келбеген билдирүүлөр коомчулукту күмөн ойго салып, талкуулар күчөдү. Бул арада экологдор, коомдук активисттер аталган коруктун картасын алып чыгышты. "Сары-Чат – Ээр-Таш" коругунун түштүк-батыш аймагындагы “Кумтөр” кенине жакын аянты 2009-жылдын 6-июнундагы өкмөттүн токтому менен кен казуучу компанияга өткөн. 2010-жылы июнь айында мамлекеттик корукка кирген Үч-Көл, Коёнду, Кара-Сай тилкелерине геологиялык чалгындоо жүргүзүүгө уруксат берилген. 2012-жылы коомчулуктагы жана Жогорку Кеңештеги кызуу талкуу, сындардан кийин бул маселе кайрадан өкмөттө каралып, аталган тилкелерге чалгындоо иштерине тыюу салынган. Интернетке жайылган коруктун карталарын салыштырганда мамлекеттик корукка тиешелүү Үч-Көл, Коёнду, Кара-Сай тилкелеринин “Кумтөр” концессиялык аянтына жакын жерлери коруктун аянты катары белгиленбей калган.
2012-жылы "SLT" эл аралык илбирсти сактоо боюнча уюмунун Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлү Кубанычбек Жумабаев "Супер-Инфого" берген маегинде "Сары-Чат – Ээр-Таш" коругу өлкөнүн илбирс эң көп байырлаган аймагы деген. Коруктун жалпы аянты 134 миң гектарды түзөт жана анын узундугу 14 чакырымдай аянтында эң чоң Петров мөңгүсү жатат. Корук биринчи жолу 1995-жылы уюштурулганда анын аймагына Үч-Көл, Коёнду, Кара-Сай тилкелери да киргизилген. 2009-жылы белгисиз себептерден улам бул тилкелер коруктун аянтынан сырт калган.
КӨЗ БОЁМОЧУЛУК – ЖАҢЫ КАРТА ЧИЕ КАЛУУ
Ансыз деле туш тарабынан үзүп-кесип, колу жеткендер кендирдей жеринен кесип алып өз чегине кошуп алгысы келип турган чек арабыз ичинен дагы чечилбей жатканы түпөйүл кылат. Тактап айтканда, кыргыз бийлиги чектердин такталбагандыгынан пайдаланып элдин келечеги, байлыгы болгон аймактардын аянттарын тактабай, жеке менчик кылып акчасы барларга кесип сатып жатышкандары жаңылык эмес. Ар өкмөттүн тушунда мамлекеттик тилкелерде жайгашкан скверлер, сейил бактардын аянттары кичирейип, айланасына жеке менчик турак жайлар, кафе-ресторандар курулуп кеткен фактылар толтура. Кенедей Бишкектин эле ичин алалы, “Ата-Түрк Ала-Тоо”, “Жеңиш” сейил бактарынын аянттары кичирейип, каршы болгон бишкектиктерге сейил бактардын картасын кичирейтип чийип бере коюп көрсөтүп кутулган көз боёмочулуктар элдин эсинде.
УРПАКТАРГА ЭМНЕНИ ӨТКӨРҮП БЕРЕБИЗ?
Мамлекеттик корук тууралуу бул маселе учурда интернеттеги социалдык тармактарда кызуу талкууларды жаратууда.
Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Сары-Чат – Ээр-Таш" мамлекеттик коругунун аймагын кен казууга берүү туурабы?" деп собол салды.
Кожобек Рыспаев, Жогорку Кеңештин депутаты: "Коруктун аймагы кен казууга берилбеши керек"
– Бул боюнча биз өкмөткө суроо-талап жөнөттүк. "Сары-Чат – Ээр-Таш" коругуна кирген 16 миң гектар жер аянты кен казыш үчүн берилди деген маалыматтан алысмын. Анткени "Кыргыз алтындын" жетекчиси чалгындоо иштери коруктун аймагында эмес, ошол эле кен казылып жаткан жердин капталдарында жүргүзүлөт деп айтты. Негизи, коруктун аймагы кен казууга берилбеши керек.
Гүлжигит Исаков, жарандык активист:
"Кен байлыктарды казууга мораторий жарыялоо зарыл"
– Дүйнөлүк практикада 1 тонна кен калдыгы үчүн 60 доллар төлөнөт экен. Бизде 1 жарым миллиард тоннадай калдык үйүлүп калды. Бийлигибиз калдыктар үчүн эле 90 миллиард доллар талап кылуунун ордуна, маселени тереңдетип, экологияны бузууга жол берип жатат. “Кумтөрдөгү” кен байлыктар түгөнөт, уулуу калдыктар калат. Ал эми кооз жаратылышты сактап калсак, бизге туризм жактан киреше алып келип турат. Бул деген түгөнбөгөн ресурс болмок. Аңырайган тоолордо экологиялык катастрофа менен калабыз, кооз жаратылыштан дагы ажырайбыз, кен байлыктар деле элге толук кандуу адилеттүү түрдө жетпей жатат. Өзүбүздүн адистер жетилгенче чукул түрдө кен байлыктарды казууга мораторий жарыялоо зарыл. Улуттук кызыкчылыкты тепселөө менен кабыл алынган келишимдерди жокко чыгарып, ага жол бергендерди кылмыш жоопкерчилигине чечкиндүү түрдө тартуу зарыл. Кийинкилерге сабак болсун.
Элери Битикчи, тарыхчы:
"Чечим боюнча коомдук талкуу болушу керек эле"
– “Сары-Чат – Ээр-Таш" коругу – илбирс тукумдап жүргөн Кыргыз өлкөсүндөгү жалгыз жер. Менин оюмча, бул мыйзам бузуу менен кабыл алынган чечим. Чечимге чейин коомдук талкуулар болушу керек болчу. Бул мыйзам бузуу – башка мыйзамсыз чечимдерге жол ача турган чечим. Билишимче, Казармандагы "Саймалуу-Таш" коругун да ушинтип алтын үчүн кескени жатышат.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg