Мирбек Атабеков: “ҮЙҮБҮЗДҮ ТОНООГО ШЕКТЕЛИП КАРМАЛГАН АДАМДЫ КАРЫНДАШЫМ ТААНЫДЫ”

Эсиңиздерде болсо, үстүбүздөгү жылдын май айында Мирбек Атабековдун апасынын үйүнө белгисиз адамдар кирип, жакындарын байлап, тапанча такап коркутуп тоноп кетишкен эле. Жабырлануучулардын айтымында, алар 60 миң доллар акча жана 10 миң долларлык баалуу буюмдарды карактап кетишкен. 4 айдан кийин кылмышка шектүү 24 жаштагы Б.М. аттуу жаран Каракол шаарындагы кафелердин биринен кармалды. Анын унаасын тинтүү учурунда далил буюмдар табылган.

Мирбек Атабеков да маалыматты тастыктап, социалдык баракчасы аркылуу укук коргоо органдарына жана сотко кайрылуу жасады. Ал апасы менен карындашын коркутуп, тоноп кеткен уурулардын башкы уюштуруучусу кармалганын айтты. Ырчы соттон маселени адилеттүү чечип берүүнү өтүндү. Ырчы мырза менен байланышканыбызда, эмне себептен видеокайрылуу жасаганын айтып берди.

– Менин видео аркылуу элге кайрылганымдын себеби, иш адилеттүү каралса дейм. Кылмыш жасоону уюштурганга шектелип бир жаран кармалды, анын жанынан далил буюмдар табылды. Бул адамдын кандайдыр бир жол менен үй камагына чыгып же акталып кетишин каалабайм. Анткени карындашым чындап эле ошол киши тоногонун таанып жатат. Адам корккондо коркуткан кишинин боюн, үнүн, дене түзүлүшүн жаттап калат тура. Карындашым дал ошол киши деп 100 пайыз ишенимдүү айтып жатат. Андыктан тергөөчүдөн, прокурордон биздин ишти адилеттүү тергеп беришин, соттон адилеттүү чечим чыгарып беришин өтүнөбүз,- дейт.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
mikana
2019-09-09 09:40:01
Азыркы сотторго ишениш кыйын
+4
katerina.li
2019-09-09 10:02:06
Откондо 200 процент деп жазылып журотко,Эми жуз деп калыптыр го. Мен что то ишенген жокмун Мирбеке. И ошол баланы кармаганына
0
Siren.ms
2019-09-10 02:53:24
katerina.li,эмнеге ищенбейсиз кармаса кармагандыр
-1
Zamkojan
2019-09-14 00:03:00
katerina.li,мен да 200% деп эжем тааныды деп жаткан эле эми карындашым дейт го
+1
katerina.li
2019-09-15 15:12:08
Zamkojan,эжем депаткан башында. Эми карындашы дейт
0
BEKU.NUKU
2019-09-11 12:27:14
Адилеттуу карашсын эми
+1
oshondoiraak
2019-09-13 14:43:08
Коп эле Кызыл емесби палвер
+1
Sajakat14
2019-09-15 02:57:32
Кыргызстан бандиттердин мамлекекти болуп калды! Чоңдор балдарын жөн жерден чет жакка кетиришпейт да. Инвесторлор качкан мамлекет болдук! Кыргыз кыргызды тоногон мамлкект болдук!
+1
№ 879, 5-11-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан