Жаш комузчу бир туугандар Эламан жана Айбек Каныбековдор Өзбекстанда өткөн “Чыгыш кайрыктары-2019” (“Шарк тароналари-2019”) эл аралык фестивалында биринчи орунду багындырышты. Фестиваль тууралуу Эламан Каныбеков буларды билдирди.
– Эл аралык музыкалык фестиваль 29-30-августта Өзбекстанда өттү. Анда дүйнөнүн 80 мамлекетинен келген 300дөн ашык өнөрпоз улуттук аспаптарын даңазалашты. Калыстар тобунун курамын 9 мамлекеттен келген өкүлдөр түздү. Алардын катарында Кыргыз Эл артисти Роза Аманова да отурду. Кыргызстандын атынан иним Айбек экөөбүз гана катыштык. Биз Карамолдо Орозовдун “Жаш кербезин”, Нурак Абдрахмановдун “Мезгил жаңырыгын”, Атай Огонбаевдин “Ак тамак, көк тамагын” жана Ниязалы Борошовдун “Кара Өзгөйүн” чертип бердик. Эл жакшы кабыл алып, кол чаап сүрөшкөндө бизде бир аз үмүт пайда болду. Ага чейин алдыңкы орундарга илинебиз деп үмүттөнгөн эмеспиз. Анткени сынакка өтө күчтүү музыканттар катышты. Биз 1-орунду багындырдык, кубанычыбызда чек жок. Баш байгени өзбек өнөрпоздору илип кетишти.