Ырчы Джоннинин бир тууган агасынын 4 жарым жаштагы уулу Нуримандын омуртка, жамбаш жана бут сөөктөрү жабыркагандыктан баса албай, жардамга муктаж болуп, апасы элден жардам сурап жаткан. Бул тууралуу Нуримандын апасы Айсулуу Маанаева “кош бойлуу кезимде дарыгерлер баламдын оорукчан болуп төрөлө тургандыгын айтып, аны алдырып салууну сунушташкан. Бирок мен уулумду андайга кыя алган эмесмин” деп билдирген. Көпчүлүктүн жардамы менен керектүү сумма чогулуп, Нуриманга Түркияда операция жасалды. Ырчы Джонни операциянын ийгиликтүү өткөнүнө кубанып, төмөнкүлөрдү билдирди.
– Иниме биринчи операциясы жасалды. Азыр дарыланып жатат. Эми Түркияда 2-3 операция, кайтып келгенден кийин Кыргызстанда дагы 2 операция жасалат. Баарыбыз азыр Нуримандын айыгып кетишин гана тилеп жатабыз.