Тамада, куудул, телеалпаруучу, актриса катары өзүн сынап жүргөн Гүлжайна Атаканова эми ырчылыкка аттанат. Бул кадамы тууралуу куудул буларды айтты:
– Буга чейин тойлордо ырдап эле жүргөм. Эми олуттуу түрдө ырчылыкка аттанып, өзүмдү ушул жааттан да сынап көрөйүн деп турам. Жыйынтыгы кандай болорун көрөбүз. Учурда 3-4 ыр жаздырып жатам. Ушул жылы жеке концертимди да берүүнү пландап, күнүн белгилеп койдук.