Билим берүүнүн жүзү: ОКУУЧУЛАР КОНТЕЙНЕРДЕ БИЛИМ АЛЫШАТ

Нарындын Кеңеш айылындагы балдар жаңы окуу жылын контейнерде окуу менен баштады. 6 контейнерден турган «жаңы мектептин» ачылышы болуп, ага бир нече жергиликтүү чиновник катышты. Бул контейнер-мектептин ачылыш аземинин сүрөтү интернетке тарап, талкууда калды. Маалыматка таянсак, Казаалы Абиров атындагы бул темир мектепте 172 бала билим алууну улантат.

Жергиликтүү бийлик өкүлү "бул аргасыз чара, ушул контейнерди дагы суранып жүрүп алдык" деди. Казаалы Абиров атындагы орто мектептин имараты 2015-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан авариялык абалда деп табылган. Аталган айыл өкмөттүн башчысы Улан Алсеитов окуучулар 2015-жылдан бери авариялык абалдагы имаратта окуп келгенин, быйыл окууга мүмкүн болбой калганын айтат. «Жазында ӨКМ өкүлдөрү келип, мектепте окууга такыр болбойт деп эскертүү берген. Күзгө чейин кайрылып отуруп контейнерлерди эми жиберишти. Мектеп имараты жараксыз абалда тургандыктан окуучулар кышында да ушул контейнерде окууга аргасыз. Мектеп куруу боюнча 4 жылдан бери кайрылып келе жатабыз, бирок жыйынтык жок»,- дейт Алсейитов.

Быйылкы окуу жылында Бишкекте «Газпром» компаниясы курган жаңы мектеп ишке берилди. Мектептин салтанаттуу ачылышына өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков да катышты. "Президент мындай мектептин эмес, Нарындагы контейнер-мектептин ачылышына катышуусу керек болчу, ошондо тармактагы чыныгы абалды көрмөк" деген сындар көп айтылып жатат.

Коомчулукта "бул заманбап мектепте кыргыз тилдүү класстар жок, Кыргыз өлкөсү улуттук кызыкчылыкты коргоодо уттуруп жатат" деген дагы сындар айтылууда. "Аталган мектепте көпчүлүгү байлардын балдары окуп, колунда жок үй-бүлөнүн балдарына ал жерде окууга мүмкүнчүлүгү жок" деп да сындалууда. Мектеп Бишкек мэриясы бекер бөлүп берген 3,5 гектар жерге курулган.

Кыргыз өлкөсү жылдык бюджетинин 20 пайызын билим берүүгө жумшайт. Бирок бул тармакта сезилерлик жыйынтык жок. Билим берүү жана илим министрлиги болсо коррупцияга каршы күрөштөгү чабалдыгы, окуу китептериндеги, аттестаттагы элементардык каталар, тармактагы олуттуу мүчүлүштүктөр үчүн такай сындалып келе жатат. Расмий маалыматка таянсак, учурда Кыргызстанда 193 мектеп авариялык абалда турат. Азыркыдай шартта аларды жаңылап куруу жакын арада жасалары күмөн.

4-сентябрь күнү билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кызматтан бошотулду. Ал 2016-жылдан бери аталган министрликти жетектеп келген.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 879, 5-11-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан