Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун адвокаты Икрамидин Айткулов президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады.
Адвокат УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев менен ИИМдин жетекчиси Кашкар Жунушалиевди «кызматтык абалынан кыянат пайдаланды» жана «Кыргыз милициясынын кызыкчылыгын сатты» деп жоопко тартууну талап кылууда.
Айткулов "УКМК төрагасы менен ИИМ жетекчиси мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоодо атайылап же шалаакылык менен чийки операция уюштурушту. Экөө өлкөдө азыркы бийликке нааразычылыкты күчөтүү үчүн Алмазбек Атамбаевди тирүү колго түшүрбөй, жок кылууну көздөгөн болушу мүмкүн деген жоромолдор жөндүү" дейт. Ошондой эле аталган жетекчилер тууралуу «Атамбаевди кармап кетүүдө мыйзамдуулукту камсыз кыла алган жок, кызматка татыктуу эместигин көрсөтүштү» дейт. Курсан Асановго тагылып жаткан айыптар негизсиз экенин айткан Айткулов УКМК жана ИИМ жетекчилерин кызматтан четтетип, алардын жоопкерчилигин кароону президенттен суранды.
Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди күчтөп кармап кетүү операциясы жүргүзүлгөн. Аны колго түшүп берүүгө көндүргөн Курсан Асанов учурда кылмышка шектелүүдө.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg