Бишкекте мурдагы президент Алмазбек Атамбаев курдурган «7-апрель шейиттери» мечити кайсы акчага курулганы иликтенүүдө. Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, аталган мечит Атамбаевге тиешелүү «Форум» ишканасына катталган. Адегенде Башкы прокуратуранын маалымат кызматы аталган мечит Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен камакка алынганын билдирген. Көп өтпөй маалыматка оңдоо киргизип, мечит камакка алынбаганын маалымдады.
Аталган мечит 5 миң кишиге ылайыкталып, 2019-жылы апрелде ачылган. Жалпы аянты 2 гектардан ашык.
Автандил Добулбеков
politika@super.kg