ЧИНОВНИК ЭРКИН АСРАНДИЕВ ЖОГОЛУП-ТАБЫЛДЫ

Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев Ысык-Көлдө сүзүп баратып дайынсыз жоголуп, бир нече сааттан кийин табылды. Ал 31-август күнү Чырпыкты айылынан Кара-Талаа айылын көздөй сүзүп өтмөкчү болуп, катуу толкунда дайынсыз жоголуп кеткен. Аны коштоп бараткан кайыкчандар таппай калышкан. Ушул эле күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 17 куткаруучусу 2 кеме 1 катер менен издөөгө чыгып, 1-сентябрга караган түнү саат 2:10 чамасында Асрандиев аман-эсен табылды. Куткаруучулар аны Шор-Булак айылынын тушунда көлдө сүзүп баратканда кезиктиришкен.

“Биз аба ырайына көңүл бурбай калыптырбыз. Ортолоп калганда, саат 17:30 чамасында катуу шамал болуп, 2-3 метрлик толкундар башталды. Бири-бирибизди таппай калдык. Мен жээкке чейин 7 саат сүзүп, куткаруучулар табышты”,- дейт
Асрандиев.

4-сентябрда аталган фонддон “куткаруу операциясына кеткен чыгымдар кайтарылды. Мамлекеттик резиденциядан алган 400 литр, жергиликтүү бийликтен алган 600 литр күйүүчү майдын акчасы кайтарылды” деп маалымдашты.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 879, 5-11-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан