Экономика министрлиги: "Акыркы айларда инвестициялык климат начарлап кетти".
Алмасбек Абытов өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп дайындалды.
Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ишин баштады.
Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековду кабыл алып, депутаттарды жемиштүү иштөөгө чакырды.
Баткендин Ак-Сай айылында 2-сентябрда Тажик чек арачылары менен Кыргыз жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Жабыркагандар жок.
Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча 4,5 жылга соттолгон «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы башчысы Узак Кадырбаев жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыкты.
Токмок шаарында 3 бала сабалып, ооруканага түштү. Кылмышка шектелип 25 жаштагы 2 адам кармалды.
Чүй аймагындагы «Ала-Арча» эс алуу жайында 31-августта өрт чыгып, 30 гектар жер күйүп кетти.
Эгемендүүлүк майрамынан кийин Бишкектин «Ала-Тоо» аянтынан 16 тонна таштанды чыкты.
Финпол менен УКМК Өмүрбек Бабановду суракка алууну улантууда.
4-сентябрда Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты.
Бишкек мэриясынын жетекчилиги «Ош базарын» жана анын айланасын иретке келтирүүгө тапшырма берди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.