ЖЕҢИШБЕК ЖУМАКАДЫР АЙНУР ТУРСУНБАЕВАГА АШЫК БОЛУП... КЫРГЫЗ-КАЗАК АЙТЫШЫНДАГЫ КЫЗЫКТАР

Дүйнөдө мындай өнөр кыргыз менен казакта гана бар. Комузун же домбрасын колуна алып турган жерден абалга жараша уйкаштыра төгүп салуу эмне деген керемет өнөр?! Өнөр баалаган, сөз барктагандардын катарында мен да 30-31-август күндөрү Бишкекте өткөн Кыргыз-Казак акындарынын айтышына күбө болууга ашыктым. Барууга мүмкүнчүлүгү болбой калгандарга айтыштын кандай өткөнүн баяндап берем.

“КӨР ООКАТ, БАЙЛЫКТЫ ЭМЕС, РУХАНИЙ БАЙЛЫКТЫ САКТАГАН ЭЛ ӨЗҮН САКТАП КАЛАТ”

30-31-август күндөрү Бишкекте залкар төкмө Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына, Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдыгына арналган XIII эл аралык “Айтыш-2019” өнөр сынагы болуп өттү. Эки күндө тең Улуттук филармонияга жык-жыйма эл толду. 30-августта иш-чаранын ачылышы болуп, анда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев, Жогорку Кеңештин депутаты, “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүсү Садык Шер-Нияз сөз сүйлөштү. Өз сөзүндө Бексултан Жакиев эгемендүүлүккө токтолуп, "эгемендүүлүктүн баркына жеттикпи?” деп суроо салды. Ал көр оокат, байлык эмес, руханий байлыкты сактаган эл өзүн сактап каларын баса белгиледи. Калыстардын катарын Кыргыз Эл акыны Акбар Рыскулов, академик Абдылдажан Акматалиев, Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков жана башкалар толукташты.

30-августта тандоо турунан иргелип келген 8 кыргыз, 8 казак төкмө акындары чүчү кулактан туш келген атаандашы менен айтышты.

АЙНУР ТУРСУНБАЕВА ЭЛАМАН КЕЛДИБЕКОВГО "КАЙНЕНЕ" БОЛДУ

Алп төкмөлөр Жеңишбек Жумакадыр менен Балгынбек Имаш ыр чабышты баштап, көрүүчүлөрдү жан дүйнөнүн майрамына жетелешти. Айтыш өнөрүнүн күйөрмандары Жеңишбек Жумакадырдын кандай төгөрүн билишет. "Автомат" деген каймана атына жараша бул төкмөнүн оозунан сөз “автоматтын огундай” эле атылып чыга берет. Бир калыпта отуруп алып бирде казактарга, бирде депутаттарга сөз ыргытып, мактоону да, сынды да келиштирди. Айнур Турсунбаевага туш келбей калганын арман кылып сөз баштаган Жумакадыр казак төкмөлөргө тийишип, айтышта кыргыздар дайыма кош байге саярын айтып, “казактар качан кош байге коёт?” деген суроо салды эле Балгынбек Имаш "байгелердин башы болсун" деп өз шакегин Жеңишбек төкмөгө белек кылды. Мындан кийин катары менен чыгып төгүп жаткан төкмө акындардын ар биринин таланты таш жарды. Бирок сахнада ачыла албай, элди уйкусуратып койгондор да болду. Ал эми жаш Барпы атыккан Баткендин кулуну Эламан Келдибеков менен Айнур Турсунбаева бул күндүн каармандары болушту. Бул жуп сахнага чыкканда зал жанданып, көрүүчүлөрдүн кыйкырык-сүрөөнү жаңырды. Эламан Келдибеков Айнур Турсунбаеванын кызынын колун сурады. Турсунбаева макулдугун берип, экөө "кайнене-күйөө бала" болуп алып элдин бүйүрүн кызытып, күлкүгө бөлөштү. Айнур Турсунбаева илгери Элмирбек Иманалиев менен айтышканын эстеп, “шакиртин мага жиберип коюп, Элмирбек өзү кайда жүрөт?” деп суроо сала калды эле, элдин көңүлү залда отурган Элмирбек Иманалиевге бурулду. Экөөнүн убактысы бүтүп, айтышы аяктаганда Эламан төкмө болочок кайненесине тийишип, “Кызыңды ала элекмин. Кайненем боло элексиң. Битта өөп алайын” деп казактын айтылуу төкмө акынын бетинен сүйүп узатты.

Жаш Барпынын элдин сүймөнчүгүнө айланганын ушул жерден билиңиз. Анын аты аталганда эле эл жандана түшүп, болушунча колдоп жатышты. Жанымдагылар анын отурганын көрүп алып эле “отурганын кара” деп өздөрүнчө кубанып алышкан.

“МЕКЕНГЕ ДЕГЕН СЫЙ КАНА? МӨҢГҮЛӨР КАНА, КЫР КАНА?”

Кыргыз тилинин көйгөйүнө кайрылып, эне тил баркталбай жатканына ичи ачышып ырдагандар болду. Казак төкмө акындары казак тилинин көйгөйүн да ырдашты. Мухтар Ниязов тилди үйрөтүүдө “партада отурганда эптебесең, парламентке барганда кеч болот” деп маңыздуу кеп айтса, Азамат Болгонбаев “Анча-мынча "киргиздер" өз тилин билбей кууратса, кор болуп келдиң, кыргыз тил. Айрым депутаттар сүйлөсө, арман, чайналып келдиң, кыргыз тил” деп тилдин кордолуп жатканына ичи ачышты. Ооба, туура, мындай маселелерди биз, журналисттер менен өнөр адамдары көтөрбөсө ким көтөрөт, ким тиешелүү дарекке жеткирет? Бул демилгени колго алып, дайымкыдай эле “сөксөң сөк, сүйсөң сүй” деп, Жеңишбек Жумакадыр да коомдун жүрөгүн өйүп турган маселелерди комузга салып жеткирди. Ал бийликтегилерге карата мындай саптарды созду.

Кырка тоо байлык берсе да,

Кыргыздын тойбойт чоңдору.

Менден жеди тойбоду, Сенден жеди тойбойду.

“Кумтөрдү” баш кылып,

Төрдөн жеди тойбоду.

Көк асмандай чайпалган,

Көлдөн жеди тойбоду.

Ырыскынын баарысын Сатып жеди тойбоду.

Чет өлкөдөн карызды, Алып жеди тойбоду.

Кан Манас салган жол кана?

Кан Кошой айткан ой кана?

Бабалар айткан тил кана?

Булактан таза дил кана?

Мекенге деген сый кана?

Мөңгүлөр кана, кыр кана?

САРКАШКА ӨЗҮ ЧЫКПАСА ДА, КОМУЗУ ЖАРЫМ ФИНАЛГА ЧЫКТЫ

Төкмөлөрдүн арасынан жарым финалга 4 кыргыз, 4 казак төкмөлөрү чыгып, Балгынбек Имаш менен Азамат Болгонбаев, Эламан Келдибеков менен Мухтар Ниязов, Айнур Турсунбаева менен Асылбек Маратов, Жеңишбек Жумакадыр менен Жандарбек Булгаков айтыштын экинчи күнү көрүүчүлөрдүн маанайын көтөрүштү.

Балгынбек Имаш буга чейин финалга чыкканда комуз менен ырдап берем деп сөз берген эле, сөзүнө турду. Саркашка акындын (ред.: Амантай Кутманалиев) комузун көтөрүп чыкканын айтып, “Амантайдын өзү чыкпаса да, комузу жарым финалга чыкты” деп тамашалады.

Жеңишбек Жумакадыр менен айтышкан жаш төкмө Жандарбек Булгаков ага чапан жаап, казактын калпагын кийгизди. Мелдештин биринчи күнүндө да төкмө Шайлообек Отунчиевге чапан, калпак кийгизген Булгаков эки төкмө тең казак калпагын шыр эле башынан алып, өз баш кийимдерин кийип алганына таңданып, Жумакадырга “эмнеге калпакты кийбей жатасыңар?” деп суроо узатты. Жумакадыр “казактын калпагынан Алымкул кийген тебетей жогору турат” деп жооп берди.

"ПАРЛАМЕНТТЕГИ АЙТЫШ БУЛ ЖАКТАГЫГА ОКШОШ"

Кезек финалга келди. Мында Жандарбек Булгаков менен Асылбек Маратов айтышып, коррупция темасында кеп курушту.

Экинчи күндүн кульминациясы Айнур Турсунбаева менен Жеңишбек Жумакадырдын айтышы болду. Буга чейин эле Айнур Турсунбаевага туш болбой жатканын арман кылган Жеңишбек Жумакадыр эңсөөсүн кандырды. Жеңишбек мырза Айнур айымга “баарын унутуп салып, жарым саатка кыз-жигитке айланып айтышалы” деген сунуш киргизип, сөздүн гүлүн терип сүйүүсүн арнамакка өттү. Турсунбаева андан кем калабы, домбрасынын кылдарын жай чертип, созулган таризинде автомат акындан калбай жооп узатып жатты.

Мирлан Самыйкожо мелдешке конок болуп келген Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабековго “ал жактагы айтыш менен бул жактагы айтыш окшош. Экөөбүз кесиптешпиз” деп элди күлдүрдү.

Жеңүүчүлөр аныкталып, 3-орунду Балгынбек Имаш менен Эламан Келдибеков ээлеп, 100 миң сомду илип кетишти. 2-орунга татыган Азамат Болгонбаев менен Мухтар Ниязов 150 миң сом сыйлык алышты. 1-орунга 200 миң сомдон байге коюлду. Ал Асылбек Маратов менен Жандарбек Булгаковго буюрду. Ал эми “Айтыш-2019дун” жеңүүчүлөрү, баш байгенин ээлери Жеңишбек Жумакадыр менен Айнур Турсунбаева 250 миң сомдон байге алышты.

Перизат Музуратбекова
Айзада Тураркулова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
mikana
2019-09-09 09:28:20
Азаматсыз Женишбек ага,бору карыса да Бир койчолук алы бар деген ушу да
+10
jemile
2019-09-09 12:56:23
Жаш Барпы өнөрүн терең өркүндөтүп, Барпы атабыздын өнөрүн дагыда изилдеп чооң төкмө акын болчудай экен, стили жакты
+6
Paprikafm
2019-09-10 09:13:03
Баш байге 2 млн жеп жатат эленерго
0
Jazdyn_tany
2019-09-10 22:52:03
Paprikafm,общий фонд
+2
Kroxa
2019-09-11 22:41:28
Кайдан коробуз ???
+1
Tolik777
2019-09-12 09:29:01
Тиги жерде отурган спикер ЖК тушунор бекен. ХХХХХ, оздорунун эле курсагын ойлошот булар. Ойдо жактан боо десе эле ХХХХ. ХХХХ!
+1
admin_portal
2019-09-12 09:43:20
Tolik777, коомдук адепти сактаңыз. Эскертүү!
-1
№ 879, 5-11-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан