2 баласын жетелеген кош бойлуу келинди ээрчитип, редакциябызга бейтааныш аял келди. “Бул келин мага эч ким эмес, бирок анын тагдырын угуп, кайдыгер карап тура алган жокмун” деген жаран келиндин тагдырын баяндап отурду. Удаалаш төрөлгөн эки баласы келинди бучкактап, ага ачылып сүйлөп берүүсүнө мүмкүндүк берчүдөй эмес. Анын үстүнө тубаса оору менен төрөлгөн келин оюн толук түшүндүрүп бере албайт экен.
“НАРГИЗА ДАУН СИНДРОМУ МЕНЕН ООРУЙТ ЭКЕН”
Бейтааныш аял атын атагысы келген жок. Ал келиндин аты Наргиза экенин айтты. Келин өзү кыскача, жолдошу ичимдик ичип алып урарын, үй-бүлөсүн бакпасын жана бир ирет мурдун сындыра чапканын айтат.
– Наргизаны мен Ысык-Көлдөн жолуктуруп, таанышып калдым. Ал жакка өзүм ден соолугумду чыңдап алуу максатында дарыланганы баргам. Келин эки баласы менен баш калкалоо үчүн батир издеп жүрүптүр, көрүп аябай боорум ооруду. Адамдардан жалтанып калган, кээде гана ишеничтүү, боорукер бирөөгө ачылып сүйлөп берет. Өзү, кошуналары жана туугандары менен сүйлөшүп, буларды билдим:
Кошунасынын айтымында, Наргиза даун синдрому менен төрөлгөн экен. Анык ошол дарт менен ооруйт деп айта албайм, бирок психикалык жактан жабыркай турганы көрүнүп турат. Кичинекей кезинде ата-энеси да анын ооруганына көңүл бурушпаптыр. Ооруканага деле алып барышкан эмес экен. Апасы Наргиза кичине кезинде ооруп каза болуптур. Атасы жөнүндө эч нерсе деле айткан эмес, ал тууралуу маалыматыбыз жок. Апасынын көзү өтүп кеткенден кийин таенесинин колунда чоңоюптур. Мектепке барып, тамга таанып окуган эмес экен. Бой жеткенде таежеси тааныштары аркылуу күйөө таап бериптир. Улуу кызы 4 жашта, кичинеси уул, 2 жашта. Курсагындагысына 5-6 ай болуп калыптыр.
“КҮЙӨӨСҮ БАЛДАРЫН ДА УРАТ ЭКЕН”
– Күйөөсү урат экен. Бир ирет мурдун сындыра чааптыр. Анысы аз келгенсип балдарына да кол көтөрөт экен. Кызы да “атам мени урат” деп өзүн чекеге чапкылап, булдурап сүйлөп берди. Наргиза өзү урушканды, кишиге сөз кайтарганды да билбейт, жаш баладай эле унчукпай жүрө берет.
Азыр эми күйөөсү үйдөн чыгып кетиптир. Кайда экенин да билбейм дейт. Анын кетип калганына кайненеси бул келинди күнөөлөп, “төркүнүңө кет” деп үйдөн кууп чыгыптыр. Өзүнүн дагы, балдарынын дагы документтерин бербей, алып калыптыр. Балдарына мамлекеттен жөлөк пул чектелген эмес. Тиешелүү жактарга кайрылалы десек колунда документтери жок болуп жатат. Жакында төрөсө төрөт үйүнө, баласына күбөлүк алууга документтери керек болот.
“ТАЕНЕСИ ЖАРДАМ БЕРЕ АЛБАЙТ”
– Үйүнөн кетирип жиберишкенде төркүнүнө барыптыр. Таенеси көп балалуу улгайган аял экен, учурда өзү ооруп төшөктө жатат. Анын үйүндө жашап жүргөндө таенеси “жакында неберелеримди алып келиним келет, сен эптеп батир таап чыгышың керек. Биз колубуздан келишинче тамак-ашыңа жардам беребиз” дептир. Наргиза Чолпон-Атада 2 баласын жетелеп алып батир издеп жүргөндө жолуктуруп калып, ошондо тааныштым. Батир тапканы менен, өзү эч жерде иштебесе, анын акысын ким төлөмөк эле? Колумдан келишинче балдарынын курсагын тойгузуп, кичине кийим-кече алып бердим. Мындан ашыгына каалап турсам да алым жетпейт экен. Ошого боорукер элдер угуп, окуса, маалымат алса жардам берер киши табылар деген үмүттө Бишкекке алып келип, силердин редакцияга кайрылдык. Өзүбүз да батирде турабыз. Ошол себептен үйгө батыра алчудай эмеспиз.
Наргиза жардамга муктаж. Өздөрү үч бир тууган экен. Эжелери турмушка чыгып, өз турмуштары менен алек деди. Азыр ата-эне менен эле бир туугандан жардам күтөсүң. Ал эми Наргизанын андай каралаша турган шарты бар туугандары жок.
Наргизаны ээрчитип келген жаран аны биздин редакциядан чыккандан кийин Бишкектеги убактылуу баш калкалоочу кризистик борборлордун бирине жайгаштырганын айтты. Жардам берүүнү каалагандар Трудовая, 10 дарегинде жайгашкан кризистик борбордон издесе болот.
Айпери Хожаева
koom@super.kg