Орусиянын “Голос” телешосунун финалисти, өзгөчө кебетеси, мүнөзү, үнү менен таанылган Наргиз Закирова продюсери Максим Фадеевден кетти. Ырчы менен продюсердин ортосундагы келишим бир тараптуу токтотулду. Наргиз Закирова мындан аркы ырчылык тагдыры “Malfa” лейблинен көз каранды эмес экенин жар салды.
“БУЛ ЭКӨӨ СОО ЭМЕС...”
2013-жыл. Наргиз Закированын багын ачкан Орусиянын “Голос” телешоусу. Америкадан келген 42 жаштагы таланттуу ырчыга бул долбоор экинчи дем берип атагын алыска таанытты. Өзүнүн айтымында, буга чейин өзбекстандык ырчы 1995-жылы Америкага кетип, ырчылык карьерасын ресторанда ырдап улантып жүргөн. Өзбекстандан кетип калуусуна анын чыгармачылыгын мекендештери менталитетке туура келбейт деп кабыл албаганы себеп болгон.
Долбоордун финалына чейин жетип, жеңүүчү боло албаса да өз күйөрмандарын топтой алган ырчынын гастролдук туру башталган. Бирок күйөрмандары Наргиздин англис тилиндеги ырларын жакшы кабыл алышкан жок. Мындан улам кийинки гастролдук турларда көрүүчү чогулта алган эмес. Бирок Наргиз 2014-жылы жаз айында ийгилик кушун кармап алды. Ал орустардын эң белгилүү, таланттуу продюсери Максим Фадеевдин канаты астында иштеп баштады. Бул тандемдин ийгилиги келишим түзүлөрү менен старт алды. Жай айы башталганда эле “Я не твоя” (“Мен сеники эмесмин”) деген ырын чыгарып, ал хитке айланды. Бул дебюттук ыры, арты-артынан жаралган кийинки хит ырлары Максим Фадеевдин калемине таандык. Ал эми “Ты моя нежность” деген ыры "үтүктөрдөн" да жаңырып жатты. Продюсер менен ырчы ажырагыс сүйүүнү даңазалаган “Вдвоём” (“Экөөбүз”) деген ырды дуэт аткарып чыгышты. Бул дуэттен “бул экөө соо эмес” деген ушак ээрчиткенге да жетишишти.
Фадеев менен келишим түзгөндөн кийин 1 жылга жетпей Наргиз тууралуу баары билип башташты. Ага “Жылдын дебюту”, “Жылдын ырчысы” деген наамдар ыйгарылды. Албетте, продюсердин таасири, тааныш-билиши башкы ролду ойнойт. Эң башкысы – ырчы үчүн жакшы ыр да маанилүү. Ыр жок болсо жылдыз да жок. Фадеев болсо Закировага жалаң хит ырлардан турган репертуар түзүп берди. Мындан улам Орусия, Германияда бүтпөгөн гастролдук тур башталды. Ырчы бир сезондо 2 миллион рублдан ашуун каражат таап, жемиштүү мезгилде кирешесин 10 миллионго чейин жеткире алды.
“Максим – дүйнөдөгү эң мыкты продюсер. Ал жаш куракка чектелбеген, улуту, дини жок музыкаларды жазат. Бул музыканы дүйнө жүзүндө уга берсе болот. Анын музыкасы аркылуу жан дүйнөмдү оорутуп жаткан сезимдерди жеткире алам. Фадеев ар бир артисттин мүнөзүнө, жаратылышына жараша текст жаза алат” деп билдирген Наргиз маектеринин биринде.
ТАНДЕМ 5 ЖЫЛ ӨМҮР СҮРДҮ
Таланттуу ырчы менен продюсердин ийгиликтүү тандеми, тилекке каршы, 5 гана жылга созулуп, таш талканы чыгып калды. Максим Фадеев менен Наргиз Закирова “ажырашты”.
Ырчы менен Максим Фадеевдин “Malfa” продюсердик борборунун ортосундагы көйгөй ушул жылдын май айында эле башталган. Анда аталган борбор ырчынын Америкада боло турган гастролдук турун үзгүлтүккө учураткан. Бирок продюсери ара жолдо калтырганына карабай ырчы иштешүүнү уланткан. Анткен менен 2 айдан кийин продюсердик борбор ырчы менен келишимди токтотуп жатканы тууралуу билдирүү жөнөтүп, эмне себептен экенин ачыктаган эмес.
Ырчынын айтымында, алар август айынын башында Орусиянын бир нече шаарларын гастроль менен кыдырмак. Гастролдук тур башталарына 2 күн калганда Максим Фадеевдин продюсердик борбору Воронеж жана Ростов-на-Дону шаарларындагы концерттердин уюштуруучуларына "Закирова гастролдук турга чыгуудан баш тартып жатат" деген билдирүү жиберишкен. Ырчы бул чындыкка коошпой турганын билдирди.
Учурда өз алдынча чыгармачылыгын улантып жаткан ырчы: “Менин эң башкы максатым – мурда пландалган шаарларды кыдырып концерт берүү. Гастролдук тур октябрь айынан башталат. Фадеев ырларын аткарууга тыюу салгандыктан жаңы концерттик программа, жаңы командам менен барам. Чын дилинен күйүп, мага жан тарткан күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем”,- деди.“ЫРЧЫ СПИРТ ИЧИМДИКТЕРИНЕ БЕРИЛИП КЕТКЕН”
Жакында концерттик турлардын уюштуруучусу Сергей Лавров келишимдин бузулушуна ырчынын жүрүм-туруму себеп болгонун билдирди. Анын айтымында, ырчы байланышка чыкпай жоголуп кетерин, сахнага чыгарда спирт ичимдиктерин ичерин, тыюу салынган жерлерде тамеки чегерин, бул үчүн концерттин уюштуруучулары айып пул төлөп келишкенин айтып чыкты.
Айтылып жаткан бул дооматтардын айрымдарын ырчы моюнуна алды. “Чындыгында акыркы убакта спирт ичимдиктерине берилип кеттим. Бирок мен эч качан гастроль учурунда ичип, концерттерди үзгүлтүккө учураткан эмесмин” деди жакында берген маегинде.
Күйөрмандар “Фадеев ырчынын “табытына” акыркы мыкты какты” деп жатышат. Эми ырчы Максим Фадеев жазып берген, аны популярдуу кылган хит ырларды аткаруу укугунан ажырады. Наргиз Закирова өзүнүн аты менен таанылганы да жакшы болду. Эгер продюсер ага сахнада каймана ат ойлоп тапканда ырчыга кыйын болуп калмак. Себеби айрым артисттер продюсери менен иштешүүнү токтотору менен, ал каймана атынан да кол жууп калышат.
Орусиянын шоу-бизнес өкүлдөрү кезинде аябай жакын дос болгон Наргиз менен Максимдин “ажырашуусун” катуу талкууга алышты. Бир тарабы продюсер жакка ооп, ырчыны спирт ичимдиктери менен достошуп, келишимдин милдеттерин аткарган эмес деп жатышат. Экинчи тарабы Закированы колдоп Фадеев канатына алган ырчыларды адам чыдагыс рамкага салып коёт дешүүдө.
Бул жаңжал тууралуу Максим Фадеев социалдык тармактагы баракчасына: “Өзүңдү калыбына келтирүүнүн эң ылдам жолу – эки кулагыңдагы кесмелерди, жан дүйнөңдөгү ташты, моюнуңдагы көөп кеткен адамдарды алып сал. Бул 100 пайыз жардам берет. Колдонуп көргөм” деген билдирүү жазды.
Белгилей кетсек, бул Максим Фадеев карамагына алган артисттер менен чырдашып, коштошуу биринчи жолкусу эмес. Алсак, анын продюсердик борборунан ырчылар Линда, Полина Гагарина, Елена Темникова жана Олег Майами да жаңжал менен кеткен. Эске салсак, “Серебро” тобунун мурунку солисти Елена Темникова ден соолугуна, топтогу кыздар менен тил табыша албаганына байланыштуу топтон кетип, келишимди мөөнөтүнөн мурда бузганы үчүн Фадеев ырчыдан миллиондогон суммадагы компенсация өндүрүп алган.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg