ҮЙ КУРАМ ДЕСЕҢИЗ, ИШЕНИМДҮҮ КОМПАНИЯ ЖАНА САПАТТУУ БЕТОН ТАНДАҢЫЗ

Азыркы учурда Кыргызстандын жарандары жалпысынан жеке менчик үй курууга умтулат. Жеке менчик үйдүн болочок ээлери көптөгөн көйгөйлөргө кабылышат. Эгерде сиз үй курам деп ойлонуп жаткан болсоңуз, көптөгөн суроолорго ушул макаладан жоопторду тапсаңыз болот.

КУРУЛУШТУН БАШТАЛЫШЫ
Жер алып, үй курууга керектелүүчү акча топтогон соң, биринчиден, долбоор (проект) түзүү зарыл. Азыркы учурда 90 пайыз жеке менчик үйлөр долбоору жок курулат. Бул негизинен абдан туура эмес жана ыңгайсыз. Долбоор сизге эмне берет? Анда үйдүн бардык ченемдери жана көлөмдөрү жазылат. Бүт эсептер чыгарылат. Долбоор менен үйдүн документтерин алуу оңой жана мыйзам түрүндө болот. Башында кичине акча төлөп, бирок кийин көп мамлекеттик ишканаларга «параларды» берип, «чоңдорго» жалдыроонун кереги жок болот. Долбоор түзгөн соң, курулуш бригадасын жалдаш керек. Дасыккан, ишенимдүү жана билими бар прораб табуу зарыл. Ал көп маселелердин чечилүү жолун сунуштайт.

КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫ
Курулуш материалдары – бул үйүңөрдүн негизи. Базарда курулуш материалдарынын түрү аябай көп. Ошого жараша көйгөйлөр дагы аз эмес.
Биринчи көйгөй – сапаты начар материалдар. Акча тартыш болгондуктан көп адамдар арзан материалдарды алып, колдонушат. Кээ бир учурда прораб ортодон акча үнөмдөп, өз пайдасына иштейт. Ошон үчүн ар бир курулуш материалын үй ээси өзү издеп жана изилдеп, сатып алышы керек. Себеби, үй курууга абдан көп акча сарпталат. Үй кура турган киши күнүгө социалдык тармактарга сааттап убакыт коротпой, ушул маселеге кызыгып изилдеши өзүнө пайдалуу. Бетон куя турган киши бетон заводуна барып, өз акчасына, өзүнө керектүү сапаттагы жана көлөмдөгү бетон алышы ыктымал. Заводдун бетонунун артыкчылыгы – бул документ менен бекитилген сапат. Кирпичти кирпич заводунан алыш керек. Мунун себеби, завод жана чоң мекемелер бул иш менен көп жылдар бою иштейт. Жыл сайын алар сертификация процедурасынан өтөт жана мамлекеттик курулуш талаптарына жооп берет.
Заводдон алынган курулуш материалдарынын баасы дагы арзан болот жана салык төлөнөт. Мындай чарба сизди алдамчылардан коргойт. Себеби азыр алдамчылар көп. Алар сизге арзан жана аз убакытта керектүү материалдарды таап берүүнү убада кылышат дагы, анан телефонун өчүрүп жоголуп кетишет. Мындай учурлар, тилекке каршы, күндөн күнгө көбөйүп баратат.

КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫНЫН БААСЫ КАНДАЙ ЭСЕПТЕЛЕТ?
Бетондун баасын кум, шагыл, цемент жана жумушчулардын айлык акысы түзөт. Темир-бетон буюмдарынын баасын бетон менен темир түзөт. Колдонулган материалдардын сапатына жараша, заводдон чыккан буюмдун да баасы кымбат болот. Кээде базардан абдан эле арзан буюмдарды тапса болот. Булар, балким, арзан жана сапаты начар материалдардан жасалган буюм болушу мүмкүн. Дагы бир нерсе, базардагы курулуш материалдарынын көбү салык төлөнбөй сатылат. Баанын айырмасы ошондо да болушу мүмкүн.

БЕТОН
Үйдүн баарына бетон куюлат, ошондуктан бул курулуш процессинин эң негизги материалдарынын бири болуп эсептелет. Бетондун маркасын туура тандап, көлөмүн эсептеп бетон заводуна барып сатып алыш керек. Мунун баарын үй ээси эч кимге ишенбей, өзү кылышы зарыл. Бул кайрадан акча үнөмдөөгө негиз болуп, алдамчылардан алыс кылат. Бетон алганда завод сизге иш кагаздардын баарын бериши керек. Бетондун кайсы маркасы сизге туура келери долбоордо жазылат. Ал, биринчиден, жерге, сейсмозонага жараша болот. Бул долбоордун түздөн-түз жакшы жери. Бетон 28 күндүн ичинде талаптагыдай бекемдикке жетет. Ошондуктан шашылуунун кереги жок.
Көптөгөн кардарлар бизден жабуучу плиталарды сатып алышат. Плиталар 1-кабат менен 2-кабаттын ортосуна коюлат. Бул монолитке караганда 1,5 эсе арзан түшөт. Бышыктыгы жагынан бул плиталар эң бышык болуп эсептелет. Азыр көптөгөн чала усталар туура эмес ченеп көптөгөн ыңгайсыз маселелерди жаратышат. Туура эсеп менен коюлган плиталар 50 жылдан жогору, сапаты өзгөрбөй тура берет.

КАРДАРЛАРДЫН КӨПЧҮЛҮК КАТАЛАРЫ:

  1. Темир бетон буюмдарынын эскисин сатып алуу. Ал буюмдарды ким жана кандай колдонулганын эч ким билбейт.
  2. Темир бетон коё турган жердин өлчөмүн туура эмес ченөө. Туура эмес ченелип коюлган буюмдар үйдү туура эмес курууга алып келет дагы, көп убакытка жетпейт.
  3. Темир буюмдарды кесип өз ченемине туура келтирүү. Темир бетон буюмунун ичинде тартылган темир бар, ал кесилген соң, өз сапатын жоготуп эрте эле жарака кетет.
  4. Темир бетон буюмдарын «көчөдөн» же «колдон» алуу. Мындай көрүнүш эч убакытта жакшы бүтпөйт. Сапаты далилденбеген буюмдардан курулган үйдө жашаган кооптуу болуп эсептелет.

Мунун баарын эске алып, бышык жана сапаттуу үй курам десеңиз, ушул жана башка көптөгөн факторлорду изилдеп, ишенимдүү мекемелер менен келишим түрдө сатып алуу сизди көптөгөн ыңгайсыз маселелерден коргойт.
Негизи үй куруу – бул абдан чоң чарба. Бул маселеге жоопкерчиликтүү мамиле жасап, көп жыл жашай турган турак жай курарыңызга ишенебиз. Биздин тилегибиз – ар бир Кыргыз Республикасынын жараны жеке менчик үйгө ээ болуп, ийгиликтүү жаш муунду өстүрүүсү. Биздин өлкөдө кырдаал оор болгону менен, элибиз күчтүү жана бекем болот. Ошого жараша үйлөрүбүз да бекем жана коопсуз болгону жакшы. Кыргыздардын бардыгына жакшы тилек каалайбыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Snejana
2019-09-16 21:34:42
Рахмат! Жакшы кенеш экен.
+1
№ 880, 12-18-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан