Шумкар Бейшеналиев, актёр, вайнер, каскадёр: «АПАМ МЕНИ ӨЗ ӨМҮРҮН ТОБОКЕЛГЕ САЛЫП ТӨРӨГӨН»

Шумкар Бейшеналиев учурда комедиялык тасмалардын актёру, вайнер катары таанымал. Ал айрым жылдыздар сыңары «бошобойм, жумушум бар» деп каадаланбайт. Жөнөкөйлүктү баалаган Шума менен кайсы темада баарлаштык, окуп чыгыңыздар.

– Шумкар, салам! «Перекупщик» деген жаңы тасма тартып жатыпсыңар. Тасмаңар голливуддук «Перевозчик» тасмасынын плагиаты болуп калбайбы?
– Саламатсыздарбы! Азыр Кыргызстанда алып-саткандар көп эмеспи. Мен деле бир кезде машина алып-сатып иштеп калгам. Албетте, сүйүктүү актёрум Жейсон Стетхэм тартылган аталган тасманын да таасири болду. «Алып-саткычтарды тасма кылып тартса кандай болот?» деп идеямды Эмил (ред.: Эсеналиев), Азамат байкелерге (ред.: Исмаилов) айтсам, «сонун болот» деп колдоп кетишти. Тасманы эл кандай кабыл алат болду экен деп алдын ала кыскача видео тартып интернетке киргизсек, колдонуучулар жакшы пикирлерин айтышты. Ошондон кийин ийгиликтүү долбоор болчудай деп ишке кириштик.

– Сен достук темасында вайндарды көп тартасың. Достордон күйүп калган учуруң болгонбу?
– Чыныгы дос кыйынчылыкта билинет экен. Мен айланамдагыларга көп байкоо салам. Арасында кыйынчылыкта жок болуп, ишим жакшы жүрүшкөндө кайра пайда болгондору бар. Аларга «анттиң, минттиң» деп бетине айтпайм. Бирок аны менен экинчи мамиле кылбайм деп өзүм үчүн чечим чыгарып коём. Ошондой эле мени алдап кеткендер көп болду. Мисалы, жарым жылдан ашты, бирөө бир айда берем деп карызга акча алган. Ага ишенип, унаа алам деп көптөн бери чогултуп жүргөн 8000 долларымды бергем. Берер убагы келгенде ар кайсы калпты айтып бербей жүрдү. Үйдөгүлөр түшүнүктүү кишилер да, «өзүң аман болсоң болду, унутуп эле кой» дешет. Кантип унутмак элем? Тааныштарды ортого салып жатып 8 ай дегенде араң алдым. Ошол акчага кыялымдагы Гелендваген унаасын алганыма кубанып жүргөн чагым.

– Кут болсун! Биринчи тапкан акчаң эсиңдеби?
– Ооба да. Мен карапайым үй-бүлөдө чоңойгом. Апам жумушка кеткенде үйдө бекер жаткым келбей балдар менен талаага чыкчубуз. 5-6-классымда талаадан помидор терип иштеп, 74 сом тапкам. Анын 3 сомун улуу балдар алып коюшкан. Акчамды алдырып жибергениме ызаланып ыйлаганым эсимде. Кийин чоңоюп эле калганда каникулда курулушта иштеп 7000 сомдой таптым. 7000 сом мага аябай көп көрүнүп, эмнеге короторумду билбей, апама алып келгем. Апам «өзүңдүн тапкан акчаң» деп, мектепке кийим сатып берген.

– Апа демекчи, сени төрөрдө дарыгерлер апаңа «өзүңүздү же баланы тандашыңыз керек» деп шарт коюшкан турбайбы?..
– Ооба, апамдын буту варикоз менен жабыркайт. Дарыгерлер мени төрөрдө «балаңды же өзүңдү танда» дешкен экен. Мага чейин эжем бар, апам «эркек бала экен, төрөйм» деп чечиптир. Азыр «сени ырас төрөп алган экенмин» деп сүйүнө берет. Бирок төрөтү оор болуп, бутундагы тамырлары жарылып кыйналыптыр.
Ата-энебиз бизди ачык сүйлөгөнгө үйрөттү. Мен кандай маселе болбосун атама да, апама да айта алам. Атам менен ата-бала, дос катары да жакшы мамиледемин. Туура эмес иш кылып алсам, атамдын эки бетинен өөп кечирим сурап коём.

– Эми сенин жумушуңа өтөлү. Азыр кыска видео тартып, атактуу болгусу келгендер көп. Сенин алардан өзгөчөлүгүң эмнеде деп ойлойсуң?
– Туура айтасыз, азыр «хайп» деген сөз чыкпадыбы. «Хайп» деп алып туура эмес нерселерди чыгарып жатышат. Бизде аларга салыштырмалуу зордук-зомбулук, жаман адаттарды пропагандалоо жок. Кыска тамаша менен жаштарды жакшылыкка үндөөгө аракет кылабыз. Тамашалардын баары жашообуздан алынат. Мисалы, акыркы «на иппөдрөме» деген тамаша бир байкебиздин «сөздүгүнөн» алынган үлүп). Видеону көрүп алып байкем «менин сөзүм го» деп аябай сүйүнүп алыптыр. Анан да биз жасалма ойнобогонго аракет кылабыз. Жакында бир кинодо мас кишинин ролун аткардым. Өзүм өмүрүмдө ичип көрбөсөм да аябай окшоштурдуң деп жатышат.

– Койчу, такыр ичип көргөн эмессиңби?
– 3-классымда сыра ичип көргөм. Бирок даамы, жыты такыр жаккан эмес, дароо түкүрүп салгам. Ошондон кийин алкоголдук ичимдикти оозго алгыс болгом. Кээде тойлорго барганда «сыйлап коёлу, мен үчүн ичип кой» деп суранышат. Аларга туура түшүндүрүүгө аракет кылып, колдон келсе ичпегенге аракет кылам.

– Элге таанылгандан кийин жашооңдо, өзүңдө өзгөрүү болдубу?
– Мектепте тентек болчумун. Мугалим эжейимдин маңдайынан чыксам да каратып туруп качып кетчүмүн. Кийинки сабакта доскага чыгарып «эмнеге качып кеттиң десе, «качан?» деп моюнума албай койчумун. Кээ бир мугалимдер тентектигимден жаман көрүп жүрүштү. Ал эми класс жетекчибиз мени чоң баш дечү, бирок жакшы көрчү үлүп).
Бир нече жыл мурун Азамат байке «элге таанылып калсаң сени кыздар сөгүшөт» деп айтчу. Кантип эле ошондой болсун деп таң кала берчүмүн. Көрсө, ошондой болот экен. Мага да «кечээ эле ким элең, жерге түшсөң» деген «жакшы» каттар келип турат. Жумуштун көптүгүнөн дайыма эле каттарга жооп бере албайм да. Ушундай эле түшүнбөстүктөр болбосо, өзүм ошол боюнча элемин үлүп).

– Маектин аягында кыздар тууралуу сүйлөшөлү. Айтчы, сулуу кыздарды көргөндө биринчи эмнесине көзүң түшөт?
– Эркек болгондон кийин, албетте, сырткы келбетине көз салам. Биринчи көзүнө көңүл бөлөм. Көз карашынан эле адамдын кандай экенин билсе болот. Ички дүйнөсү да сөзсүз маанилүү. Үйдүн жалгыз уулу болгондуктан, болочок жубайым түшүнүктүү, ата-энемди сыйлаган, жөнөкөй, шоу-чөйрөдөн алыс кыз болсо дейм. Анткени бир үйгө бир артист жетет го деп ойлойм.

– Ушул кезге чейин көңүлүңдү ээлеген кыз болду беле?
– Болгон. Экөөбүз бир жарым жыл сүйлөшкөндөн кийин мамилени үзүп койгом. Ага өкүнбөйм деле. Ал кыз катуу бир сөз айтып көңүлүмдү калтырган. Андан бери кыздарды караштырып жүрөм, буйрук экен да, азырынча жолуга элек.

– Өзүң кыялдангандай бийкеч жолуксун. Маегиңе рахмат!


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Шумкар Бейшеналиев: “Жүрөгүмдүн ээсин таба элекмин”
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Nevestkaa
2019-09-16 09:09:18
Актер от бога да ушул бала.Жасалмасы жок сонун аткарат.Башка вайнерлерге караганда Шумкарбайдын видеолору күлкүлүү болот.Бактылуу бол,өмүрүң узун болсун ИЙГИЛИК .
+18
vikidiki
2019-09-16 13:23:20
Ооба мен да Шумкардын вайндарын калтырбай кором. Азамат ,ийгилик сага!
+9
Merelisha
2019-09-16 22:17:00
Баары ушунлай ак конул, эмгекчил болушса. Улгу алса болчуудай эркек экен. Ийгилик!
+7
balzak
2019-09-17 16:42:14
ролдорду мыкты аткарат, азаматсын, ИЙГИЛИК!!!
+4
mela
2019-09-17 17:42:16
Ата-энеси мыкты адамдар экен.
+5
BoDiNur
2019-09-17 18:52:03
Малыш....
+1
toma95
2019-09-19 04:16:12
Аии апаныз жапжашкенго.Омуру узун ден соолугу бекем болсун.Бала бакыт да.Менин 4 жаштагы балама бироо бала бол мага десе жоок апам мени аран торогон деп калат
+1
Skarlett-Skarlett
2019-09-19 11:22:06
Жылдыздуу ээ,эркек деген ушундай болушу керек.
+1
№ 880, 12-18-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан