БИШКЕКТЕ САБАЛГАН 2 ЖИГИТТИН АБАЛЫ ООР. ШЕКТҮҮЛӨР КАМАКТА

Өткөн айда 2 адам катуу сабалып, ооруканага түшкөн. Аларды аёосуз сабагандар 6-сентябрь күнү Бишкек ШИИББине келип, 2 айга тергөө абагына камакка алынды. Ал эми жабыркагандардын абалы оор бойдон калууда. Жакындары алар майып болуп калат деп кооптонуп жатышат.

ЗӨӨКҮРЛӨРДҮ КАЛКАЛАГАН ТУУГАНЫ КЫЗМАТЫНАН АЛЫНДЫ

28-август күнү таңкы саат 07:00 чамасында Бишкектин Жал кичи районунда үрөй учурган мушташ катталган. Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаран катуу сабалып, оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Шектүүлөр 1985-жылы туулган Жаныбек Бапышов жана 1999-жылы туулган Калысбек Сейитбеков аттуу жарандар экени аныкталып, издөө жарыяланган. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Эки шектүүнүн үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренеси (адам өмүрүнө кол салуу) менен кылмыш иши ачылган.

Жабырлануучуларды сабаган 2 жарандын тууганы милиция кызматкери болуп иштей турганы коомчулукка тарап, ИИМ ал маалыматты моюндаган. Шектүүлөрдү кармагандын ордуна аларды окуя болгон жерден алып кетип, кийин жабырлануучулардын үстүнөн арыз жаздырып, анан экөөнү коё берген адам Чүй ОИИББинин кызматкери, экөөнүн тең агасы Казыбек Бапышов экендиги аныкталып, ал 4-сентябрь күнү кызматтан четтетилди. Мушташ болуп жаткан жерге телефон чалуу боюнча ыкчам топ барган. Алардын катарында милициянын патрулдук-кайгуул кызматынын кызматкерлери да барган. Прокуратура бул окуядан кийин аталган кызматтын 3 кызматкерине жана облустук милициянын кызматкери Казыбек Бапышовго кылмыш ишин козгоду. Милиция кызматкерлери «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «кылмышты жаап-жашыруу» беренелери менен шектелип жатат. 9-сентябрь күнү патрулдук көзөмөл кызматынын айдоочусу жана курал атуучу кызматкери Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2-ноябрга чейин үй камагына чыгарылды.

Эки адамды чала жан кылып тепкилеген 2 жарандын бул ишине коомчулук кайдыгер карап турган жок. Социалдык тармактарда кызуу талкуу жүрүп, күнөөлүүлөрдү татыктуу жазалоо талабы менен 5-сентябрда Ак үйдүн алдына митинг уюштурулду. Ага милициянын кылмыштуу иштерди жаап-жашыруусуна каршы болгондор жана жабырлануучулардын жакындары катышты.

ШЕКТҮҮЛӨР ТҮН ЖАМЫНЫП МИЛИЦИЯГА КЕЛИШТИ

6-сентябрь таңкы саат 04:07 жана 05:12де шектүүлөр Жаныбек Бапышов менен Калысбек Сейитбеков Бишкек ШИИББинин имаратына өз ыктыярлары менен келишти деп маалымдалды. Ошол күнү алардын колго түшүп берген видеосу интернетке тарап, коомчулук тарабынан "атайын уюштурулган" деп талкууга алынды. Шектүүлөр тергөөдө көрсөтмө берүүдөн баш тартышты. 7-сентябрь күнү Свердлов райондук соту тарабынан аларды 2 айга камакка алуу чечими кабыл алынды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге Бишкектеги бул окуяны тыкыр иликтөө, Саламаттыкты сактоо министрлигине жабыркагандарды керектүү дары-дармектер менен камсыз кылуу тапшырмасын берди.

«МЕНИ ДА УРА БАШТАГАНДА КАЧЫП КУТУЛДУМ»

Мушташ орун алган күнү «Тез жардам» кызматын чакырып, жабырлануучулар менен кошо ооруканага барган окуянын күбөсү Элдияр Т. буларды айтып берди:

– Окуя болгон жерде мен да бар болчумун. Видеого үчөөбүз түшүп калыптырбыз. Мен сабалгандардын айылдаш иниси болом. Ал күнү дагы бир айылдаш агабызды Орусияга узатканы жатканбыз. Ал байке окуя болгон жердеги үйлөрдүн биринде жашайт. Ал сумкасын алып чыкканы үйүнө кирип кеткен. Ал арада биздин маңдайыбыздан агрессивдүү жигиттер чыга калышты. Ай-буйга келбей эле, Улан байке менен Асылбек байкени экөө эки жактан башка, жаакка койгулап киришти. Видеодо көрүнүп тургандай, артынан кууп барып башка бир нече жолу тепкилешти. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй, аларды арачалоого аракет кылдым. Сөзгө келбей коюшту. Мага да муштум кезеп бир-эки сокконунан жаныбыздагы дүкөндүн ичине кире качтым. Кирип эле дароо «Тез жардам» кызматына чалдым. Канча убакыт өткөнүн билбедим. «Тез жардам» келгенден кийин аларды салып түз эле Улуттук госпиталга жеткирдик. Биз ал жерден кеткенде милиция кызматкерлери келе элек болчу. Убакыттан пайдаланып «Тез жардамдын» кызматкерлерине ыраазычылык билдирип кетким келет. Улан байке эс-учун жоготкон абалда болчу. Өз убагында ооруканага жеткирип барышты. Тиги эргулдарды такыр тааныбайбыз. Мурда-кийин булар менен кез келген эмеспиз.

«ЖЕЗДЕМ АР КАЙСЫНЫ СҮЙЛӨП, ЖӨӨЛҮП ЖАТАТ»

Жабырлануучулардын биринин балдызы эс-учун билбей жаткан М.Асылбек өзүнө келип, бирок жөөлүп, акыл-эси толук калыбына келе электигин айтты:

– Жездем башында эч кимди тааныбай жаткан. Азыр эжем ооруканада карап жатат, аны бир аз таанып калды. Бирок көптөн бери көрбөгөн киши келсе тааныбайт, ыйлап, кетенчиктеп качып жатат. Апасы көргөнү келгенде аны да тааныбай ыйлап, дене табы көтөрүлүп, баарыбызды дүрбөлөңгө салды. Дарыгерлер тынчтандыруучу дары берип уктатышты. Ошондуктан туугандары, достору келип көрө албай жатышат. "Сүйлөгөнү да түшүнүксүз" дейт эжем. Ар 5 мүнөт сайын ар кайсыны сурап, булдуруктап түшүнүксүз бирдемелерди сүйлөп жатыптыр.

Баш мээси катуу жаракат алган көрүнөт, ар кайсыны сүйлөп, кээде туруп каткырып калат. Жездебиздин абалын эжемден батынып сурай албай жатабыз, анын жүрөгү ооруйт. Сурасак эле «ушинтип эс-акылын жоготуп, майып болуп калабы?» деп ыйлайт. Бөйрөктөрүн, көкүрөгүн көрсөтүп, «ооруп жатат» дейт экен. Баягы экөө үстүнө чыгып секирип, бөйрөктөрүнө тепкилешпеди беле. Мурду менен көзүнүн чарасындагы сөөктөрү сынып кеткен. Дарыгерлер «аны коё тургула, шишик тарасын, анан көрөбүз» деп жатышат. Азыр бир аз наар алып, тамак жеп калды.

Дары-дармегин болсо башында өзүбүз алып жатканбыз. Бир даана таблеткасы эле 260 сом турат экен. Азыр дарылануусун, койка акысын ооруканадан бекер дешти. Бирок ошол кымбат дарыларын туугандар өзүбүз алып берип жатабыз. Эжем менен жездемдин 3 жашар баласы бар. Ал азыр Нарында, туугандардыкында. Буларды сабаган тараптын жакындары кабар да алып коюшкан жок. Кандай таш боор немелер, түшүнө албай турабыз.

«ҮМҮТҮБҮЗ АЛДЫДА БОЛО ТУРГАН ОПЕРАЦИЯДА»

Баш сөөктөрү сынып, жаак сөөктөрү талкаланган Б.Уланга жакынкы күндөрү операция жасалат. Эжеси Э.Б. операция ийгиликтүү өтөт деп үмүттөнүп жатканын айтат:

– Инимдин бетиндеги шишиктерин таратуу аракетин көрүп жатышат. Азыр бир аз тарагансып калды. Бирок дагы эле чулдурап, түшүнүксүз сүйлөп жатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттыкты сактоо министрлигине жабырлануучуларга «медициналык кызматтар бекер көрсөтүлсүн» деп тапшырма бергенге чейин дары-дармекти өзүбүз сатып алып жатканбыз. Өзүнө келип, жок дегенде көзүн ачса экен деп болгон каражатыбызды жумшадык. Азыр оорукана жетекчилиги «операциясын бекер жасайбыз» деп жатышат. Айылдан атам келип ооруканада карап жатат.

Иним кишини таанып жатат. Бирок өзүнүн бети киши тааныгыс абалда болуп калган. 11-12-сентябрга операция белгиленген, ийгиликтүү өтсө экен деп турабыз, үмүтүбүз ошондо. Иним үйлөнө элек, биз анын али жакшылыктарын көрүшүбүз керек.

Жабырлануучулар классташтар болушкан, алар Ат-Башы районуна караштуу Казыбек айылынын тургундары. Шектүүлөр менен эч кандай тааныштыгы болгон эмес. Мыйзам сыйлаган өлкөдө милиция кызматкери шектүүнү калкалап, кылмыш ишин жашырса министр баш болуп токтоосуз кызматтан кетмек. Ушундай окуялардан улам тууганчылык, трайбализм, коррупция мамлекетибиздин түбүнө жетеби деп кооптоносуң.

Айпери Хожаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
Nevestkaa
2019-09-16 09:55:45
Кудайым колдоп айыгып кетишсин,ден-моолугу бекем болуп узак жашашсын.
+14
aibars
2019-09-16 09:59:42
Корсотмо бергизип эмне убара болушат, баарын видео далилдеп жататко дагы эмне керек? Журокторун ордунан козгоп, опколорун жула коюш керек, эки ай кутпой эле туз термир тор артына омур бою кучотулгон режимде эркинен ажыратыш керек. Бул эки буттуу адам кейпиндеги айбандар коомго зыян!
+12
Paprikafm
2019-09-16 10:20:07
Мага уруксат берсе туз эле барып атып салмакмын
+13
Alia82
2019-09-16 10:48:29
Кудайым шыпаасын берип айыгып кетишсин
Берки айбандарга сөз жок...
+12
Aimani
2019-09-16 11:14:35
Мыйзам иштеген өлкөдө министр кызматтан кетмек дейт. Кашкар деген неме кетиш үчүн дагы эмне болуш керек. Уже канчанчы жолу кетиш керек болуп жатат.Жабышты да калды креслосуна.
+14
katerina.li
2019-09-16 12:21:13
Ии айланайындар,жакшы болуп кетишсинчи деп кудайдан тилек кылалы. Жон жерден эле майып болуп кала ташташты бул жигиттер
+9
bema_bema
2019-09-16 13:13:40
Колунан келген чондор,бизнесмендер дары дармегина жардамдашса сооп болот ,карапайым адамдар экен
.
+5
katerina.li
2019-09-16 13:26:31
Окмот кыйын экен ушу балдарды Москва га жонотпойбу даарыланганы
+7
al-abu-kinesz
2019-09-17 10:45:33
Пожизненно отургузуш керек. Башкаларга да сабак кылып
+5
asash
2019-09-17 12:53:50
Сурап эмне кылат, ХХХХХ корсотуш керек,буттарына ийнелерди сайып койуп жанын козуно корсотуш керек, ошондо жаза кандай болгонун корот, же туугандарына откоруп бериш керек, алар кантип жазалашты оздору билишет, ушундай закон да кабыл алыш керек, катуу жабыркаса Адам, жакындарына ошондой кылып жазалоо боюнча,айдай адамдар майып болуп калышты го.........
+3
Siren.ms
2019-09-17 17:52:12
Мына результат! Чындык бар экенго ушундай иштесек тез эле онолобуз буйруса, призидентке данк жана дунк баардыгын козомолдоп жатканын ушундан билсек болот болбосо буга оушогон иштер акча менен жабылып эле журбойбу
+3
№ 880, 12-18-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан