Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

АЛМАШКАН АШЫКТАР

№232 13-19-апрель, 2007-ж.


Эгерде сиз менен түгөйүңүздүн ор­тоңуздарда түшүн­бөстүктөр пайда болсо, дароо урушууга камданбаңыз. Андай маселелерди чечүүнүн эки жолу бар: биринчиси – психологдун кызматын пайдалануу, экинчиси – жөн гана төмөндөгү тасманы чогуу отуруп көрүү.

Продюсерлери: Ренат Давлетьяров, Александр Котлевский
Ролдордо: Кристина Орбакайте, Гоша Куценко, Евгений Стычкин, Андрей Краско, Ольга Орлова,
Екатерина Стриженова

Кыскача мазмуну

Тасманын башкы каармандары кадимкидей эле заманбап үйбүлө мүчөлөрү. Күйөөсү – Андрей Голубев (Гоша Куценко) шаардын алдыңкы адвокаты, карьерасынан башка эч нерсени ойлобойт. Аялы Марина ­­­­­­– (Кристина Орбакайте) искусство адамы, Москвадагы эң кыйын адис болуп эсептелет. Бул жуп бардык жаш жубайлардай эле жашашат: Марина тамагын даярдап, жолдошун жумуштан күтөт, ал эми Андрей үйүнө түнкүсүн гана кайтат. Жумушунан келээри менен диванга кулайт да, татынакай жубайына көңүл бурбастан, телевизор тиктеп отура бергенден башка колунан эч нерсе келбейт. 7 жыл чогуу жашагандан кийин күйөөсүнүн мындай мамилесине чыдай албаган Марина андан ажыраша тургандыгын билдирет. Бойдоктун жашоосу оңой эмес экендигин билген Андрей аялын коё бергиси келбей: “Үйбүлөлүк психологго баралы” деп сунуштайт. Жаштар кайрылган доктур Коган жөнөкөй психолог эмес, чыныгы сыйкырчы болуп чыгат. Ал эки жашты жараштырыш үчүн башкача амал ойлоп табат. Тагыраак айтканда, экөөнүн денелерин алмаштырып коюуну чечет. Ошентип, фильмдеги накта кызыктын баары Марина күйөөсүнүн, Андрей болсо аялынын денелеринде ойгонгондо башталат.
Жибектен ич кийим кийген Андрей төшөктө бир топко чейин керилип жатат, анан шашпай туруп, бетине маска коёт. Өзүнүн “жаңы” денесин көргөн соң каткырып күлүп койгондон башка эч нерсе кылбайт. Ал эми Марина болсо чоң-чоң кадам менен басат (эч кандай жамбаш чайкамай деген жок). Денеси алмашканын байкаганда чыныгы эркектей урушуп, эркектей сөгүнөт.
Ошентип, күндөр өтө берет. Андрей аялына тамак жасап берет, Марина болсо футбол ойноп жүрөт. Бирок, баары эле ойлогондой жеңил эмес да! Жумуш деген бар, достор деген бар. Жубайлар кызматтарына биринин ордуна бири жөнөшөт. “Менин карьерамды буза турган болсоң, көрсөтөм!” дейт күйөөсү. “А сен курбуларымдын алдында мени уят кылба!” деп жинденет аялы. Башында ушинтип урушкан жаштар кантип жакындаша кеткендерин өздөрү да байкабай калышат. Ар кимиси өз денелерине сарсанаа болуп, саат сайын бири-бирине телефон чалып, ал-жайларын сурап турууга көнүп калышат. Анан бара-бара так ушул сезимдер аларды бир кезде ЗАГСка алып келгенин түшүнүшүп, мурунку ысык мамилелери кайрадан жандана баштайт. Сыйкырчы доктур Когандын жардамы менен Андрей өзүн кантип бааласа, жубайын да ошентип баалоону, ал эми Марина өзүн кандай сүйсө, жолдошун да ошончолук катуу сүйүүнү үйрөнүп, акыры такыр ажырашкыс болушат.

Тартуучу топтун сырлары

РЕНАТ ДАВЛЕТЬЯРОВ: “Фильмдин өзөгүн драматург Александр Курейчиктин театралдык пьесасы түзөт. Бирок, биз тарткан тасма оригиналынан бир топ айырмаланат. Пьесада Марина сатуучу болсо, биз аны өнөрпоз, ал эми бухгалтер Андрейди адвокат кылып өзгөртүп коюуну чечтик. Бул фильмде боевик, драма, комедия жанрлары аралашып кеткен. Бирок, башкы идея болгон сүйүү эч өзгөрүүсүз.
КРИСТИНА ОРБАКАЙТЕ: “Мен үчүн эркектин ролун аткаруу өтө деле оорчулук жараткан жок. Мен ансыз деле эркек болуп төрөлүшүм керек болчу. Жадакалса апам­дын боюнда экенимде мага Стасик деп ат коюп коюшкан. Бул тасманы тартууда мен кыйынчылык көр­бөстөн, чоң ырахат алдым. Фильмди 3 жума бою ижарага алынган квартирада тарттык. Убакыт тар болгондуктан, кээде үйгө кетпей эле чоң керебетке жатып алчумун. Ал керебетке жатууга менин, Гошанын жана режиссёрдун гана укугу бар эле. Бир күнү ойгонсом жанымда үн режиссёру, жарык берүүчүлөр, операторлор жатышкан экен. Кыска мөөнөттүн ичинде бардыгыбыз достошуп, жакындашып калганыбызга мен абдан кубанам”.
ГОША КУЦЕНКО: “Бул ролду өмүр бою унутпайм! Мен аткарып жатканда гомосексуалга окшоп калбайын деп аракет кылдым. Татынакай, эч кимден көз карандысыз, акылдуу айымдын образын жаратуу мен үчүн оңойго турган жок. Кристина мага чоң жардам көрсөттү. Мен анын сүйлөгөнүн, баскан-турганын туурап жатып чыныгы аялдай эле болуп калдым. Кээде Кристинанын телефону менен сүйлөшүп да койчумун. Ал тургай бир жолу Алла Борисовна мени Кристина экен деп ойлоп калган.
ЕКАТЕРИНА СТРИЖЕНОВА: “Алгач сценарийин окуганымда тасма мага анча жага бербеди. Балким, режиссёр менин жолдошум болбогондо, тартылууга макулдук бербейт элем. Акыры өзүмдүн каарманымдын образына ушунча кирип кетиптирмин, жадакалса өз кыздарым да мени тааныбай калышыптыр”.
АЛЕКСАНДР СТРИЖЕНОВ: “Бул фильмге үйбүлөмдүн бардыгы тартылды. Өзүм чакан ролду, адвокат Аристарховду, келинчегим олигарх күйөөсү менен ажырашып жаткан айымды аткарды. Кичине кызым менен апамды да тасмадан көрө аласыздар. Ал эми профессионалдуу актёрлор тууралуу айта кетсем, алардын баарысы азаматтар. Гоша менен Кристина өз иштерин ушунча мыкты аткарышты, акыры биз да аларды алмаштыра баштадык. Маркум Андрей Краско фильмдин дубляжына катышууга жетишпей калды. Анын үнүн дублёр сүйлөттү. Мындан тышкары, актёрдук топто белгилүү ырчылар Ксения Новикова, Ольга Орлова, алып баруучу Валдис Пельш дагы бар. Менин сүйүктүү актёрлорум Евгений Стычкин менен Эвклид Кюрдзидистин жасаган эмгектерине сөз жок. Бардыгына ыраазычылыгымды билдиргим келет”.

Кызыктуу...

  • Фильмге саундтрек катары көп сандаган ырлар жазылган. Алардын катарында Орбакайтенин “Асманды тарткым келет”, Орлованын “Сыр сөз”, Долинанын “Мүмкүн” аттуу ырлары бар. Тасманын композитору белгилүү ырчы Аркадий Укупник экенин айта кетели.
  • Фильмдин бет ачарына атактуу адамдар, Москванын элитасы чогулган. Мисалы, алпаруучулар А. Малахов, А. Цекало, Е. Малышева, депутат М. Малиновская, ырчы П. Шаляпин жана Кристинанын атасы Миколас Орбакас.
  • Алла Пугачёва фильмдин расмий бет ачарына келе албай калган. Ушул себеп менен ырчы айым үчүн башка күнү бүт кинотеатр арендага алынып, Алла Борисовна кызынын эмгегин жалгыз отуруп көргөн.
  • Тасманы алгач “Сүйүү кайда баратат?” деп аташкан. Кийин аны “Любовь-морковь” деп которууну туура көрүшкөн. Бул аталышы англис тилине кандайча которулаары азырынча белгисиз. Биз болсок мазмунуна карап “Алмашкан ашыктар” деп которууну туура көрдүк.

Даярдаган Бегайым Мусакеева



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: