ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 16-СЕНТЯБРДАН 22-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Иштер көп болуп, убакыттын өтүшүн да билбей чарчайсыз. Аптада кыймылсыз мүлк, унааны каттатпай туруңуз, бюрократиялык мамиледен улам убактыңыз бекер коройт. Жакшы идеяны досторго сунуштап пайда табасыз. Коңшулар менен бир маселени чечүүгө катышасыз.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптанын башында кыйкымчыл, өзүмчүл болуп чыга келесиз. Андыктан жакындарыңыз менен тил табышуу кыйындайт. Каржылык көйгөйлөрдү чечпесеңиз, жакында акчасыз каласыз. Айылдан же башка шаардан туугандардын келиши мүмкүн. Апта аягы сизге чакан олжо тартуулайт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Жеке жашоону калыпка салууга чынчылдык, жөнөкөйлүк жардам берерин унутпаңыз. Жашоону жакшы жакка бурууга мүмкүнчүлүк жаралат, кармап калыңыз. Күндөлүк режимди калыпка келтирүүгө киришиңиз. Балдарга керектүүлөрүн сатып берүүдөн улам чыгымдарыңыз өсөт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Кунарсыз жашооңузга кире баштаган өзгөрүүлөргө ыңгайлашууңуз керек. Сатып алуу, сатуу, мүлк алмаштыруу ийгиликтүү жүрөт. Келечек планды эч кимге айтпаңыз, ич күйдүлүк кылгандар табылат. Бойдоктор өздөрүн таарынткан адамдан баш тартпай, ага экинчи мүмкүнчүлүк беришкени оң.

АРСТАН (23.07-23.08)

Өзүңүзгө мотивация берип, энергияны керектүү багытка жумшаңыз. Туура эмес сүйлөгөн сөздөрүңүз өзүңүзгө каршы колдонулушу мүмкүн. Жумушта жакшы иштеп, жетекчиликтин көзүнө түшүү оң. Тааныштардын бири жакшылыгын белгилөөгө чакырат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Кирешени көбүрөөк табуу үчүн чечкиндүү болуу кажет. Интерьерди карап чыгып, керексиздерден арылыңыз. Документ иштерин бүтүрүүдө юристтен кеңеш алсаңыз туура болот. Тиричилик техникасы, компьютер же смартфон бузулуп, оңдотууга акча жумшайсыз. Конок күтүүңүз ыктымал.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Айрымдар кол сунган адамы менен баш кошууну пландаса, кээ бирлер бизнесин кеңейтүүгө же карьерадан көтөрүлүүгө аракеттенишет. Ичи тарларга ишеним артпаңыз. Буюм сатып аларда анын баасына эмес, сапатына кароо кажет. Үйдөгү майда иштерди бүтүрүү керек.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Сырттан колдоо күтпөй эле коюңуз, убада бергендер сөздөрүнө турбайт. Жүрөгүңүзгө жакын адамыңыз тууралуу түрдүү кептерди угасыз, чын-төгүнүн өзүнөн тактоо кажет. Азыраак өлчөмдө акча алууңуз мүмкүн. Апта акырында эс алып, өзүңүзгө кам көрүңүз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жакын арада жакшы башталган иштер солгундай түшөт. Сүйүктүүңүздүн сезими менен ойнобоңуз, узакка таарынышып калууңуздар мүмкүн. Жаңы иш издөөгө, сатып алууларга ыңгайсыз апта. Негативге көңүл бурбай, хоббиңиз менен алектениңиз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Жакын адамыңызга моралдык жактан колдоо керектелет. Үйүңүзгө бирөөлөр белекке буюм тартуулашы ыктымал. Активдүү адамдардын саясий лидерлер менен баарлашуусу күтүлүүдө. Үйдө майда чырлар чыгат, сүйлөшүү менен маселени чечсе болот.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жеке жашоо, айлык, кызматтык абал... Айтор, өзүңүзгө ыраазы болбой чыга келесиз. Минтип өзүңүздү жей берүүнүн ордуна конкреттүү чечим кабыл алып, алдыга жыла баштооңуз оң. Кечеге чакырык алып, келбетти оңдоп, жаңы кийим алууңуз ыктымал.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Кыйынчылыктарды бактылуу кокустук четтетет. Мүмкүн, акча тартыштыгынан кутуласыз. Ооруп калбоо үчүн аба ырайына жараша кийинип, жеңил тамактарга басым жасоо сунушталат. Досуңуз жакшы сюрприз тартуулайт.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 16-22-сентябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 880, 12-18-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан