КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ: ПРЕЗИДЕНТТИН ИШИНЕ УКУКТУК БАА БЕРҮҮ ТАЛАП КЫЛЫНУУДА

КСДП партиясы Башкы прокуратураны президент Сооронбай Жээнбековдун аракеттерине укуктук баа берүүгө чакырды.

Партия өкүлдөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди Кой-Таш айылынан күчтөп кармап кетүү операциясы одоно мыйзам бузуулар менен коштолду дешет. “Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Атамбаевди кармоо операциясын өзү жетектеп, ушул ыкманы тандаганын айтты. Ал элге каршы, мыйзамсыз операция. Мындан улам УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевге, “Альфанын” башчысына, ИИМ жетекчиси Кашкар Жунушалиевге кылмыш иши козголуусун талап кылабыз. Сооронбай Жээнбековдун бул окуядагы иш-аракеттерине укуктук баа берилип, импичмент процедурасы башталышы керек”,- деп айтылат КСДП прокуратурага тапшырган арызда. Мурдагы президенттин тарапташтары "Атамбаевди кол тийбестиктен ажыраткан Жогорку Кеңештин чечими мыйзамсыз, демек, аны тергөөгө күч менен кармап кетүү дагы мыйзамсыз болду" деген позицияда турушат.

Бразилия, Түштүк Корея өңдүү өлкөлөрдө башкы прокурордун бийликте турган өлкө президентине айып тагып, кылмыш ишин козгоого эрки жетет. Ал эми эгемендүү Кыргыз тарыхы, 28 жылдан бери иштеп келе жаткан бийликтин системи бизде андай окуяларды элестетүүгө мүмкүндүк бербей келе жатат. Президент ката кетирди-кетирбеди, башка маселе. Кылмыш ишин козгоочу, тергөө жүргүзүүчү органды президенттин көзөмөлүнөн өз алдынчалыкка чыгаруу сунушу бир дагы бийликтин тушунда колдоо тапкан эмес.

Ушул жылдын 7-август күнү “спецназ” Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө бастырып кирип, бирок аны кармап кете алган эмес. Кагылышууда ондогон адамдар жаракат алып, бир офицер октон каза тапты. Эртеси президент Сооронбай Жээнбеков парламентте билдирүү жасап, анда Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калганын минтип түшүндүргөн: “Бийликтин кадыр-баркы төгүлсө да, элдин каны төгүлбөсүн дедик”...

Ушул эле күнү, экинчи жолку операция маалында Атамбаев колго түшүүгө көнүп берди. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында отурат.

Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 880, 12-18-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан