Президент Сооронбай Жээнбеков 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн бардык мүчөлөрүн жолугушууга чакырды. Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров билдирди. Жолугушуу 14-сентябрь күнү өтөт.
Ал эми 10-сентябрда Бишкекте Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн жолугушуусу өттү. Ага экс-президент Роза Отунбаева, саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков баштаган 11 адам катышты. Жолугушууга учурда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен депутат Иса Өмүркулов, коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев катышкан жок. Бул жолугушууда Кыргызстандагы акыркы окуялар, саясий кырдаал талкууланганы айтылды.
Эскерте кетсек, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 2016-жылдын 31-августунда чукул жыйынга чогулуп, ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин иш-аракеттерин сынга алышкан. Тагыраагы, анын 31-август күнү борбордук "Ала-Тоо" аянтында Убактылуу өкмөттүн дарегине айткан сындары үчүн Отунбаевадан кечирим сурашын талап кылышкан.
Перизат Музуратбекова
politika@super.kg