ӨЗБЕКСТАН АРАЛ ДЕҢИЗИН ЖАШЫЛДАНДЫРУУГА КИРИШТИ

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев дүйнөлүк масштабдагы маселени чечүүнүн үстүндө иштеп жатат. Тагыраагы, Өзбекстан суусу соолуп калган Арал деңизин жашылдандыруу боюнча ишти колго алып, активдүү аракет кылууда.

Орто Азияга таасири зор Арал деңизинин соолуп, ордуна чөлдүн пайда болуусу глобалдык катастрофага тете иш болгон. Буга чейин Өзбекстандын демилгеси менен ири суммада каражат жумшалып, бир канча айдын ичинде Аралдын аймагынын 500 гектар аянты жашылдандырылган. Өзбекстан лидери Мирзийоев августта Каракалпакстан Республикасынын Муйнак районуна болгон иш сапарында быйыл Аралдын аймагына 700 миң гектар жерге көчөт отургузуу тапшырмасын бергени маалым болду.

Бул деңиздин кургап какыраган чөлгө айланган аймагын токойго айландыруу аракети. Ошондой эле бул аянтты пайдалуу иштетүү үчүн да иштер жүргүзүлөрү белгилүү болду. Мисалы, 4 жерге ар биринин аянты 4 гектарды түзгөн тоют чөп эгилери пландалууда. Маалыматка таянсак, бул долбоорго Өзбекстан, Орусия, Казакстан жана Испаниядан эксперттер катышмакчы. Коңшу өлкөнүн президентинин Арал деңизи боюнча көтөргөн демилгеси кичинекей Бишкектин дарактарына түзүк кам көрө албай жаткан Кыргыз өкмөтүнө, анын ичинде шаар жетекчилерине үлгү болорлук иш.

Казакстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан Арал деңизи 1960-жылдары дүйнөдөгү 4-чоң көл болгон. Акыркы 55 жылдын ичинде деңиз соолуп, анын аянты 3 эсеге кыскарган. Бул көрүнүш аймакта бир катар экологиялык, биологиялык, климаттык маселелерди жаратып келет.

Перизат Музуратбекова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 880, 12-18-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан