Бир нече жумадан бери талкуу чордонунда келе жатышкан кош жылдыздар Нурлан Насип жана Асел Кадырбекова элдин талкуусуна чекит коюшту. Тактап айтканда, жубайлар “ажырашып кетишиптир” деген божомолдорду төгүнгө чыгарышты. Нурлан Насиптин 10-сентябрда өткөн туулган күнүндө Асел Кадырбекова аны торт менен күтүп алып куттуктаган видео интернет желесине жайылды. Туулган күнү кандай өткөнүн ырчы өзү төмөндөгүдөй баяндады.
– Мен бул күздө 29 жашка чыктым. Негизи, жаш өткөн сайын туулган күнүңдү белгилегиң келбей калат экен. Түнкү 12ден өткөндө тойдон чыгып үйгө келсем ата-энем, жакындарым торт менен тосуп алышты. Мындай сюрпризди күткөн эмесмин. Ата-энем, бир туугандарым белектерин берип, жакшы каалоо-тилектерин айтышты. Асел мага жаккан атыр белек кылды. Буюрса, 29 жашым жакшы башталды.