Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын оюнчусу, “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча 2009-жылдын “Супер футболчусу” аталган Азамат Байматов 7-сентябрь күнү уулдуу болду. Биринчи жолу ата статусуна ээ болуп кубанып жаткан Азамат мырзаны куттуктап байланышканыбызда, буларды айтып өттү.
– Ооба, уулдуу болдум. Учурда эне-баланын абалы жакшы, төрөтканадан чыгыша элек. Балабызга ысым коё элекпиз, азырынча ат тандап жатабыз. Ата-энебиз, туугандарыбыз менен кеңешип туруп бир ысым тандайбыз. Ата болгонго чейин эркектер көп нерсени түшүнбөй эле жүрөт экенбиз. Чыныгы жашоо эми башталган сыяктуу болуп жатат. Уулумду көрдүм, көбүрөөк апасына окшош экен. Салмагы 4 килограмм 80 грамм, бою 55 сантиметр экен, бул жагы атасын тартыптыр. Буюрса, футболчу болот деп турам.
Футболчу жигит менен жубайын мындай жакшылыгы менен куттуктайбыз. Ымыркайдын бешик боосу бек болсун! Кыргыздын атын чыгарган атага тең уул болсун деп тилейбиз.