Азат Тороев азыр 24 жашта. ДЦП менен төрөлгөн. Бирок духу күчтүү, абдан позитивдүү жигит. Ал сиз, биз кыла албаган жумушту жасап жүрөт. Анын макалалары орус тилдүү белгилүү “Vogue”, “GQ”, “Glamour”, “Architectural Digest”, “Harper's Bazaar”, “Elle” журналдарына басылган. Эми алдыда Азатты айтылуу “The New York Times” гезити менен иштешүү күтүп турат.
“БАСЫП КЕТКЕНИМ – АТА-ЭНЕМДИН, ДАРЫГЕРЛЕРДИН ЭМГЕГИ”
– Менин аты-жөнүм Азат Тороев, журналист, копирайтер, фрилансермин. Мээрим Осмонова менен биргеликте “Окно” медиабасмасын негиздеп, ошону өнүктүрүү менен алекпиз. Азырынча бизди орус тилдүү өлкөлөр билип калды. Келечекте Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытсак дейбиз.
Үй-бүлөдө 3 уулдун ортончусумун. Апам мамлекеттик кызматкер, атам 2013-жылы каза болуп калды. Мен төрөлгөндө эле ДЦП менен жабыркап, көпкө чейин коляскада отургам. Ата-энемдин мени дарылайбыз деп алып барбаган жери, көрсөтпөгөн дарыгери калган жок. Жумалап-айлап ооруканада жатчумун. Караколдогу Ак-Суу балдарды реабилитациялоо борборунда көп дарыландым. Минтип өз алдымча басып кеткеним – ата-энемдин, дарыгерлердин эмгеги. Албетте, ДЦПны толук айыктыруу мүмкүн эмес. Бирок тынымсыз дарыланып турса сөзсүз жылыш болот.
Дарылоо процесси балдар үчүн өтө оор болот. Ак-Сууда дарыланып жүргөндө канча ирет кийимдеримди чогултуп, кетем деп чыктым. Массаж жасаган жерге барсаң балдардын чыңырган ачуу кыйкырыктары угулчу. Азыркыга чейин ошол сезимдер көз алдымда. Массаж ушунчалык катуу жасалат, жаның ачыйт, чыдатпай ооруйт, кыйкырасың, бакырасың, дарыгерлерди тепкилейсиң... Бала болчумун да, анда ал нерселер менин келечегим үчүн жасалып жатканын түшүнчү эмесмин. “БИР КОЛДУУ ДЕП ШЫЛДЫҢДАГАНДАР БОЛДУ”
– Мен бала кезимден толукмун. Буга ден соолугумдун мүмкүнчүлүгү чектелгени кошумча болуп, айрым балдар үчүн шылдыңдаганга жакшы тема болчу. Кичинекей кезде ойлонбой сүйлөй беребиз да, мени бир колдуу деп шылдыңдагандар болду. Бирок мен аларга маани берген эмесмин. Досторумдун колдоосу, апамдын мээрими, үйдөгү жагымдуу маанай негативдүү нерселерди жеңүүгө жардам берди. Окуудан тышкары ата-энем ар кандай ийрим, курстарга жаздырып коюшчу. Сабактан чыгып алып курстар менен алаксып, негативдүү ойлорго убактым болгон жок. Биздин учурда Покемон сыяктуу мультфильм каармандарынын сүрөтү түшүрүлгөн карточкалар мода болчу. Бош убакта досторум менен карта ойночумун. Кошуна балдарга апам дайым “Азатка көз салып тургула” деп дайындачу, алар мени карап жатып, аягында дос болуп кетчүбүз (күлүп).
“2 ЖОЛУ АМЕРИКАГА БАРЫП ОКУДУМ”
– Бала кезден чыгармачылыкка жакынмын. Кыялымда ким гана болгум келбеди. Бир ырчы болом деп чыктым. Кийин актёр, телеалпаруучу болгум келди. Жогорку класста окуп жүргөндө режиссёр болом деген ишеничим чоң эле (күлүп). Америкадагы жомоктогудай жашоого кызыкчумун. Кыялымды ишке ашырам деп англис тили курсуна калтырбай барып, өз алдымча окуп, 11-классты аяктаганда FLEX программасы менен Колорадо штатынын Форт Колинс шаарына барып окуп келдим. Мекениме келген соң Токмоктогу Борбор Азия Эл аралык университетинин эл аралык мамилелер факультетин аяктадым. Университетте да алдыңкы студент катары тажрыйба алмашуу максатында TOEFL программасы менен Чикагого барып, бир семестр билим алгам. Ал жакта креативдүү жазуу сабагы бар эле. Анда биз аңгеме, поэма, көркөм жазуунун сырларын үйрөндүк. Бул нерсе мага чоң багыт болду.“THE NEW YORK TIMES” ГЕЗИТИНЕН ТАПШЫРМА КҮТҮП ЖАТАМ”
– Студент кезде эсселерди жазып, интернет сайттарга макала даярдап жүрдүм. Өзүмдүн блогумду ачтым. Мага ушул жанр аябай жагат экен. Издеп жүргөн нерсени тапкандай болдум.
Ал эми чет өлкөлүк журналдар менен иштешүү былтыртан башталды. Алгач “Conde Nast” аттуу белгилүү журналдарды басып чыгарган басма үйүнө портфолиомду калтыргам. Бирок ал жактан кабар болгон жок. Кийинчерээк мага “Vogue” журналынын редактору байланышып, “сиз бизге жактыңыз, кааласаңыз жазыңыз, тапшырма берели” деди. Албетте, кубануу менен алардын тапшырмасын аткардым. Ошентип биринчи макалам былтыр “Vogue” журналынын сентябрь айындагы санына чыкты.
Мени көпчүлүгү редакцияга барып макала жазат деп ойлошот экен. Чынында андай эмес, мен штаттан тышкаркы фрилансермин. Тагыраак айтканда, мага редакторлор "жарнамалык макала жазып бериңиз" деп тапшырма беришет, мен жазам. Биринчи эмгегимден кийин редакторлор биринен-бири көрүп байланышып, тапшырма берип жатышты. Азыркы күндө жарнамалык негиздеги орус тилдүү макалаларым “Glamour”, “Vogue”, “GQ”, “Architectural Digest”, “Harper's Bazaar”, “Elle” журналдарына басылып чыкты. Менин өзгөчөлүгүм – москвалыктардан азыраак акча сурайм. Башкаларга салыштырмалуу тапшырманы бат аткарам жана мода, сулуулук дүйнөсүн жакшы билем. Жакында “The New York Times” гезитинин редакторлору байланышкан, эми тапшырма беришмек, ошону күтүп жатам. Бул мен үчүн чоң сыймык жана стимул.
“МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН БАЛДАР МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ КЕРЕК”
– Менин сол колумдун манжалары ачылбайт, аксап басканымдан да ден соолугумдун мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин байкаса болот. Бирок бул мага эч качан тоскоол болгон эмес. Туура, ДЦП экенибизди өчүрүп болбойт. Бирок аракет кылса, сөзсүз жылыш болот.
Дени-карды соо адамдар мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен абайлап сүйлөшсө дейм. Алардын мага боору ачып же алдымда ыңгайсыз болгону мен үчүн маанилүү болбошу мүмкүн. Анткени менин жакшы иммунитетим бар (күлүп). Бирок “комплекси” бар балдар үчүн абдан оор болот. Алар баарын жүрөгүнө жакын кабыл алат да, жакшы жашоого үмүтү жок, негативдүү адамга айланат. Кыргызстанда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды көчөдөн, коомдук жайдан көрө албайбыз. Эмнеге? Анткени алар коомдо өзүн эркин алып жүрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Бала кезден шылдыңга кабылышат, стресс болот, ошонун таасири менен үйдөн чыкпай камалып отурушат. Ата-энеси жарытылуу көңүл бөлбөсө “менде такыр эле мүмкүнчүлүк жок турбайбы” деп үмүтү өчөт. А балким, ал бала келечекте мыкты музыкант же атактуу инсан болмок. Ошондуктан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-эне, бир туугандарына айтар элем, жакыныңыз менен сөзсүз сүйлөшүңүз, сырдашыңыз, туура багыт бериңиз!
“АМЕРИКАГА КӨЧҮП КЕТСЕМ БОЛМОК...”
– Мен АКШда жашап, көп нерсеге көзүм ачылды. Ал жакка көчүп кетүү мүмкүнчүлүгүм деле бар болчу. Бирок андай кылган жокмун. Эгер мен өзүмдүн “күчтүү империямды” түзөм десем, ал жакта атаандаштык күч. Ал эми бизде атаандаштык жокко эсе, Кыргызстан айдалбаган талаадай. Чоң кыялдары бар, бирок “колумдан келбейт” деп корккондор, “биз коррупцияга батып калганбыз” деп кейип-кепчигендер, адашасыздар, бизде иштеп акча тапчу толтура ресурстар бар. Мен көп мүмкүнчүлүктөрдү көрүп, жасап, иштегим эле келип турат.
Гүлжамал Абылкасымова
koom@super.kg