МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН АДАМ ДА ЧЕМПИОН БОЛО АЛАТ

Паралимпиада оюндары ­– ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн эл аралык спорттук жарыштар. Кыргыз өлкөсүндө да мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар спорт менен машыгып, жергиликтүү, дүйнөлүк жарыштарга катышып, жеңиштерге жетишсе болот. Ал үчүн каалоо гана керек. Мүмкүнчүлүгүнүн чектелгенине жараша спорттун кайсы түрү менен машыкса боло тургандыгын өкмөттүн алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин олимпиадалык эмес спорт түрлөрү боюнча дирекциясынын усулчусу Адилет Камчыбеков айтып берет.

Адилет Камчыбеков:
«МАМЛЕКЕТ СТИПЕНДИЯ ТӨЛӨП БЕРЕТ»
– Биздин дирекция спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү, атайын олимпиадалык түрлөрү, паралимпиада, сурдлимпиада оюндары боюнча иш алып барат. Биз өлкө ичиндеги, эл аралык спорттук мелдештерге даярдоо, окуп-машыгуу, иш сапарга жөнөтүү боюнча иштерди алып барабыз. Негизги багыт – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды сергек жашоого үндөө, алардын да өлкөнүн намысын коргоп жеңиштерди багынтуусуна шарт түзүү. Азыр өлкөдө 187 миң мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Бизге мамлекеттик бюджеттен жыл сайын 10-15 миллион сомго чейин каражат бөлүнөт.
Көпчүлүк ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар эч нерсе менен алек болбой үйдө отурушат. Алар үчүн жумуш жок, көпчүлүгү толук билим алышпайт, психологиялык жактан алсыз. Аларды спорт аркылуу психологиялык, интеллектуалдык жактан өстүрүүгө болот. Бул балдар спортто ийгиликти багындырса, ага мамлекет 10 миңден 75 миң сомго чейин стипендия төлөп берет. Демек, алар спорт аркылуу өзүн камсыздай алышат. Өз жашоосун гана жеңилдетпестен, өлкөнүн туусун чет жерлерде желбирете алышат. Биздин милдет – аларга багыт берүү. Бала 12-14 жаштан машыгып баштаса, ал 18 жашка чейин олимпиада чемпиону болуп калышы толук мүмкүн.

«АУТИСТ, ДАУН СИНДРОМУ МЕНЕН ЖАБЫРКАГАНДАР МАРАФОНГО КАТЫШТЫ»
– Быйыл май, июнь айларында Балыкчы, Талас шаарларында парамарафон уюштурдук. Ага ар бир шаардан 250дөн адам катышып, 3 чакырым аралыкка чуркашты. Катышкандар аутизм, даун синдрому менен жабыркагандар, коляскада отургандар, ампутанттар, кулагы укпаган, көзү көрбөгөндөр болушту. Алар дени сак адамдардай чуркашпаса да, ошол аралыкты басып өтүштү. Аутисттер, даун синдрому менен жабыркагандар, көзү көрбөгөндөр бирөөнүн коштоосу менен катышышты.
Айрым спорт түрлөрү менен машыгуу үчүн мүмкүнчүлүгү чектелгендерге атайын шарт түзүү керек эмес. Ар бир айылда спорт зал, баскетбол, волейбол аянттары бар. Ошол аянттарда ойной алышат. Дзюдодо ошол эле татамиде күрөшөт, стол теннисинде ойношот, чуркоо үчүн дегеле өзгөчө шарт керек эмес. Мамлекеттик залдарда машыгуу бекер. Ал эми айрым спорттун түрлөрү үчүн атайын шарттар керек. Мисалы, бул адамдар машыккан штанга башкача болот.

Маалымат алуу үчүн 0(312) 32 49 80, 0778 43 63 93 номерлерине байланышыңыз, биз машыктыруучуларды дайындап, ар бириңиздерге багыт беребиз. Гезитте көрсөтүлгөндөн башка да спорттун түрлөрү менен машыга аласыз.


БИЗДЕ ДА ЧЕМПИОНДОР БАР.

Эсен Калиев,
тубаса эки жамбашы сыртка чыгып төрөлгөн: Пара пауэрлифтинг боюнча "Лондон-2012", "Рио-2016" Паралимпиада оюндарынын катышуучусу. Дүйнөлүк Кубоктун алтын, күмүш, коло байгелеринин ээси. Кыргыз Республикасынын 17 жолку чемпиону жана рекордчусу.

Нурбек Тойчубаев, оң колу чыканактан ылдый жок: Пара триатлон боюнча Азия чемпиондугунун эки жолку коло байгесинин ээси. Эл аралык жана республикалык чемпиондуктардын жеңүүчүсү.

Арстанбек Базаркулов, белден ылдый шал оорусу менен ооруйт: Пара жеңил атлетика боюнча "Рио-2016" Паралимпиада оюндарынын жана "Жакарта-2018" ПараАзия оюндарынын катышуучусу.


КИМ КАЙСЫ СПОРТ ТҮРҮ МЕНЕН МАШЫГА АЛАТ?

ПАРА ДЗЮДО
Эл аралык федерациясы: IBSA (International Blind Sport Association)

Ким катыша алат?

  • Көзү азиз же көзүнөн жабыркагандар.

Классификациясы

  • В1 классы – көзү азиз атлеттер.
  • В2 классы – көздүн курчтуулугу 0,03 пайыз же көрүү талаасы 5 С (градус) чейинкилер.
  • В3 классы – көздүн курчтуулугу 0,03-0,01 пайыз же көрүү талаасы 20 С (градус) чейинкилер.

Сыпаттамасы

  • Оюндун негизги тапшырмасы – көтөрүп ыргытуу, ыкмага салып жыгуу, бөгөттөө. Дзюдодо физикалык күч көп талап кылынбайт. Спортчуга ыкмаларды колдонуу чеберчилигине жараша баа берилет.

Жабдуулар

  • Спорттук аянтча, татами, кимоно.


ПАРА ПАУЭРЛИФТИНГ
Эл аралык федерациясы: World Para Powerlifting

Ким катыша алат?

  • Бою кыска, буту кыска же ампутациялангандар, моюн омурткалары ишке жарабагандар.

Классификациясы

  • Спорттун бул түрү эч кандай класска бөлүнбөйт, эгерде спортчу классификациянын критерийине туура келсе, ал каалаган салмактагы категориядагы мелдештерге катышууга укугу бар.

Сыпаттамасы

  • Атлеттин денесинин жогорку бөлүгүнүн күчүн сыноо. Катышуучунун тапшырмасы – штанганы өзүнүн салмак категориясынан эң жогорку абалда көтөрүү.

Жабдуулар

  • Атайын адистештирилген штанга топтому, паралимпиадалык спортчу үчүн жатып түртүү үчүн стол, блиндер, гриф.


ПАРА ТРИАТЛОН
Эл аралык федерациясы: ITU (International Triathlon Union)

Ким катыша алат?

  • Бою кыска, буту кыска же ампутацияланган адамдар. ДЦПнын түрлөрү менен жабыркагандар, көзү начар көргөндөр.

Классификациясы

  • РТ 1 классы – коляскада отургандар.
  • РТ 2-3-4 классы – колу же буту ампутациялангандар, ДЦП менен жабыркагандар.
  • РТ 5 классы – көзү азиздер жана көрүүсү начарлар.

Сыпаттамасы

  • Паратриатлеттер 750 метр сууда сүзүп жарышат, 20 чакырым аралыкка велосипед менен жүрүшсө, үч дөңгөлөктүү коляска менен 5 чакырым аралыкты басып өтөт. Атлеттер кезек-кезеги менен бардык аралыктарды басып марага келишет.

Жабдуулар

  • Велосипед, кол менен тебүүчү велосипед, коляска ж.б.


ПАРА ТАЭКВОНДО
Эл аралык федерациясы: ITF (International Taekwondo Federation)

Ким катыша алат?

  • Колу-буту кыска же ампутациялангандар, дисмелия (тубаса буту-колу жана денесиндеги кемтиктер) менен жабыркагандар.

Классификациясы

  • К41 классы – эки колдун чыканакка чейинки бөлүгүнүн ампутацияланышы,
  • К42 классы – бир колдун чыканакка чейинки бөлүгүнүн ампутацияланышы,
  • К43 классы – эки колдун чыканактан кийинки бөлүгүнүн ампутацияланышы,
  • К44 классы – бир колдун чыканактан кийинки бөлүгүнүн ампутацияланышы.

Сыпаттамасы

  • Оюндун мүнөздөмөлүк артыкчылыгы – мелдеш учурунда бутту активдүү колдонуу. Башкача айтканда, соккуну узатууда жана блок коюуда негизги ролду бут ойнойт. Бирок бут менен башка тебүүгө уруксат берилбейт.

Жабдуулар

  • Спорттук зал, татами, бобок-кимоно, коргоочу амуниция.


Перизат Музуратбекова
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан