Салидат Хамилова, модель: «НЬЮ-ЙОРКТО ПОДИУМГА ЧЫККАНЫМ КЫРГЫЗДА БАЙКАЛАТ ДЕП КҮТКӨН ЭМЕСМИН»

Бүгүн сиздерди океандын ары жагында жашаган ийгиликтүү бир мекендешибиз менен тааныштырабыз. Ал – Салидат Хамилова. Салидат 5 жылдан бери АКШда жашайт. Бул аралыкта дүйнөлүк мода индустриясына аралашып, өткөн жумада Нью-Йорк шаарында өткөн мода жумалыгына катышты. Сулуулук чөйрөсүндө дүйнөлүк сүлууларга тең келип, кыргыздын атын чыгарган Салидат менен кызыктуу маек курдук.

– Салидат, саламатсызбы? Өткөн жума Нью-Йоркто мода жумалыгына кыргыз кызы чыкты деп угуп кубанып, сыймыктандык. Алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Атыңыз да өзгөчө экен...
– Саламатчылык. Рахмат. Мен Бишкекте төрөлүп-өскөм. Атымды атамдын эжеси бир жерден угуп жактырып калган экен, ошол эжем койгон. Мектепке барарда үй-бүлөбүз менен Чүйдүн Ново-Покровка айылына көчүп келип, ошол жерден №1 мектепти бүтүргөм. Менин чоң атам Хамил (Камил) нарындык татар болгон. Ал кыргызча да, орусча да таза сүйлөп, балдарын «силер кыргызсыңар» деп тарбиялаган. Чоң энем кыргыз, Нарындын Куланак айылынын кызы. Андан тышкары менин чоң кайын энем да Куланак айылынан болот. Үй-бүлөм менен дайыма сыймыктанып жүрөм.

– Моделдик чөйрөгө кызыгууңуз качан башталды? Кимден же эмнеден таасирлендиңиз?
– Ар бир адамда табияттан берилген шык болот. Талантыбызды байкап, өзүбүздүн ички үнүбүздү угуп жашасак, ар бир адам жашоодон ордун табат. Мен кичинекей кезимден боюм узун, аябай арык кыз болчумун. Өспүрүм кезде балдар, кыздар көп шылдыңдашчу. Ал кезде «Fashion TV» каналын жана «Американын кийинки супер модели» деген шоуларды көрүп, модель кыздарга өзүмдү салыштырып, окшоштуруп, мода чөйрөсүнө кызыгуум башталган. Моделдик чөйрөгө келип, өзүмө окшош кыздар менен таанышып, иштешип, өзүмө болгон ишеничимди өстүрдүм.
Сыналгыдан көргөн моделдерди туурап, алардан көп нерселерди үйрөнүп алган элем. Бишкектеги моделдик агенттикке келип «мен сиздер менен иштешким келет, бирок сиздерде окуп, үйрөнгөнгө шартым жок» деп айткам. Агенттик мени бир-эки жолу кастингге чакырышкан. Ошондо дизайнерлерге жагып, иштешип калгам. Бишкекте өткөн мода жумалыктарына да катышкам. Өзүм окуган университетте "Мисс КУУ» сынагына катышып жеңүүчү болгом.

– Учурда карьеранызды Америкада улантып келесиз. Ал жакка дүйнөлүк подиумдарды багындыруу максатында кеттиңиз беле?
– Америкага модель болом деген максат менен келген эмесмин. Бирок Америкада жашап, моделдикке шыгым болуп туруп, кыялым үчүн аракет кылбасам акылсыздык же коркоктук болмок. Ал кыял көчүп келгенден кийин, кийинчээрек ишке ашты.

– АКШ сизди кандай тосуп алды? Өз жолуңузду таап, ийгилик жаратуу оңойго турбаса керек?
– Бул жакка келгендин баары кыйналат. Англис тилин өздөштүрүү, бул жердин мыйзамдарына көнүү оңой эмес. Америкада жашоо деңгээли аябай жогору. Көбү мындай оорчулуктарга даяр эмес, бирок аракетке берекет дегендей, аракетчил, тырышчаак адамдар бардык жерде жашап кете алышат.
Америкага келген биринчи жылдары тилди тез өздөштүрүп кетүү максатында жөнөкөй жумуштарга орношуп, кофейняларда иштеп, америкалыктар менен көп аралаштым. Колледжде окуп, машина айдаганды үйрөнүп, деги эле жашоого болгон оюмду өстүрдүм. Анан акча чогултуп, моделдик чөйрөдө өнүгүүнү эңсеп, кичинекей шаардан чоң шаарга көчтүм.

– Эми өткөн жумада өткөн Нью-Йорктогу мода жумалыгы тууралуу сурайын. Ал жакта атаандаштык күчтүү экени айтпаса да белгилүү. Көпчүлүктүн арасында калбай, Кыргызстандын атынан биринчилерден болуп чоң подиумга чыкканыңыз тууралуу айтып берсеңиз.
– Туура, бул жакта иммигранттар, Америкада төрөлүп өскөндөр менен бирдей атаандаштыкта болушат. Мода чөйрөсүндө атаандаштык абдан күчтүү. Жөн эле арык, бою узун, сулуу кыз эле эмес, спорт менен машыккан, өзүн туура алып жүрө алган, англисче жакшы сүйлөгөн, сын пикирге чыдамкай жана дайыма иштерман болуш керек. Кастингдерде ар кандай моделдерди көрдүм, алардын ичинде Victoria`s Secret шоусуна катышкан моделдер менен да бир сынакта болдум. Менин Нью-Йорктогу мода жумалыгына катышканым Кыргызстанда байкалат деп күткөн эмесмин. Ооба, Нью-Йорктогу мода жумалыгына катышуу ар бир модель үчүн маанилүү. Бирок мен үчүн бул кичинекей жеңиш деп ойлойм, анткени өзүмө Американын деңгээлинде максаттарды коём.
Кыргызстан кичинекей, жаш өлкө болгондуктан чет өлкөлүктөр кыргыздардын бар экенин билишпейт. Менден дайыма "Япония, Корея же Кытайдансыңбы?" деп сурашат. Анан мен эринбей жүз жолу сураса, жүз жолу кыргыздар ким экенин, Кыргызстанды картадан көрсөтүп, биздин салттар, тамактарыбыз жөнүндө айтып берем. Ошондуктан мен кыргыздын атын мода чөйрөсүнө кичине болсо да таанымал кылганыма абдан кубанычтамын.

– Кыргызстанда азыр жасалма сулуулук популярдуу болуп кетти. Буга көз карашыңыз кандай?
– Мен жасалма сулуулукка каршы эмесмин. Эгерде андан адам өзүн бактылуу сезип жатса, эмнеге болбосун? Биз бул дүйнөгө конокпуз, канча жашаарыбызды билбейбиз, ошондуктан, акыл-эс менен сулууланганга көз карашым түз. АКШда да жасалма сулуулукту колдогондор бар. Сулууланбай, жөнөкөй, табигый сулуулуктун жолдоочулары да толтура. Эң башкысы - адам ички дүйнөсүнүн каалоосу менен жашаса дейм.

– Эми алдыда кандай пландарыңыз бар?
– Пландарым көп. 4-5 ар кандай моделдик агенттиктер менен иштешем. Лондон мода жумалыгына да чакырышкан, бирок азыр мен Лос-Анжелес менен Нью-Йорктун ортосунда жашап, иштеп жүрөм. Убакыт барда мода чөйрөсүндө дагы көбүрөөк ийгиликтерге жетип, белгилүү бренддер менен иштешейин деген максатым бар.

– Үй-бүлөлүү айымга дүйнөлүк масштабдагы мода дүйнөсүндө карьераны улантуу оор эмеспи?
– Кыргызстанда жашап жүргөн кезден бери өзүмдү феминист катары эсептейм. Феминисттик уюмда ыктыярчы болуп, билим алгам. Дүйнө өзү идеалдуу эмес. Мурда аялдар өзүн өсүп-өнүктүрүүдөн алыс болушкан, аларга патриархат жол берген эмес. Заман өзгөрүп, биз жашаган капиталисттик системде индивидуализм күч алып келе жатат. Жолдошум экөөбүздүн көп нерселерге көз караштарыбыз окшош, ошондуктан бири-бирибизди колдоп стереотиптерге ийилбей жашаганга аракет кылабыз.

– Маегиңиз үчүн рахмат. Бийиктиктерди багындыра бериңиз!


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
karona12
2019-09-23 13:51:36
Азаматсын!
0
Aituwas
2019-09-23 14:02:25
Азамат кыз экен!
0
Aituwas
2019-09-23 14:02:40
Молодец
0
Jikos
2019-09-24 09:21:04
Нарындык кыздар кыйын болушат окшойт, Бегимай Карыбекова,Азалиялар да подиумда журушот.
+9
bond02
2019-09-25 17:59:56
Ушул кызды сулуу десенер, мен тагдырга таарындым.
-3
Asyl10
2019-09-26 17:05:24
bond02, Албетте ашкан Ай чырайлуу сулуулугу, сонун фигурасы деле жок экен. Мындан ашкан сулуулар, фигуралуулар толтура бизде. Эми ар жерде сулуулук стандарттары ар турдуу да. Бирок Салидаттын конулу таза,жана эрки кучтуу кыз экени корунуп эле турат. Азамат. Жалгыз озу мынчалык денгээлге жетишуу кыйын экени айкын. Балким жакшы "домкраты" же жакшы жол корсотуучусу,колдоочусу бардыр, балким удача улыбнулась и заветная мечта сбылась" Эмнеси болсо да азамат кыз экен.
0
bema_bema
2019-09-26 14:04:41
Молодец атасы татар болсо дагы,кыргызмын дегени журогуму жылытды.
0
HHFRU
2019-09-27 16:46:52
Азамат кыз, чоң-чоң ийгиликтерди каалайм! Өзүң кыялданган кесипте иштеп, ийгиликке жетишүү кандай бакыт?! Сулуулугу, эмгекчилдиги жана максатка карата умтулганы жакты! Батышта ийгилик жаратуу оңой эмес.
+1
Skarlett-Skarlett
2019-09-29 01:20:09
Сулуу экен
0
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан