(Башы өткөн сандарыбызда)
Отунчу ээсинин айтканын кантип аткарбай койсун? Ата-энесин, бир туугандарын билбеген ага ата да, эне да, бир тууган да ушул киши. Эс тарткандан бери баш-аягы отуз жылдай болгондур ушул токой ээсин гана угуп, ушул токой ээсин гана билип келатпайбы.
Отунчу ары басып кетти. Жабалактаган адамдар аң ичиндеги адам-жапайыны тамаша кыла, тарабай турушту.
***
Мерген кырк күн дегенде ордунан араң турду. Кайда экенин жакшылап ажырата албады. Бир убакта ооруксунуудан улам көзүнөн чууруп жаш чыкты. Башын мыжыкты. Жанынан бир нерсени издеген болот. Таппады шекилдүү, кайра көзүн жумду.
Ургаачы адам-жапайы мергенди колтуктап көтөрүп, тоо боорундагы мөңгүгө алпарды. Муздак мөңгү суусу менен кишинин бетин жууду, буттарынын жаратына мөңгүнүн муздак карын басты. Аска-таштардан мумиё алып келип сыйпады, ичирди. Мерген азыр бир нерселерди аңдап-билип, өзүн бул жаныбардын дарылап жатканын туюп жатты. Бетин, бутун түктүү колдору менен сыйпалап турушу анын денесин жибитип, көшүтүп, жанына жагымдуу сезим тартуулагандай мемиреп уктап кетти…
***
Талыкшып катуу уктаган экен, эртеси мерген ойгонуп караса, жанында баягы апсайган неме дале отурат. Куду энесиндей акырын башынан сылап жатат. Энеси да кичинесинде ушинтип башынан сылап, ырдап берчү. Бир гана окшобогону, алдыдагы түктүү жандын ыры да, сөзү да жок.
Бир убакта ал мергенге бир нерсе сунгандай болду. Караса, таяк. Бул эмнеге деп барып, анан өзүнүн буту жок калганын эстеди. Таякты колуна алып, ордунан туруу керектигин түшүндү. Жанагы адам-жапайы мергенди колтуктап жөлөдү. Мерген бир бутун чолоңдотуп, таякты эш кылып, бир кыйладан соң үңкүрдүн оозуна чыкты. Жарыкка көзү уяла түштү эле, килтейген адам-жапайы аны түшүнө коюп, денеси менен мергенди күндөн калкалай берди. Мерген дагы басты. Баскан сайын адам-жапайы күндү көлөкөсү менен калкалайт.
Ошентип, бир топ күндөр өттү. Мерген чолоңдоп басууга көндү. Көнбөгөнү эле чийки эт. Тигиниси анын маңдайына отуруп бышпаган, кээде жыпжылуу этти үзгүлөп, тытмалап жеп кирет. Көп жейт. Мерген болсо чийки этти таш үстүнө коюп, күнгө бир топ кактайт да, тоорсуй түшкөндө гана оозуна салат. Оттук ташы баягы чагылган урганда жоголгон белем, от жок кыйын эле болду.
Бир күнү ал ташты ташка тийгизип отуруп кургак отундан куу жасап, от күйгүздү. Ташты аябай кызытты. Анан таш менен этти эзгилеп, оттон кызарып чыккан таш бетине жапты. Кызуу ташка муздак эт тийгенде чыз-чыз этип доош чыкты эле адам-жапайы чочуп кетти. Колундагы этти ыргытып ийип, аттап-буттап ары качты. Айлана күйүк жыттанып, мергендин шилекейи куюлуп, ичтейи ачылды. Адам-жапайы болсо күйүк жытына чыдай албай, арыдагы таштын үстүнө сопоюп отуруп алды.
***
Эркек адам-жапайы өзү түшкөн ордон качып чыгуудан түңүлдү. Баягыдай түнү-күнү уңулдап боздобойт да, жаткан жерин оюп тепкилебейт да. Ал эле эмес, кишилер алып келген тамактарды кайра өйдө көздөй ыргытпай да койду. Тамактары жакпайт, күйүк даамданып, от жыттанат. Оттон болсо аябай коркот. От дегенде асмандан түшкөн чагылганды жана анын күчүнөн улам күйүккө айланган нерселерди гана түшүнөт. Ошол чагылган түшкөндө кээде тоодогу жаныбарлар күйүп калат да, тегерек-чет чыдай алгыс жыттанып кетет. Мындай эттер алардын кускусун гана келтирет. Алар үчүн эт деген – жаныбардын башын жулуп алып, ысык каны менен буртулдатып, аймалап-жулмалап жеш. А жанагы кишилер алып келип таштаган эт менен тамак эптеген эле бир нерсе.
Ошол тамак-аш алып келгендердин ичинен бирөөнүкү башкача. Ал дайыма эмес, анда-санда гана келет. Билгендей эле бышпаган эт алып келет да, аң ичине алыстан таштап, өзү өңү-түсүн көрсөтпөй жоголот. Анын эти өйдөдөн түшүп келе жатканда эле жыттанып, каңылжаарды жарат. Шап илип алат да, бурдап жеп кирет. Ким ыргытканын билбей, аз гана шоола түшкөн зындандын төбөсүн тиктеп жалдырап кала берет.
***
Адам-жапайынын ургаачысы үңкүрүндөгү эки буттуу жандыктын жакшы болуп баратканына көңүлү тынды. Эми эркегин жакшылап издөөгө киришти. Өзү көрүп-билген жердин баарын кыдырып, издебеген жери, акмалабаган адыр-коктусу калбады. Баягы алматтардын жети үйүнүн жака-белиндеги долонолуу токойдон анын качанкы бир жатагын, издерин таап, көкүрөгүн кусалык тээп чыкты. Көзүнө жаш алып, ал жерге кайра-кайра барып, жыттап да жүрдү. Ал жерге улам барып, мүмкүн, ушул жерге кайра келип калар деп үмүт этти. Бирок акыры келбешине көзү жетти. Анан калса үңкүр-үйүндөгү киши баласы эмне болуп кетти деп санааркап, түнөк жайына кайтып келет.
Бир жолу кайтып келатса, үңкүрүнө жакын жерде киши жүрөт. Өзү карап айыктырган киши бир нерселерди издеп, улам-улам аксак буту менен таштарды оодарып коёт. Бул болсо ага билдирбей карап тура берди.
***
Мерген бир топ күч жыйнап калганда бул жерге кантип келип калганын, өткөн турмушун эсине түшүрүүгө аракет кылып көрдү. Жамгыр, чагылган... Анан эс-учун билбей жыгылганы, үңкүрдөгү жапайы адам менен өткөргөн күндөр…
Анан “кайда барса артынан калбаган бул жапайы жандыктан кантип кутуулуу керек?” деген ой келди. Ой келди да, мылтыгын эстеди. Чагылган түшүп, эс-учун жоготкон күнү жанында таянычы – мылтыгы бар эмес беле? Анысы кайда? Ошону эстеп, ордунан ыргып туруп, таягын алып, баягы чагылган түшкөн жерге болжолдоп барды. Мына ал жер! Ошондо өзү жанталашып жашына калган чоң таш тең ортодон бөлүнүп турат. Аны бөлгөн ошондогу чагылгандын күчү экенин эстегенде дагы бир жолу жүрөгү ордунан козголо, жакасын карманды.
Мылтыгын дагы издеди. Таппады. Кийинки күнү, андан кийинки күнү да… Такыр таппады.
Анан бир күнү корумдалган таштарды оодарып кирди. Мылтык ушулардын алдында болуусу мүмкүн деп шагылдарды оодарып жатып, жүрөгү болк этти, анын көзүнө бут көрүндү.
Тойчубай Анаркулов
(Уландысы кийинки саныбызда)