14-сентябрда Тажикстан тарап Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) тилкесиндеги тактала элек аймакта курулуш ишин баштоого аракет кылышкан. Буга нааразы болгон кыргыз жарандары бийликтен чара көрүүнү талап кылды. Маселени жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзгөнү менен курулушка даярдык көрүү иштери токтогон эмес. Эки күндөн кийин абал курчуп, ок атышуу орун алып, адам өмүрлөрү кыйылды.
ОКТОН 1 АДАМ КАЗА БОЛДУ
Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, 16-сентябрь күнү Кыргыз-Тажик чек арасында ок атышуу болду. Тажик тарап алгач Лейлек районунун Максат айылындагы чек ара бекетине, андан соң ошол эле райондо жайгашкан Сай убактылуу аскердик постуна ок аткан. Атышуудан бир чек арачыга ок тийип, каза болду. Ал атайын даярдыктагы "Бөрү" отрядынын прапорщиги Равшан Муминов. Маркум 41 жашта болчу, чек ара бекетинде кызмат өтөп жаткан. Чек ара кызматы билдиргендей, ага Тажик тараптын гранатомёт менен аткылоосунда ок тийген. Анын артында жубайы, 3 баласы жана карыган апасы калды. Маркум 17-сентябрда жерге берилди.
Бул жаңжалда 13 адам жабыркады, айрымдарынын абалы оор. Октон жабыркагандардын ичинде 12 жаштагы бала бар. Анын оң колуна жана желкесине ок тийген. Абалы орто оор. Мындан тышкары жабыр тарткандардын жетөөсү аскер кызматкерлери экени айтылды.
ТАЖИК ТАРАП КҮНӨӨНҮ МОЮНГА АЛБАЙТ
Бул окуя боюнча Тажикстан да билдирүү таратты. Алар ок атууну Кыргыз өлкөсү биринчи баштады деп чыгышты. Тажикстандын чек ара күчтөрү берген маалыматына караганда, 16-сентябрда кечки саат 18:45те Оочу Калача айылынын Бахор аймагында спорт аянтчасында белгисиз имараттын курулушу башталган. Жергиликтүү тажик тургундар курулуш иштерине каршы чыкканы айтылат. Бул жаңжалда тажик тараптан 3 аскер каза болгону маалым болду.
Тажикстан өлкөсү Кыргыз тарап Исфара шаары менен Ворух анклавын бөлүп турган жолго, талаштуу аймакка көзөмөл-өткөрмө бекетин курууга аракет кылууда деп божомол кылышууда. Учурда Исфара менен Ворухтагы тажик айылынын ортосунда өзүнчө жол жок. Азыркы жол Кыргызстандын Баткен облусунун Ак-Сай айылы аркылуу өтөт. Ошондой эле Тажикстандын бийлиги 2014-жылдагы өкмөт аралык протоколго ылайык, өзүнчө Исфара–Ворух жолун салууга укуктары бар экенин айтышууда.
Эске салсак, 2014-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда такталбаган аймакка объект курбоо боюнча келишимге кол коюлган.
Тажик тараптын талаш жерге курулуш иштерин башташы Кыргыз тараптын Көк-Таш–Ак-Сай жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу болушу мүмкүн деп айтылууда. Анткени буга чейин да Тажикстан бул жолдун курулушуна нааразычылыгын билдирген. Ал эми Кыргыз тарап бул жол Кыргызстандын жеринде жайгашып, курулуш иштери 5 жыл мурун эле болгон, демек, коңшу өлкөнүн дооматы негизсиз деген позицияда.
ТАЖИКСТАНГА НОТА ЖӨНӨТҮЛДҮ
Ок атуу болгон күнү Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен чек арадагы кырдаал боюнча телефон аркылуу сүйлөштү. Эртеси Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Сухроб Олимзода Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылып, Максат жана Сай чек ара бекеттерине биринчи болуп ок атты деп, Тажикстандын чек ара аскерлеринин аракетин мыйзамсыз деп сындаган нота тапшырылды. Буга жооп катары Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги ошол эле күнү ушундай эле ишти жасады.
17-сентябрда өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусуна барып, Кыргыз-тажик чек арасындагы «Кызыл-Бел» өткөрмө-көзөмөл пунктунда Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен жолугушуу өткөрдү. Анда эки тарап окуядан кийинки абалды жөнгө салуу, чыр-чатакты токтотуу боюнча сүйлөшүштү.
ПРЕЗИДЕНТТЕРДИН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮНӨН ЖЫЙЫНТЫК ЖОК
Кыргыз-Тажик чек арасында чыр-чатактар байма-бай кайталанып келет. Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон быйыл 26-июлда Ак-Сай айылы менен Ворух анклавынын чегинде жолугушуп, эки өлкөнүн тургундары менен сүйлөшкөн. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу андан соң Тажикстандын Исфара жана Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарларында уланган. Ал жолугушуудан кийин серепчилер чек ара маселеси эми чечиле баштайт деп жоромолдошкон. Бирок ал сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпаганын азыркы кырдаал тастыктады.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg