Алмазбек Шаршенович Атамбаевди 17-сентябрда өткөн туулган күнү менен куттуктайбыз!
КСДП партиясынын атынан ага бекем ден соолук жана кайраттуулук каалайбыз. Бүгүн Алмазбек Атамбаевди ал президент болуп турган 6 жылда өлкө эч нерсеге жетишкен жок деп кыйытып, мүмкүн болгон күнөөнүн баарына айыптап жатышат. Бирок Атамбаевдин өлкө алдында жасаган бараандуу эмгектери да болду, аларды мына ушул күнү эске салып өткүбүз келет.
ЭНЕРГЕТИКАЛЫК КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫК
Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтү тушунда өлкө энергетикалык көз карандысыздыкка жетишти. «Датка-Кемин» жогорку чыңалуудагы электр өткөрүү чубалгысы, Токтогул ГЭСинин жана Бишкек ЖЭБинин реконструкциясы өлкөдөгү «жарыкты маал маалы менен өчүрүү» көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк түздү. Өлкө жарыксыз отурууну жана «тезек терип, жагууну» токтотту. Калкты үзгүлтүксүз газ менен камсыз кылуу маселеси да чечилди.
ДҮЙНӨЛҮК КӨЧМӨНДӨР ОЮНДАРЫ
Бул оюндар Кыргыз өлкөсүнүн жана бүткүл Борбордук Азиянын дүйнөгө белгилүү брендине айланды. Бул оюндарды өткөрүү укугун учурда Түркия да, Монголия да, Орусия да талашып жатат. Кыргызстан дүйнөдө этнотуризмдин жаңы борборуна айланды.
ЕАЭБге МҮЧӨ БОЛУУ
Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге өзүнө пайдалуу шарттарда кошулду. Атамбаевдин тушунда Орусиядагы миллион мигранттын абалы жакшырды, ал эми Кыргызстан өзү «базар экономикасынан» өндүрүшкө өтүүгө басым жасай баштады. Орусия 500 миллион доллар карызды кечти.
ТУРУКТУУ ЖАНА КҮЧТҮҮ СОМ
Кыргызстан 2015-жылкы кризисти КМШдагы бардык өлкөлөргө караганда жеңил өткөрдү. Сом эң бекем валюта болуп чыкты. Бул учурда Казакстанда да, Орусияда да долларга карата валютанын куну эки эсе түшүп кетти.
«ТАЗА КООМ»
Сапар Исаковдун «Таза коом» программасы боюнча маалыматтык системди масштабдуу трансформациялоо улантылды. Кыргыз өлкөсү инновациялык «Түндүк» системин орнотуу менен дүйнөдө Эстония жана Финляндиядан кийинки үчүнчү өлкө болуп калды. Биометрикалык паспорт ишке киргизилди.
500 МИЛЛИОН АКШ ДОЛЛАРЫ КАПИТАЛЫ МЕНЕН КЫРГЫЗ-ОРУСИЯ ӨНҮКТҮРҮҮ ФОНДУНУН НЕГИЗДЕЛИШИ
Кыргыз өлкөсүндөгү масштабдуу биринчи өнүктүрүү институту. Анын арты менен бүгүн өлкөбүздө 1000ден ашык өндүрүш долбоорлору ишке киргизилди. Кыргыз өлкөсү өнөр жайды кайра жандантууну баштады.
ЭКОНОМИКАНЫН ӨСҮШҮ
Атамбаевдин тушунда Кыргыз Республикасынын ИДПсы 60 пайызга же 2,6 миллиард АКШ долларына өстү. Аны менен бирге Кыргызстандын мамлекеттик карызы ИДПнын 54 пайызын түздү. Акаевдин тушунда мамлекеттик карыз ИДПнын 100 пайыздан ашыгын, ал эми Бакиевдин тушунда 58 пайызын түзгөн. Тагыраагы, Атамбаевдин тушунда ИДП үчүн тышкы карыздын жүгүн реалдуу 4 пайызга азайтууга жетишилди. Мамлекеттик карыздын дүйнөлүк орточо көрсөткүчү – ИДПнын 80-90 пайызы.
ПАРЛАМЕНТАРИЗМ
Атамбаевдин тушунда жана анын реформалары менен тарыхта Кыргызстандын парламенти абдан чоң ыйгарым укуктарды алды. Бүгүн Кыргыз Республикасынын парламенти ЖМКда эң көп талкууланган бийлик институту.
БИОМЕТРИКАЛЫК ШАЙЛОО
Кыргыз Республикасы көптөгөн Европа өлкөлөрүн артка таштап, КМШдагы эң инновациялык шайлоо системине ээ өлкөгө айланды. Кыргызстанда добуштарды адилеттүү эсептөөгө мүмкүнчүлүк пайда болду. Акыркы шайлоодо парламентке 5 партия өттү, «президенттик» КСДП партиясы бардык добуштардын 26,81 пайызын гана алды.
ӨЛКӨНҮН ИНФРАСТРУКТУРАЛЫК ЖАҢЫЛАНЫШЫ
Атамбаевдин тушунда Кыргызстанда жолдорду куруу жана оңдоо масштабдуу түрдө башталды. Боом капчыгайы аркылуу Ысык-Көлгө барчу жол толугу менен калыбына келтирилди. 300дөн ашык мектеп жана 800 балдар бакчасы курулду.
ТҮНДҮК-ТҮШТҮК ЖОЛУНУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ
Анын натыйжасында Оштон Ысык-Көлгө 1 сутканын ордуна болгону 5-6 саат жол жүрүү керектелет. Ош, Нарын жана Ысык-Көл өлкөнүн бардык облустары менен байланышта болуп калышат. Өлкөнүн туңгуюк тилкелери транспорт үчүн ачык болот.
АТА-БАБАЛАРДЫ ЭСКЕРҮҮ
Кыргыз өлкөсү Үркүндүн жүрүшүндө бейкүнөө жана мыкаачылык менен өлтүрүлгөн ата-бабаларды расмий түрдө эскерген Борбордук Азиядагы жалгыз өлкө болуп калды. Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен бирге Үркүндүн курмандыктарына арналган эстеликтин ачылышына катышуу менен боордош эки өлкөнүн өз ара карым-катыш тарыхындагы кара баракты жабышты.
АРМИЯНЫ ЖАНА КҮЧ ОРГАНДАРЫН БЕКЕМДӨӨ
Атамбаевдин жүргүзгөн саясатынын артынан Global Firepower`дин версиясы боюнча Кыргыз Республикасы 136 өлкөнүн ичинен 91-орунду ээлеп, дүйнөдө армиясы күчтүү жүздүккө кирди. Атамбаевдин тушунда бүткүл өлкө боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Ички иштер министрлиги, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, Мамлекеттик чек ара кызматы жана башка органдардын кызматкерлерине үйлөр курулду. Формалуу кийим, армияны камсыздоо жана курал-жарактарды жаңылоо маселеси чечилди.
«ЕВРОПАГА КАРАЙ ТЕРЕЗЕНИН» АЧЫЛЫШЫ
Кыргыз өлкөсү Борбордук Азияда биринчи болуп 2016-жылы ВСП+ статусун алды жана Европага пошлинасыз товар экспорттой баштады. Атамбаевдин тушунда Кыргызстанга Германиянын канцлери жана Еврокомиссиянын мүчөлөрү өңдүү Европа лидерлери келе баштады.
БОРБОРДУК АЗИЯДА БИЙЛИКТИ РЕАЛДУУ ТҮРДӨ ТОЛУК ӨТКӨРҮП БЕРГЕН БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТ
Атамбаев Армениядагы Серж Саргсянга окшоп бийликти өткөрүп бергенден кийин премьер-министр болгон жок жана Казакстандагы Нурсултан Назарбаевге окшоп президенттикти өткөрүп берген соң Коргоо кеңешинде кызматты ээлеп калган жок.
АТАМБАЕВ КАМАККА АЛЫНГАН АКЫРКЫ МҮНӨТТӨРГӨ ЧЕЙИН ӨЗ ПРИНЦИПТЕРИНЕН ТАЙГАН ЖОК
Болбосо бийлик менен «элдешип» алып ардактуу орунду ээлеп же чет өлкөгө кетип кала алат эле. Ушунун өзү урматтоого татыктуу.
Туулган күнүңүз менен, Алмазбек Шаршенович!