«КЫРГЫЗНЕФТЕГАЗ» ЖЫЛ САЙЫН ӨНДҮРҮМҮН ЖОГОРУЛАТУУДА

Жыл сайын сентябрь айынын биринчи жекшембиси өлкөдө Кыргыз Республикасынын мунай жана газ өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип келет. Буга байланыштуу 13-14-сентябрь күндөрү Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында «Кыргызнефтегаз» ААКсы ири масштабдуу майрамдык кече уюштурду. Анын жүрүшү жана «Кыргызнефтегаздын» азыркы абалы тууралуу сурап аталган ишкананын Башкармалыгынын төрагасы Бостонов Рашид Абдумаликовичти кепке тарттык.

– Саламатсызбы, Рашид Абдумаликович, алгач сизди жана сиз жетектеген ишкананын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап кетейин.

– Рахмат, сиздерге да ийгилик болсун. Алгач ушул учурдан пайдаланып жалпы мунайчыларды, кесиптештеримди кесиптик майрамы менен куттуктап өтмөкчүмүн. Кыргыз Республикасынын мунай жана газ өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик майрамын белгилеп жатып, сиздерге чың ден соолукту, тынчтыкты, бактылуу жашоону жана Кудайдын эки дүйнөлүк бактылуулугун каалап, Жараткан Аллахтан сурап кетер элем! Баарыңыздарды майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

– Алгач сентябрь айында белгиленип жаткан мунай жана газ өнөр жайынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы тууралуу сөз кылсак. Бул күн кантип жана кайсы убактан бери белгиленип жатат?

– Өткөнгө саресеп сала турган болсок, «Кыргызнефтисинин» тарыхы 1880-жылдарга туш келет. 1901-жылы V пласттан 5 миң тоннадан ашык нефть алынып, биринчилерден болуп «Майли-Сай» кени ачылган. 1940-жылдан «Майлуу-Суу-4», 1944-жылы «Избаскент», 1946-жылы «Восточный Избаскент» кендери ачылган. Ал эми 1952-жылы «Кыргызнефть» өндүрүштүк мекемеси түзүлгөн. Союз учурунда «Кыргызнефтегаз» өндүрүштүк мекемеси мунай өндүрүүнүн көлөмүн 1958-жылы 490 тоннага жеткирген. Чалгындоо, бургулоо, өндүрүү жумуштарына ири өлчөмдө каражат жумшалып келген. Ал эми 1980-1990-жылдардын аралыгында 218 миңден 155 миң тоннага чейин мунай алынып келген. Буюрса, биз ошол жылдагы деңгээлге жеткиребиз деген ишенимдебиз.

– Быйыл кандай жумуштарды аткардыңыздар жана жыл башында белгиленген пландар ишке ашып жатабы?

– «Кыргызнефтегаздын» Башкармалыгынын төрагасы катары 2019-жылы «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун аткарган жумуштары жөнүндө бир аз маалымат бере кетейин. Көпчүлүккө белгилүү болгондой, мекеменин экономикалык көрсөткүчтөрү жыл сайын жогорулап келүүдө.

Мунай өндүрүү боюнча ушул жылдын 8 айында планда каралган 73 миң тоннанын ордуна 86 миң тонна мунай өндүрүүгө жетиштик. Биз мунайчылар коюлган планды 118 пайызга, ашыгы менен аткардык десек жаңылышпайм. Биздин акционердик коом 2019-жылы 115 миң тонна мунай өндүрөбүз деп алдыбызга чоң тапшырма койгонбуз. Алдыда дагы жыл жыйынтыктоого бир нече айлар бар, андыктан кесиптештерибиздин жигердүү эмгеги жана талыкпас мээнетинин алкагында биз пландалган 140 миң тоннадан кем эмес мунай өндүрүүнү максат кылуудабыз. Өлкөбүздө тынчтык жана стабилдүүлүк болсо, биздин алдыга койгон максаттар сөзсүз орундаларынан шек жок.

Бул максатты ишке ашыруу үчүн биз жаңы заманбап, ыкмаларды колдонуп, башкача айтканда, 2019-жылы 30 мунай кудугунда ГРП жумуштарын аткарууну пландаштырганбыз. 8 айдын жыйынтыгы менен 21 мунай кудугуна ГРП жасап, кошумча 3500 тоннадан ашык мунай өндүрүүгө жетиштик.

– Мунай менен бирге газ өндүрүүгө да өзгөчө басым жасасаңыздар керек? Бул багытта абал кандай, жакшы жылыштар барбы?

– 1970-жылдардан бери табигый газды өндүрүү, бургулоо жумуштары унутулуп калгандай. Акыркы 50 жыл аралыгында газ өндүрүүдө жаңы скважиналар ачылган эмес. Биз бул багытка өзгөчө көңүл буруп, ишти илгерилетүүгө аракеттенүүдөбүз. Кыш мезгилинде газды керектөөчүлөр көбөйүп бара жатат. Ошол себептүү ал муктаждыктарды чечүү үчүн жаңы газ кудуктарын бургулоо үчүн өзүнчө аянт бөлүндү. Газды өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүү жана элди, ошондой эле мекеме ишканаларды газ менен жетиштүү камсыз кылуу максатында бургулоо жумуштары башталды.

– Мунай өндүрүүнү жогорулатуу үчүн бургулоо жумуштарын көбөйтүү зарыл эмеспи? Бургулоо жумуштары боюнча токтоло кетсеңиз?

– Быйылкы жылы бургулоо иштерине өзгөчө көңүл бурулууда. Бул багытта иштерди жүргүзүү үчүн жалпысынан 493 миллион сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Бургулоого керектүү болгон бардык шаймандар жана жабдуулар толугу менен алып келинген. 2019-жылы 23 800 пагоно метр бургулоо жумуштарын аткарууну пландаганбыз. Азыркы күндө 4 бургулоочу бригада иш жүргүзүүдө.

– Ишкананын техникалык абалы, жаңы техникалар менен толуктоо багытында кандай жаңылыктар бар?

– Мунайды өндүрүүдө, аны кайра иштетип чыгарууда техникалык база дагы күчтүү болуусу шарт. Техникалар да тынымсыз жаңыланып турушу керек. Бул багытта 2018-2019-жыл ичинде алгылыктуу жумуштарды аткарууга жетише алдык. Ушул жылдын башында жаңы техникалар алынды. Ошондой эле атайын адистешкен техникалар жана керектүү шаймандар менен толукталууда. Техникалардын жаңыланышы өндүрүштү өркүндөтүүгө, жумушчулардын ишин жеңилдетип, аларга жакшы шарттарды түзүп берүүгө өбөлгө болот.

– Өзүңүз билгендей, быйылкы жылды президент «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялабадыбы. Президенттин бул демилгесине сиз жетектеген ишкана кандай салым кошууда?

– Туура айтасыз, быйылкы жылды президентибиз өз жарлыгы менен «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялаган. Бул багытта ишканага таандык мекемелерге, мунай өндүрүүчү тилкелерде, адырдагы кудуктарга, жолдорго, өткөрмө пункттарга, мунайды сактоочу кампаларга онлайн түрдө көзөмөлгө алып туруучу видео камералар орнотулуп, иштей баштады. Бул уурулукка жол бербей, мунай өндүрүүчү, сакталуучу жерлерге адам факторун аралаштырбай, техниканын жардамы менен тыкыр көзөмөлгө алуу аракети болуп саналат.

«Кыргызнефтегаз» АККсы жергиликтүү бюджетке да өз салымын кошуп келет. Ноокен районунун өнүктүрүү фондуна жыл сайын 2 пайыздык салым катары 70 миллион сомдун тегерегинде акча которулууда. Бул каражаттын эсебинен район аймагында бир топ социалдык объекттер оңдолуп жатат. Быйыл районду өнүктүрүү фондуна 90 миллион сомго чейин каражат которобуз деген планыбыз бар. Ошондой эле 2018-жылдын 8 айынын жыйынтыгы менен республикалык бюджетке 399 миллион сом салыкка жана 148 миллион сом социалдык фондго котордук. Мындан сырткары 2018-жылдын жыйынтыгы менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна 219 миллион сом дивиденд төлөнгөн.

Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү заводго чейинки мунай түтүктөрү дагы күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынган. Ошондуктан биздин акционердик коомдун кирешесинин жогорулашынын себеби биринчи кезекте жалпы жамааттын бирдиктүү жана тыгыз иш алып баруусунун жыйынтыгы десек туура болот. "Кайсы жерде ынтымак болсо, ошол жерде ырыскы болот" дейт эмеспи. Эмгек жамаатыбыздын бүгүнкүдөй ынтымагы, ишкананын өсүүсүнүн башкы фактору болуп эсептелет.

– Ынтымак деп айтып калдыңыз, «Кыргызнефтегаз» учурда 2,5 миңдей жумушчу эмгектенген чоң жамаат. 2010-жылдардан кийин ишкана бир топ ызы-чууларды да башынан өткөрдү. Атүгүл кызматкерлер иш таштоого чейин барышып, мунайгаз мекемесинин тагдыры татаал болуп калган эле. Азыр ал учурдагы жагдай ишканада толук жоюлду десек болобу?

– Ушул жерден бир нерсени айта кетейин. «Кыргызнефтегаз» жана Кочкор-Ата шаары ар дайым гүлдөп, өсүүсү үчүн «Кыргызнефтегазда» эмгектенген эки жарым миң адам, көп партиялуулукка, уруу-уруулукка, жердешчиликке, тууганчылыкка бөлүнбөстөн, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, кайсы өкмөт болбосун ошол өкмөттүн саясатын колдоп, туура иш жүргүзсө, «Кыргызнефтегаз» дагы, Кочкор-Ата шаары дагы, ошондой эле мамлекетибиз да өнүгүп, өркүндөй берерине ишенем. Кызматкерге шарт түзүү максатында быйыл алардын маянасын 15 пайызга көтөрдүк. Учурда кызматкерлердин орточо эмгек акысы 26 миң сомду түзөт. "Кыргызнефтегаз" ААКсынын акыркы жылдары аткарып жаткан жумуштары өтө көп. Алгылыктуу иштерди атай берсек убакыт көп кетет. Биз жасап жаткан жумуштарды коомчулук көрүп, сезип, байкап турат. Ошондуктан мен ишкананын келечегине ишенем. Анткени Кыргыз өлкөсүндөгү жалгыз мунай өндүргөн ата мекендик ишкана катары саналган «Кыргызнефтегаз» өлкө бюджетине мындан да олуттуу салым кошо бермекчи.

– Жыл сайын Кочкор-Ата шаарында жогорку деңгээлде кызматкерлерге жана шаардыктарга майрамдык маанай тартуулайсыздар. Быйыл майрамды кандай өзгөчөлүктөр менен тостуңуздар?

– 13-сентябрда Кочкор-Ата шаарындагы стадиондо ири масштабдуу спорттук иш-чара уюштурдук. 14-сентябрда негизги майрамдык иш-чара 10 миңден ашык көрүүчүлөрдүн катышуусунда жогорку деңгээлде өттү. Булардын баары биздин жасап жаткан жумушубуздун жемиши десек болот.

– Рахмат, ишиңизде ийгиликтер болсун. Мындан ары да өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуп жүрө бериңиздер.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан