СҮЙҮҮ СОНАТАСЫ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Рустам уйкусунан ойгонуп, жагымдуу жылмайып алды да, шашпай кийинип баштады. Бул күн ал үчүн өзгөчө эле. Бүгүн анын концерти болмок. Азыр эле түшүндөгү кол чабуулардын, алкоолордун, жадырай суктана караган көздөрдүн арасында калганда өрөпкүп турбадыбы. Дили жаркып, кубанып жатты. Дегеле өмүрүндө мындай кубанычты, бакытты сезбеген жаны ушул бакыты өмүр бою толук болушун тилеп жатты. Бирок турмушунун бороон-чапкыны эми башталарын ал ошол учурда сезген эмес эле.
Айша менен Иман аял-күйөө болуп жашай баштагандан бери биринчи жолу бир тыянакка келбей тартышышы ушул эле.
– Бай болгур, кичине сабыр кылчы. Бүгүн ал үчүн эң маанилүү күн. Эл уулуңдун өнө­рүн самап, күтүп турат. Билсең, ушул күндөн анын келечеги чечилет.
– Ал эми башка адамдын келечеги сени кызыктырбайбы? Бир эмес, эки адамдын тагдыры сени ойлондурбайбы? Бүгүн ал Айдананы эл алдына чыгарып, ага үйлөнөрүн жарыя кылат. Андан кийин экөөнү үйлөндүрбөй токтотуп калууга болбойт. Айнура ичиндеги баласы менен эмне болот ойлодуңбу?
– Анда айт. Азыр чуркап барып айт.
Иман кыйкырып ийип, чыгып кетти. Жалгыз калган Айша шалдырай түштү. Бир чети анын айтканы да туура. Уулу тээ кичине кезинен бери кыялданып келген күнү ушул эмеспи. Талбай изденип, түнү уктабай кыл кыягы менен сырдашып чыккан күндөрү көз алдынан чууруп жатты. Бир жагынан уулун ойлосо, экинчи жагынан Айнуранын көз жашы көз алдына элестеп, эненин оюн алдастатып жатты.
Жини менен кирип келе жаткан Иман алдынан чыга берген Айдананы көрө калды. Жадырай күлүп салам айткан кызга боору ооруп карап турду да, өзүнүн кабинетине чакырды.
– Айдана, кызым, даярдыкта­рыңар жакшыбы?
– Жакшы, агай, Кудай буюрса...
– Рустам көрүнбөйт го.
– Репетиция кылып жатышат. Мен да азыр барып кошулам. Бир нерсе деп айтып коюшум керекпи?
Иман бушайман боло берди. Эч нерседен капары жок кыздын жаркыраган жүзүн аяп тиктеп турду да, акырын туруп келип маңдайынан сылады.
– Менин кызым жок. Эгерде кызым болсо, так сендей болушун каалайт элем. Сенде чоң талант гана эмес, укмуштуудай мээрим бар. Менин уулумдун жанында өмүр бою ушундай адам болушун каалайт элем. Бирок...
– Антип коркутпаңызчы, агай. Биз... Биз Рустам экөөбүз жакында үйлөнөбүз. Аны баары эле билишет. Сиз уга элек окшойсуз, ээ?
Айдана жүрөгү дүпөйүл боло Имандын жанынан кеткиче шашты.

ххх

Концерттик зал. Эл толкуп, эл суранып, эл ыраазы болуп отурушту. Көкүрөгү ушул күндү, ушул мүнөттөрдү күтүп келген Рустам эл суранган сайын төгүлө, жан дили менен бериле ырдап жатты.
– Бали, азамат!
– Атанын уулу да.
– Ырлары да өзүндөй көр­көм...
Рустам микрофонду алып, элге ийиле берип, бактылуу жылмайып алды.
– Мен бул ырды бир адамга арнап жазгам. Жүрөгүмдүн ээси, бул ырды арнаган адам азыр жанымда... Уруксат берсеңер, ушул ырдын ээсин сахнага чакырып коёлу.
Сахнанын аркасынан чыга келген Айдананын бактысы жүзүнөн төгүлөт. Кол кармашкан экөөнү суктана тиктеген көздөр...
Кызыктын баары ыр аяктап калган учурда башталды. Сахнага жүгүрүп чыккан кыз кол кармаша ийилип турган экөөнө чуркап жетип, кыйкырып жиберди.
– Рустам, сен меникисиң. Мен сени эч кимге бербейм.
Эл жымжырт. Дагы эмне болуп кетер экен деген кыязда турушкандай. Сахнага чыга калган Алым оңтойсуз абалдан чыгуу үчүн кол чаап жиберди. Анын артынан дүркүрөгөн кол чабуулар күчөп, эмне кыларын билбей калган Рустам Айнураны колдон ала сахна артына сүйрөп кетти.
– Эй, сен, акылыңдан адашып калдыңбы? Бул эмне деген кылыгың?
Айнура үн чыгарбай ыйлай берди. Көкүрөгүндөгү күйүп-жанган ызасы, сүйүүсү кошул-ташыл болуп, сөз айта албай ыйлап жатты.
– Мен сага баарын айткам, түшүндүргөм, Айнура. Экөөбүздүн ортобузда мындан кийин эч нерсе болбойт дегем.
– Сен эч нерсени билбейсиң. Сен меникисиң!
– Коё бер, мени эл күтүп калды.
– Жок...
Моюнуна жабышып, энтиге ыйлап жаткан Айнуранын чын эле коё берер ою жок. Мындай бейжайлыкка ичи бышып, кыжырланып турган Рустам апасы көрүнгөнүнө сүйүнүп кетти.
– Апа! Ырас болбодубу? Мени күтүп жатышат...
– Рустам, сен бүгүнкү айтам деген жарыяңды токтото турбасаң болбой калды.
– Эми сиз эмнени табышмактатып турасыз?
– Сен Айнурага үйлөнүшүң керек!
– Жок! Сиз менин кимге үйлөнөрүмдү жакшы билесиз.
– Айнураны бул абалда таштаганга акың жок, балам.
– Жок!- бакырып алган Рустам силкине сахнага жүткүнө берди.
– Рустам, эгерде бала болбосо, мен бул ишке кийлигишпейт элем. Эмне же сен дагы атаңды туурап өз балаңдан баш тартайын дедиңби? Анда мен сени эмнеге төрөп, эмнеге өстүрдүм? Эгерде сен бул ишти кылсаң, менин апаң экенимди унут.
– Кандайча, апа?
Рустам селдейе түштү. Солуктап ыйлап жаткан Айнураны теше тиктеди. Көргөн көзүнө ишенбей, башын аста чайкап турду.
– Мен ишенбейм. Мындай болушу мүмкүн эмес. Кантип эле ушундай болсун?
Ошол замат акыркы жолу Айнуранын үйүнө келгени эсине түштү. Ооба, ошондой болгон. Ошол кечте Рустам бүлбүл жарыкта эшигинин түбүндө бүрүшүп отурган Айнураны аяп бооруна кыскан. Ушуну эле күтүп тургансып, Рустамдын көйнөктөрүнүн бүчүлөрүн чечип, жанталаша өпкүлөп кирген. – Айнура, койчу, азыр эмес. Мен...
– Сагындым сени!
Айнураны токтоткондон көрө алоолонгон өрттү өчүрүү оңоюраак болчу. Кагып сала албаган Рустам эрксизден анын каалоосуна көнүп берген.
Эки колу менен башын кучактай калган Рустам чөгөлөй отура калды. Тагдырдын капканына ушинтип кабылды жигит.

ххх

Түн. Айдана үнсүз бара жаткан Рустамдын жанында келе берди. Бүгүнкү күндү канча күтүп, канча жолу кыялы менен саймалап чыккан эле. Бирок Рустамдын оозунан ал күткөн нерсе чыкпады. Бир эсе таң калып, бир эсе ичинен тынып, өзү сөз баштаар деп келе берди.
Жанында көлөкөдөй ээрчип келе жаткан Айдананы сезгени менен, эч нерсе деп айта албады. Кечтин шаңы менен жүрөгүнүн шамы кошо өчкөндөй ындыны өчүп, оозуна сөз келбей жатты жигиттин. “Карасаң, чыдамдуусун... Бир сөз айтпай, бир кыймыл менен суроо салбай аркамдан келе жатат. Башка болсо эбак эзип, өзү кошо эзилип калмак. Чыдамдуум менин! Эмнеге мындай чыдамдуу, сабырдуу жаралдың?”
Бут кийимин чечип колуна кармап алганын көрүп, ичинен жылмайып алды.
– Эмне, бутуң оорудубу?
– Ооруду. Сенден калып калбайын деп чечип алдым.
– Кел анда, отур.
Скамейкалардын бирине отургузуп, бутунун чаңын күүп, канап кеткен жерлерин аяр сылап жатты. Ушул кыймылда сөз менен айтып бере алгыс мээрим, сүйүү, камкордук жаткан эле. Кыздын жүрөгү тыбырчылап согуп жатты.
– Эмне эч нерсе деп сурабай­сың?
– Өзү айтар деп күтүп жатам.
– Ал кыз менен сага чейин мамилем болгон. Ал жаман адам эмес. Болгону, ушундай тынчы жок. Көп нерсени ойлонбой кылып алат.
Рустам эмне айтарын билбей токтоп калды. Айдын жарыгында кыздын көздөрү ага тынчсыз тигилип турган эле. “Бол эми, айтпайсыңбы, жүрөктү мыжыбай?“ деп жатты көздөрү.
Рустам үн каткан жок. Тек Айдананын бутун кучактап, чөгөлөгөн боюнча отура берди.
– Өмүр бою ушул боюнча катып, ташка айланып калсак, ээ?- деди бир кезде оор улутуна.
– Айдана, экөөбүз ушул боюнча акыркы жолу чогуу отурабыз. Кечир мени. Эгерде баары менин эркимде болсо, сени жетелеп алып, ааламды кезип кеткенге даяр элем. Айлам жок. Канаты кыркылган куш тууралуу өзүң айтып берген баян эсиңдеби? Мына ошол канаты жок кушка окшоп турам. Жүрөгүңдү аябай оорутуп жатам, ээ?..
Айдана үн деген жок. Болгону, далысы дирт эте силкинип алды.
– Эмне үчүн?- деди калтыраган үнү менен.
– Ушундай болуш керек, менин кичинекейим. Мен сени себебин айтып кыйнагым келбейт. Болгону, менин сезимим, жүрөгүм жалгыз гана сендик экенин билсең болду. Экөөбүздүн бактылуу күндөрүбүзгө кара көлөкө түшпөсүн. Анткени ал күндөр сендей таза, баёо, ишеним толгон күндөр эле.
– Рустам, атаң менен апаң каршы чыгыштыбы? Мен андай болсо түшүнөм. Чын эле мен киммин? Сенин жаныңда...
– Жинди кыз, кеп анда эмес. Менин өзүмдүн күнөөм. Аттиң, мындай болорун билген эмесмин.
– Айтчы, Рустам, себебин айтчы. Эмне үчүн?

Нуржамал Жийдебаева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Замира
2010-08-13 20:02:16
Eh oshon uchun Rustam kechirimduu bolush kerek ele.
Bir nersege syn tagyp,je anday nerseni omuru kylbaim desen,tuura oshol nerse ech ozgoruusuz bashyna keleeri bir chyndyk....
Ulandysyn chydamsyzdyk menen kutobuz!
0
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан