АТАБЕК АЗИСБЕКОВ ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО УТТУ

14-сентябрь күнү Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды. Бул мелдеште 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына лицензиялар ойнотулары белгилүү. Андыктан ар бир беттеш маанилүү экенин спортчулар дагы, күйөрмандар дагы жакшы билишет.

БАЛБАНДАРДЫН ЖОЛУ БОЛГОН ЖОК

Грек-рим күрөшүнүн чеберлери дүйнөлүк биринчиликте ийгилик жарата алышпады. Балбандар бул мелдеште бир гана олимпиадалык жолдомо утту. Ачыгын айтканда, күйөрмандар спортчулардан олимпиадага 3-4 жолдомо, атүгүл алтын медаль да күтүшкөн эле. Тилекке каршы...

Грек-рим күрөшү боюнча 10 салмак категориясында мелдештер орун алды. Анын ичинен 6 салмак чени олимпиадалык болуп саналат. Олимпиадалык эмес салмак ченинде 4 балбаныбыз өз күчтөрүн сынашты. 55 килограммга чейинки салмакта Асан Сулайманов менен 82 килограммга чейинки салмакта Калидин Асыкеев алгачкы эле баскычта жеңилип калышты. Ал эми 72 килограммга чейинки салмакта Руслан Царев 1/16 финалда египеттик спортчуну жеңген менен, кийинки баскычта венгер спортчусуна утулууга туш болду.

63 килограммга чейинки салмакта күрөш жүргүзгөн Тынар Шаршенбеков алгачкы беттешин ийгиликтүү баштап, болгариялык спортчуну утуп алган. Чейрек финалда Азиянын чемпиону, япониялык Шинабу Ота менен кез келди. Жыйынтыгында 4:12 эсебинде жеңилүүгө дуушар болду. Ота финалга чейин жеткендиктен, Шаршенбеков коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды. Алгач Беларусь спортчусун жеңип алганы менен, кийинки коло медаль үчүн күрөштө казакстандык Алмат Кебиспаевге жеңишти алдырып жиберди. Жыйынтыгында кыргыз спортчусу 5-орунду камсыздады.

ЖОЛЧУБЕКОВ ЭМЕС, АЗИСБЕКОВ

Олимпиадалык салмак ченинде күрөш жүргүзгөн балбандар дагы ийгиликти өз тарабына бура алышкан жок. Анткени 6 балбандын бирөө гана олимпиадага жолдомо утту.

Кыргыз курамасынын лидери Каныбек Жолчубеков 60 килограмм салмакта беттеш жүргүздү. Жолчубеков алгач түрк балбанын утуп алган. Бирок кийинки беттешинде кытайлык Сайлике Валихан менен кез келип, 4:3 эсебинде жеңилип калды. Ошондой эле Кайрат Түгөлбаев, Үзүр Жусупбеков, Мурат Романов үчүн да мелдеш ийгиликсиз жыйынтыкталды.

Токио-2020 Олимпиадасына жалгыз жолдомону Атабек Азисбеков жеңди. Ал 87 килограмм салмакта күрөш жүргүздү. Азисбеков алгач литвалык балбанды утуп, бирок 1/8 финалда венгриялык Виктор Лоринцке жеңилип калды. Лоринц мелдештин финалына чыкканы үчүн кыргыз балбаны коло байге үчүн күрөшүүгө мүмкүндүк алган. Азисбеков алгачкы баскычта түркмөн балбанын жеңип, андан соң кытайлык балбанды утту. Бул жыйынтык менен Азисбеков алдыңкы 6 балбандын катарына кирип, Олимпиадага жолдомо алды. Бул Олимпиадалык жолдомо Кыргыз өлкөсү үчүн Денис Петрашов жана Юлия Андреевадан кийинки үчүнчүсү. Тилекке каршы, коло байге үчүн күрөштө Азисбеков өзбек балбаны Рустам Ассакаловго жеңилип калды.

17-сентябрь күнү кыз-келиндер арасында күрөштөр башталды. Ага Кыргыз өлкөсүнүн атынан 4 балбан аттанган. Алардын үчөөсү: Мадина Надырова, Нураида Анаркулова жана Айпери Медет кызы жеңилүү ызасын тартып, мелдештен четтеп калышты. Ал эми, элдин сүймөнчүгү, Азиянын 3 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова 19-сентябрда килем үстүнө чыгат. Ал эми эркин күрөш боюнча мелдештер 20-сентябрда башталат. Анда Кыргыз өлкөсүнүн атынан 8 спортчу өз күчтөрүн сынашат. Бул мелдештердин жыйынтыгында Токиого бара турган кыргыз спортчулардын саны көбөйөт деп ишенебиз.

Кубан Жумамидинов
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан