Кыргыз улуттук курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев июль айында “Дордой” командасы менен коштошуп, Түндүк Кипрдин командасы менен келишим түзгөнүн жарыялаган. Бирок 2 айдан кийин эле Мурзаев бул келишимден баш тартып, "Дордойго" кайтып келди. Кыргыз Премьер-Лигасы билдиргендей, Түндүк Кипрдин чемпиондугу ФИФА тарабынан таанылган эмес. Ошондуктан бул чемпиондукта Мурзаев ойносо, улуттук курам үчүн ойной албай калмак. Өз үйүнө кайтып келген Мирлан Мурзаев 15-сентябрда 21-турдук оюндун алкагында "Алай" менен беттеште старттык курамда чыккан. “Элдик классико” аталган бул оюн 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктады.
Мурзаев быйылкы сезондо "Дордой" футбол клубунун катарында Кыргыз Премьер-Лигасында 15 оюн өткөрүп, 6 гол киргизгенге жетишти.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg