Учурда GPS спутниктик навигациясы жаңыланып жаткан маалы. 2023-жылы аталган багыт берүүчү программа мындан дагы жакшырарын чет элдик басылмалар жазууда. Учурда спутник аркылуу башкарылуучу бул системдин кызматынан колдонгондор көздөгөн чекитине 5-10 метр айырма менен жетип алышат.
GPS III системин иштеп чыгуу көптөн бери жасалып жаткан иш. Бул багытта АКШнын Коргоо министрлиги Жердин орбитасына 2 спутникти учурганы маалым. Бул үчүн АКШ миллиарддаган долларларды сарптап жатканы жазылат маалыматтарда. Жакынкы келечекте аталган министрлик дагы 9 спутникти коё берүүнү пландап жатат. Алардын ар бири 15 жылга чейин кызмат кылат. Азыркы спутниктерге караганда жаңылары көздөгөн чекитке 1-3 метр жакын алып барып, күчтүү сигналдары калың бетон дубал жана башка бардык тоскоолдуктардан өтө алат. Буга байланыштуу смартфондор жана навигаторлор маршруттарды так түзүп бериши шартталмакчы.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg