Кыргызстан менен Өзбекстан чек арадагы айрым жер тилкелерди алмашты. Маалыматты Кыргыз өкмөтү расмий ырастады. Бул маалымат Ош облусунун Араван районундагы элдин нааразычылыгынан кийин ачыкка чыкты.
10-сентябрь күнү Өзбекстан тарап Керкидан суу сактагычынын аймагындагы Кыргыз-Өзбек чек ара тилкесине тосмо орното баштаган. Бул аракет жергиликтүү тургундардын тынчын кетирип, нааразычылык жаратты. Алар бийликтен так маалымат берүүнү талап кылып топтолушту. Алгач Кыргыз өкмөтү “Араван районунда абал тынч” деген кыска маалымат берип чектелди. Коомчулукта “413 гектар жер Өзбекстанга өтүп кетти” деген сөздөр айтыла баштаганда өкмөт кеңири маалымат берүүгө аргасыз болду.
Араванда Керкидан суу сактагычынын айланасындагы Кыргызга караштуу 413 гектар аянтындагы жер Өзбекстандын ушундай эле аянттагы жер тилкеси менен алмаштырылганы белгилүү болду. Өзбекстан Ош шаарынан Араван районуна кирип бараткан аймактан жол боюнан жер берген. Эми Өзбекстандын чек ара тилкеси, тартылган зымы жол боюнан артка жылдырылмакчы.
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына таянсак, Керкидан суу сактагычы Кыргыз өлкөсүнүн аймагына 1960-жылдары курулган. Жалпы аянты 1041 гектар. Бул аянт убагында Аравандагы чарбалардын жери болгон, Кыргыз ССРинин Министрлер советинин токтомдору менен суу сактагыч үчүн берилген. Өзбекстан Керкидан суу сактагычынын алдында калган жердин ордуна Кыргыз тарапка башка жактан 1041 гектар жер бермей болгон. 1972-жылы Араван районуна Өзбекстандын Кува районунан 628 гектар жер берилгени айтылат. Калган 413 гектары берилбей калган. 2017-жылы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин Өзбекстан кыргыз тарапка калган 413 гектар жерди берүүнү чечкен. Алар: Араван районундагы Полигон тилкеси (304,3 гектар), Баткен районундагы Кайрак тилкеси (74 гектар), Аксы районундагы Дерес тилкеси (35 гектар).
Бул тилкелер суусуз жана суу тартыш тилкелер экенин эске алганда, Өзбекстан Керкидан суу сактагычын өзүнө өткөрүп алып утту деген пикирлер учурда басымдуу болууда. Эки өлкө ортосунда мындай талаштуу тилкелер көп, алар кантип чечилгени тууралуу элге ачык айтылбай келе жатат. Эки элдин арасындагы конфликттер көбүнчөсү жерге, сууга, жайытка байланыштуу болорун эске алганда, өкмөттүн үн катпай отуруусу көпкө созула албайт. Элдин жерине байланыштуу маалыматты жаап-жашыруу коомчулукта катуу жарылууну жаратышы анык.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg