ОРОЗО КАРМАП КӨРДҮҢҮЗ БЕЛЕ?

Мына, мусулмандар күткөн ыйык Орозо айы да келди. Бул ай – пенделер үчүн дилин тазартууга зор мүмкүнчүлүк берет. Кээ бирөөлөргө жаңы жашоонун эшигин ачат. Ал эми орозо тууралуу таанымал инсандарыбыз эмне дешет?

Адахан Мадумаров,
саясатчы:
– Биринчиден, бардык мусулмандарды ыйык Рамазан айы менен чын жүрөктөн куттуктап кетейин. Туткан орозолору кабыл болуп, жакшылык көп болсун. Ал эми өзүм тууралуу айтсам, алдыда шайлоо турат. Көп сүйлөөгө туура келет. Исламда да шартына каршы орозо кармап кыйналуу – доомат кылуу менен барабар болуп калат. Бирок жаш кезде кармап жүрдүм. Ата-энем дайыма орозо кармашчу эле. Анан таң атпай туруп оозумду бекитип, орозодон бир нерсе күтчүмүн. Азыр болсо балам Динмухаммед менен апасы жыл сайын орозо кармап жүрүшөт.

Сабырбек Жумабеков,
врач-ортопед:
– Адамдын жашоосу өлүм менен өмүрдүн ортосунда турганда, орозо экинчи орунга жылып кетет. Биз, дарыгерлер, өмүрлөрдү сактап калуу менен алпурушабыз. Илдеттен жабыркап турган көп оорулуулар келишет. “Мен орозомду бузбай туруп, кантип дарылана алам?” деп. Арасында “орозомун, мага кан куюуга болбойт” дегендери да бар. Мындай учурда түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Кээде таптакыр эле болбой баратса, “анда өлөсүң” десек чочулап калышат. Жеке өзүмө келсек, орозо кармаган эмесмин. Себеби күндө 6-7 операция жасайм. Шайың ооп, шалдырап турсаң кантип операция жасай аласың?

Динара Акулова,
ырчы:
– Чынын айтсам, өмү­рүмдө бир да жолу орозо кармап көргөн эмесмин. Ушуга чейин кармайын деп ниет кылып эле келем. Бирок ден соолугума байланыштуу убадамды аткара албай жүрөм. Бул бир жагы. Ал эми, экинчиден, кесипке байланыштуу той-топурда, гастролдордо күндөп-түндөп жүрөсүң, ал жерде арак-шарап ичкендер болот. Орозо кармаган соң бардык тартип-эрежелерин сактоо зарыл. Мындай жагдайда орозо кармоонун өзү туура эмес болуп калат.

Улан Молдодосов,
спортчу:
– Спортчулардын көбү орозо кармай алышпайт. Анткени машыккандан кийин сөзсүз түрдө күчтүү тамактануу керек. Анан кээ бирлер орозо кармап алып, кыйналганда оозун ачып салышат. Ушул чоң күнөө деп ойлойм. 2005-жылы Сауд Арабиясында өткөн мелдеште Биз “ирандык спортчулар келбейт го, орозого туш келип калбадыбы” деп ойлогонбуз. Бирок алар мелдешке келишти. Биз кызыккан суроого “атайын муфтийден уруксат алып, орозо кармаган жокпуз” дешкен.

СААРЛЫКТА ООЗДУ БЕКИТҮҮ ДУБАСЫ:
“Навайту ан асуума савма шахри рамадана минал фажри илал магриби, халисан лиллахи тьала, Аллаху акбар”.
Кыргызча мааниси:
“Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн таң аткандан күн батканга чейин Рамазан айынын орозосун кармоого ниет кылдым, Аллаху акбар”.

ИФТАРДА ООЗДУ АЧУУ ДУБАСЫ:
“Аллахумма лака сумту, ва бика ааманту, ва алайка таваккалту, ва алаа ризкика афтарту, фагфирли ма коддамту ва маа аххарту, бирохматика йа архамар роохимиин”.
Кыргызча мааниси:
“Аллахым, өзүң үчүн орозо кармадым, өзүңө чындап ишендим, өзүңө таяндым, өзүң берген ырыскы менен ооз ачуудамын, баштан-аяк кетирген ката, күнөөлөрүмдү кечир”.

Рамазан айынын 26сынан 27сине караган түн – Кадыр түн.
Көрсөтүлгөн убакыттар Бишкек убактысы менен берилди. Ош аймагы 15 мүнөт кийин.

Бахияна Сатылганова
кооm@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kepka
2013-07-13 21:14:20
рахмат керектуу экен.кочуруп алдык.
0
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан