14-сентябрда 2010-жылкы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү президент Сооронбай Жээнбеков менен расмий эмес жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында өтүп, ага Убактылуу өкмөттүн 12 мүчөсү катышты. Жолугушууда өлкөдөгү негизги маселелер талкууланганы айтылды. 2010-жылы түзүлүп, 1,5 жылдай иштеген Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү учурда мамлекеттик кызматта иштебейт. Президенттин алар менен жолугушуусун коомчулук “өлкө башчысынын бардык саясий күчтөр менен сүйлөшүүгө, кызматташууга даяр экендигинин белгиси” деп кабыл алууда. Бул жолугушууга чейин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрүнчө жолугуп, сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Бул кездешүүнү Эмил Каптагаев “Текебаев менен Чотоновдун эркиндикке чыгышынын урматына” деп түшүндүргөн. Эске салсак, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн 14 мүчөсү болгон. Алардын ичинен экөөсү жолугушууга катышкан жок.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg