"КООПСУЗ ШААРДЫН" 2-ЭТАБЫН КЫТАЙ КОМПАНИЯСЫ ИШКЕ АШЫРАТ

Кытайлык “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” компаниясы "Коопсуз шаар" долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча тендерден утуп чыкты. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар мамлекеттик комитети билдирди.

Тендер быйыл 8-майда жарыяланып, сынакка 3 компания катышкан. Долбоордун 1-этабын ишке ашырып жаткан орусиялык “Вега” компаниясы 2-этапты ишке ашыруу үчүн 4 миллиард 802 миллион 338 миң 446 сом, дагы бир орусиялык "БИС" ишканасы 5 миллиард 67 миллион 794 миң 340 сом сунуштаган. Жеңүүчү аталган “Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd” ишканасы — 2 миллиард 654 миллион 558 миң 940 сом сунуштаганы айтылат.

Тендердик комиссия өз чечимин бул ишкананын сунуштаган баасы арзан жана документтери сынактын талабына туура келет деп түшүндүрдү. Ал эми "Веганын" тапшырган документтери кабыл алынган эмес. Анткени компания Мамлекеттик салык кызматы менен Социалдык фондго карызынын жоктугу тууралуу маалым кат тапшырган эмес. Долбоордун 2-этабы жалпы республиканы камтып, көчөлөргө 306 камера орнотулат.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан