17-сентябрда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) президенти Шейх Салман бин Ибрагим Аль Халифа Кыргыз өлкөсүнө келди. Ал биздин өлкөдө 19-сентябрга чейин болот. АФК президенти иш сапарынын алкагында Кыргыз футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов менен жолукту. Алар биргеликте өлкөдөгү футболдун абалы, келечеги жана келечекте конфедерация менен кызматташуу маселелери боюнча сүйлөшүштү. Тактап айтканда, эки тарап АФКнын бир катар программаларын жана долбоорлорун ишке ашырууну талкуулашты.
Мындан тышкары Шейх Салман бин
Ибрагим Аль Халифа президент Сооронбай Жээнбеков менен расмий жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу учурунда алар футболдун деңгээли, келечектеги пландар жана кызматташтыкты арттыруу жөнүндө сөз кылышты. Ал эми Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов өлкө башчыга АФК менен Эл аралык футбол федерациясынын жардамы аркылуу Бишкек менен Ысык-Көлгө курула турган футбол борборлорунун дизайн-долбоорлору менен тааныштырды. Бул борборлор мамлекет тарабынан бөлүнгөн жер тилкеге салынары пландалууда.
Эскерте кетсек, Кыргыз өлкөсү 1994-жылдан бери АФКга мүчө. 25 жыл аралыгында ал уюмдун көмөгү менен өлкөдө футболду өнүктүрүүгө багытталган көптөгөн программалар ишке ашып келет.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg