БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ 190 АВАРИЯЛЫК АБАЛДАГЫ МЕКТЕП БАР...

  • Кыргыз Республикасынын Катардагы элчиси болуп Чыңгыз Эшимбеков дайындалды.
  • Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 50 миллион доллар грант берет. Акча дыйкандарды колдоого жумшалмакчы.
  • 2020-жылы Бишкектин түндүк жана түштүк аймагында бирден сейил бак ачылары айтылды.
  • Өлкөдө учурда 190 авариялык абалдагы мектеп бар.
  • “Манас” аэропортунан баасы 500 миң долларлык кымбат баалуу ташты мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалды.
  • Муктар Жумалиев Кыргыз өлкөсүнүн Люксембургдагы элчиси, Түндүк Атлантика келишим уюмундагы (НАТО) туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
  • Президент Сооронбай Жээнбеков: "Кыргызстанга латын алфавитине өтүүнүн кажети жок".
  • Энергетика маселелери боюнча эксперт Эрнест Карыбеков абактан жатак абакка которулду.
  • Кыргызстанга ушул жылдын 6 айында чет өлкөдөн 393 миллион долларлык түз инвестиция келген.
  • 2018-жылы Кыргыз өлкөсүндө 239 адам экстремизмге күнөөлүү деп, анын 176сы шарттуу түрдө соттолгон. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан