ЛИДЕРЛЕРДИН АДАТТАРЫ. КОЛ ЖАҢСООЛОР ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Психологияга таянсак, кол жаңсоолор адамдын чыныгы эмоциясын жана сезимдерин чагылдырат. Анткени алар атайын эмес, эрктен тыш жасалчу кыймылдар. Аларды көзөмөлдөөгө да мүмкүн эмес. Мисалы, бир адам бизди ишендирип сүйлөп жатса, анын кол шилтемдери "алдап жатат" деген маалымат бере алат. Көпчүлүк саясий лидерлер такай колдонгон адаттар, кол жаңсоолор бар. Алар эмнени түшүндүрөрүн профайлер-верификатор адиси, милициянын отставкадагы подполковниги Арсланбек Камчыбековдун жардамы менен чечмелеп көрдүк.

ТРАМП КОЛУН ҮЧ БУРЧТУУ КАРМАЙТ

АКШнын президенти Дональд Трамп 2 түрдүү кол кыймылын көп колдонот. 1) Эки колун конус же пирамиданын учу (3 бурчтук форма) сыяктуу көрсөтүп кармоосу. Бул “өзүнө жана сүйлөшүүлөр учурунда өз позициясына ишенүү”, ошондой эле “өзүн тынчтыкты, бейкуттукту сүйгөн адамдай кылып көрсөтүү” деген маанини берет.

2) Трамптын учурашууда жанындагы адамдын колун күч менен өзүнө карай тарткан адатын көрүп эле жүрөбүз. Бул – жанындагы адамга психологиялык жактан басым жасоо, адамды эркин багынтууга, өз үстөмдүгүн сездирүүгө болгон аракети.

ЛУКАШЕНКО МАНЖАЛАРЫН БЕКИТЕТ

Беларусь президенти Александр Лукашенконун бир колунун манжаларын костюмунун ичине катып алмай адаты бар. Мындай абалы “каалаган убакта жооп берүүгө даярмын” дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле “өзүн көзөмөлдөөгө аракет” деген маанини да берет. Муштум түйүү – агрессивдүүлүктүн белгиси. “Күч менен чечүүгө умтулуу” маанайын билдирет.

ПУТИН БАШ БАРМАГЫН КАТАТ

Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин көбүнчө баш бармагын катып жүрөт.

Баш бармак—башка манжалардан бөлүнүп, артыкча болуп турат. Ушундан улам ал артыкчылыкты жана бийликти түшүндүрөт. Эгер адам баш бармагын башка манжаларына катып алса, анда ал адам өзүнүн артыкчылыгын, үстөмдүгүн ачык көрсөткүсү келбегендиги. Иш боюнча гана сүйлөшүп, туура чечим чыгара билген адамдарга таандык адат.

ЖУМАБЕКОВ МАНЖАЛАРЫН КАЙЧЫЛАШТЫРАТ

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековдун расмий жолугушууларына баам салсаңыз, анын кол кыймылдары көбүнчө 3 түрдүү болоруна көзүңүз түшөт.

1)Манжаларды бири-бирине кайчылаштырып отуруу – өзүн коргоого, эмоциясын жана өзүн көзөмөлгө алууга аракет кылуу. Ошондой эле “жашырынуу аракети”.

2)Бир колду экинчи колдун үстүнө коюп отуруу – адамдын өзүн токтоо, тең салмактуу көрсөтүү далалаты.

3)Манжалардын учун бири-бирине тийгизип кармоо – өзүн ишенимдүү көрсөткүсү келгендик.

ТЕКЕБАЕВ СӨӨМӨЙҮН КӨП КЕЗЕЙТ

Белгилүү саясатчы, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев көбүнчөсү 2 түрдүүчө кол жаңсайт.

Сөөмөйдү көрсөтүп сүйлөө – үйрөтүүчү, көрсөтүүчү, түшүндүрүүчү кол шилтемдердин типологиясына кирет.

Алаканын каршылаш тарапка көрсөткөн токтотуучу кол шилтем – бир нерсени кабыл албоочулук, айтылган пикирге макул эместик, токтотуу аракетин көрүү.

АТАМБАЕВ КОЛУН ООЗУНА КАРМАЙТ

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин такай кезиккен 3 түрдүү кыймыл-аракети көзгө урунат.

1)Оозду кармануу, оозду кол менен тосуу – сөз болуп жаткан маселенин жообун билгендик, бирок өзүн карманганга, айтып жибербөөгө аракет кылуу. Бул кыймыл ошондой эле ойлогонду эмес, башка нерсени айтып жибербөө үчүн колдонулат.

2) Эки кол менен жаакты таянуу – стресстик абал, өзүн токтоо кармоого аракет.

3) Колу менен ээкти таянып, бирок ошол кезде көз караш, сөөмөй ылдый көздөй багытталса, анда өзү менен өзү диалог куруу, өз ичинен туура эместикти моюнга алуу.

БАБАНОВ АЛАКАНЫН ЖАЙЫП СҮЙЛӨШӨТ

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов өзгөчө кол жаңсоолорго бай. Негизги 2 кол жаңсоосуна токтололу.

Эки колду эки жакка кенен ачып сүйлөө – ачык диалогго чакыруу.

Эки колду кырынан түз кармап сүйлөө – бир нерсени, мисалы, сунуштарды, пландарды, ой-пикирлерди бир калыпка, тартипке келтирүүгө аракет.

МАДУМАРОВ МУШТУМ ТҮЙӨТ

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров сүйлөп жатканда колдорун түрдүүчө жаңсап сүйлөйт. Көбүнчө сөөмөйдү көрсөтүп сүйлөп, муштум түйүп алган адатты көп колдонот. Муштум – агрессия. Мадумаров көп колдонгон сөздөрдүн бири – "Өлкөгө темирдей тартип керек".

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
arno2008
2019-09-23 09:54:15
А сүйүктүү президентибиз Сооронбай Шариповичтин да колун жазып койсоңор болмок.Акаевтин,Бакиеевтин да.
-8
metsenat
2019-09-23 12:19:23
спикерге не бар дейм да
+9
Aimani
2019-09-23 21:23:08
Атамбаев колу менен оозун жаппай калганда "балп" эттирип жиберчү окшойт.
+2
Gul_gulum
2019-09-24 15:17:19
Ушул козу ачыктык создордун баары караандай калп болгону адат болуп калган да эми ошону да тим эле койбой чечмелеп
+5
Alia82
2019-09-24 18:50:21
Мен кобунчо АШАга окшоп отурат экем )
Учоо тен окшош тооба
+2
admin_portal
2019-09-27 10:21:38
Avrora2017, коомдук адепти сактаңыз. Эскертүү!
-2
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан