ГҮЛНУР АСАНОВАНЫН БУЛБУЛ ҮНҮ ЕВРОПАДА ЖАҢЫРДЫ

Ырчы Гүлнур Асанова жана телеалпаруучу Нурзат Токтосунова учурда Бельгия менен Германияда өткөрүлүп жаткан маданий иш-чарага катышууда. Европага болгон сапары тууралуу Гүлнур Асанова мындай дейт:

– Негизи чыгармачылык кече Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата уюштурулган. Мындай иш-чараны өткөрүүнү Кыргыз-Герман фонду сунуштаган. 17-сентябрь күнү Кыргызстандын Бельгиядагы элчисинин колдоосу менен элчиликтин резиденциясында уюштурулган кечебиз көңүлдөгүдөй өттү. 1 сааттай комуз чертип, комуздун коштоосунда жандуу үн менен ырдадым. Кечеге 300дөн ашык конок, Кыргызстандын Европадагы элчилери келишти. Алар кыргыздын музыкасы жана сүрөт көргөзмөсү менен таанышып, мекенге болгон сагынычтарын таратып кетишти. Буюрса, 22-сентябрда кечебиз Германияда уланат.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ainura220888
2019-09-23 11:07:19
Европада уну жанырды десе прям европалыктар кирген концертный залда ырдаптыр депмин. Озубуздун кыргыздарга эле ырдаптырго
+2
Gul_gulum
2019-09-24 15:41:31
ainura220888, мен да ошондой элестетип алыпмынго
+1
TemkaAsel
2019-09-29 12:31:32
Ушу Гулнур жакшы ырдайт таланты бар ,тойлорго барбайт кийген кийимдери кыргызстандын эн алдынкы дизайнерлеоден кийинет арзан дегенде эле 200000сом деп озу айткан, апасынын айтуусу боюнча Гулнур каржылайт экен, акыркы улгудогу машиналар дегендей? . Саламат Садыкова Гулнурдан даражасы да талантты да бийик бирок Финансы жактан ортомун ашып кеткен жерим жок деп акыркы интервьюсунда айтты.
Эми суроом да кайдан табат мынча акчаны же спонсорлору кучтуубу
0
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан