АКТРИСА ГҮЛСИНА ЧОТОНОВА ЫРЧЫЛЫККА КИРИШТИ

Эл арасында “Карагыз” атка конгон актриса Гүлсина Чотонованын эми ырчылык талантына күбө болобуз. Актриса бала кездеги кыялы орундалып, кумир туткан ырчысы Расул Маматкулов менен дуэт аткарганын айтат.

– Кичинекей кезимде Расул байке ар кандай музыкалык фестивалдарга катышкан популярдуу ырчы болчу, биз анын ырларын угуп чоңойдук. Кийин мен актриса болуп, анан да теле жаатында иштеп калганымда Расул байкенин үй-бүлөсү менен таанышып, катышып калдык. Бир жолу ага “жакшы ырыңыз болсо мага бериңизчи, өзүм үчүн ырдап көрөйүн” десем макул болгон. Өткөндө “жаңы ыр жаздырдым. Угуп көрчү, жакса ырда” деп калды. Угуп жактырып, экөөбүз дуэт кылалы деп чечтик. Ыр даяр болгондо Расул байке “Элге жаңы ырды сунуштап көрбөйлүбү?” деп калды. Ошентип, жаңы ырыбыз жарыкка чыкты.

Ырчылык деле искусствонун бир бөлүгү эмеспи. Бала кезден ырдаганга кызыкчумун, андыктан “баштагандан кийин таштаба” дегендей, өзүмдү бул жааттан сынап көрөйүн деп жатам. Учурдан пайдаланып жаңы ырдап жатканымды эске алып, катуу сындабай эле койгулачы деп элден сурана кетейин (күлүп).

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
karona12
2019-09-23 13:45:09
Актрисасы деле ырчы,тамадасы деле ырчы,тамашочусу деле ырчы.
0
yalegenda
2019-09-23 16:24:05
Ийгилик эжеке! !!
+2
bond02
2019-09-25 18:02:54
Колундан эч нерсе келбесе ырчылыкка аттан.
+1
HHFRU
2019-09-27 16:34:27
bond02, кандайча колунан эч нерсе келбейт? Мыкты актриса, таланттуу телекызматкери. Жөн эле сындай бербей, кичине чыгармачылыгын талдап анан жазсаңар.
+2
HHFRU
2019-09-27 16:30:42
"Талантливые люди- талантливы во всем"-деп жөн жерден айтылбаса керек. Мага аябай жакты ырдаганыңыз. Дагы жаңы ырлардан күтөм! Ийгилик каалайм.
+2
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан